Редакцияот 09.04.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Орозбеков айылдык кеңешинин кезектеги алтынчы сессиясы

 

2025-жылдын 9-апрели № 23

Орозбеков айыл аймагын 2025-2027-жылдарга карата социалдык -экономикалык өнүктүрүү  программасын  бекитүү жөнүндө

     Күн тартибиндеги маселени карап, Орозбеков айыл өкмөт башчысынын орун басары А. Акматовдун баяндамсын угуп  жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 88-беренесинин 2-пунктуна,  Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 3-пунктуна негиз  Орозбеков  айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:

  1. Орозбеков айыл аймагын 2025-2027-жылдарга карата социалдык -экономикалык өнүктүрүү  программасы  1- тиркемеге ылайык бекитилсин.
  2. Бекитилген программадагы иш-чаралардын аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы бюджет жана финансылык маселелери  боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

 

 

 

Төрага

К.Каримов

 

 

 

Орозбеков айылдык аймагынын 2025-2027 -жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы

 

1-БӨЛҮМ. АЙМАКТЫН ЖАЛПЫ МҮНӨЗДӨМӨСҮ

 

 

Географиялык абалы

      Орозбеков айыл аймагы Баткен облусунун  Кадамжай районунун түштүк-батыш бөлүгүндө жайгашып, түндүк-батыш тарабынан Исхак-Полотхан айыл аймагы жана  Айдаркен шаары менен, түштүк-чыгыштан Кадамжай шаары, ал эми чыгыш тарабынан Өзбек Республикасынын “Шахимардан анклавы” менен чектешет. 

Айыл аймагынын аймактын борбору -Учкун айылы. Айыл аймагы республиканын борборунан -840 км.,  облустук борбордон -105  км. аралыкта жайгашкан. Орозбеков айыл аймагы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 токтомуна негиз,  административдик –аймактык реформанын алкагында Көтөрмө жана Орозбеков айыл өкмөттөрүнүн биригүүсүнөн  кайрадан уюшулган.

Жалпы аянты (га)

121 293  ч.м.

Ландшафт жана жаратылыш шарттары

Орозбеков айыл аймагы тоолуу аймак, деңиз деңгээлинен 1000-1200 метр бийиктикте жайгашкан. Кескин континенттик климат айыл чарбасынын өнүгүшүнө олуттуу таасирин тийгизет. Кыш мезгили 3-5 айга созулат жана тоолуу айылдар катуу кар менен коштолот, минималдуу төмөнкү температура -18-20оС, жай мезгилинде температура +35-38 оС чейин жетиши мүмкүн. Жайында орточо температура 25-35 оС, кышындасы -5-0оС

АА калкы (адам), аялдардын саны:

Анын ичинде (айылдарда):

Калктын саны:-25 539,  анын ичинен: эркектер-12759, аялдар- 12 780  

Учкун  айылы (АА борбору)

1390

Орозбеков

3626

Күлдү

5433

Кош-Дөбө

1064

Кудук

1643

Өндүрүш

864

Сары-Талаа

381

Кызыл-Булак

2281

Ак-Кыя

1207

Гайрат

1610

Жалгыз-Булак

521

Кароот

652

Кара-Шоро

209

Кескен-Таш

1682

Көтөрмө

755

Лаңгар

939

Тамаша

1282

СЭӨПнын максаты

     Бул Программанын негизги максаты-2025-2027-жылдарда Орозбеков айыл аймагынын бардык тармактарын жана калкынын жашоо шартын жакшыртуу, анын ичинде, азыр жашап жаткан жана келечек муундардын экономикалык, социалдык жана экологиялык бакубаттуулугуна жетишүү.

      Орозбеков айыл аймагынын экономикасы мал чарбачылыгына, өсүмдүк өстүрүүчүлүккө жана туризмге багытталган.

     Айыл аймагында инновациялык ыкмаларды колдонуу менен чакан жана орто бизнес ишканалары ачылууда, жеке ишкерлер экологиялык жактан таза айыл чарба өндүрүшүн, жогорку өнүккөн тиричилик инфрастуктурасын өнүктүрүшүүдө.

