КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2025-жылдын 19-июну ПЖ № 184
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу "Е-Дипломат" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө
Тышкы миграция чөйрөсүндө мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу, уруксат берүү чөйрөсүндө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жогорулатуу, ошондой эле виза жана миграция маселелерине комплекстүү мамилени камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 26-беренесин, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу "Е-Дипломат" мамлекеттик мекемесин (мындан ары - мамлекеттик мекеме) түзүү зарыл деп эсептелсин.
2. Бул Жарлыкты ишке ашыруу мамлекеттик мекеменин кызматкерлеринин эмгек акысы боюнча чыгымдарды кошкондо, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин атайын эсебинин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бир айлык мөөнөттө:
1) өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин;
2) Мамлекеттик мекеме жөнүндө жобону жана мамлекеттик мекеменин штаттык санын иштеп чыксын жана бекитсин;
3) Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин штаттык санын 40 бирдикке көбөйтүү боюнча чараларды көрсүн;
4) ушул Жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
4. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 20-июнундагы № 45 (3701) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
С.Н. Жапаров |