Ушул СЭӨПда каралган тапшырмалардын аткарылышынын натыйжасында, социалдык жана коммуналдык инфраструктура жакшырат, элет жергеси, калктын бардык катмарынын, анын ичинде: балдардын, жалгыз бой энелердин, улгайган адамдардын, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жашоосу үчүн  түзүлгөн бардык шарттар  ыңгайлуу, жагымдуу жана коопсуз болууга тийиш. Айылдык аймактын калкы таза суу жана коммуникациялар менен камсыз болуп, билим берүү, маданият, спорт, саламаттыкты сактоо, санитария, көрктөндүрүү, жашылдандыруу тармактарында кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты оңолот. Ички жолдор жана көпүрөлөр калыбына келтирилип, көчөлөргө түнкү жарыткычтар орнотулат.

 

 

2-БӨЛҮМ. КАЛК

 

 

2.1. (таблица) Калк жана эмгек ресурстары

 

Категория

факт

күтүлгөн.

Прогноз

2022 ж.

2023 ж.

2024 ж.

2025 ж.

2026 ж

2027 ж

2028ж

2029ж

Жыл башындагы туруктуу калктын саны(адам)

24765

24987

25215

25539

25889

26178

 

 

Өсүш темпи %

 

2%

2%

3%

4%

5%

 

 

Анын ичинде аялдар

7850

8000

8120

8250

8350

8500

 

 

Жыл башындагы эмгекке жарамдуу курактагы туруктуу калктын саны, (адам)

9035

9128

8030

8131

8234

8338

 

 

Өсүш темпи(%)

 

1%

-2%

1%

1%

1%

 

 

анын ичинде аялдар

4638

4749

4851

4949

5038

5142

 

 

Экономикалык ишмердиктин түрлөрү боюнча иштеген калктын саны(адам):

7723

7837

7914

8058

8257

8470

 

 

Айыл чарба (өтө чоң көрсөткүч)

6966

7066

7120

7204

7333

7464

 

 

Өнөр жай:

0

0

0

0

0

0

 

 

Иштетүүчү

0

0

0

0

0

0

 

 

Электр энергиясы

0

0

0

0

0

0

 

 

Курулуш

82

85

89

105

124

146

 

 

Соода

110

115

120

141

166

195

 

 

Транспорт жана байланыш

95

96

100

118

139

164

 

 

Башка кызматтар

470

475

485

490

495

501

 

 

Калдыктарды кайра иштетүү

0 

0 

0

0 

0 

0

 

 

Жумушсуздардын саны(адам):(Эмгекке жарамдуу иштеген калктын айырмасына туура келбей жатат)

2078

2120

2163

2207

2251

2297

 

 

Өсүү темпи

2%

2%

2%

2%

2%

2%

 

 

Анын ичинде аялдар

1078 

1120 

1136

1217

1223 

1245

 

 

Жакырчылыктын эң төмөнкү чегинде турган калктын саны(адам)

1016

996

975

923

908

861

 

 

Өсүү темпи

2%

2%

1%

1%

0,8%

0,6%

 

 

Миграцияланган эмгекке жарамдуу калктын саны(эл аралык миграция боюнча кеткендер, адам)

3200

2980

2500

2323

2013

1989

 

 

Өсүү темпи (%)

3%

2,8%

2,5%

2%

1,5%

1 %

 

 

 

2.2. Эмгекке жарамдуу калктын өсүшүн, иш менен камсыз кылуу жана эмгек миграциясы маселелерин талдоо

 

Айыл аймагынын калкынын саны 2024-жылдын1-январына карата   25 498 адамды түзсө, 2025- жылдын 1-январына карата  25 539 адамды түзгөн. АТРдин   алкагында Орозбеков жана Көтөрмө айыл аймактарынын калкынын биригүүсүнөн , калктын саны 41 адамга көбөйгөн. Калктын азаюсунун бир себеби, 2022-2023-жылдардагы санарип аймактын ишке кирүүсү менен калктын саны так аныкталган жана ички сырткы миграциянын эсебинен көбөйгөн. Болжол менен табигый жол аркылуу калктын өсүшү 1,73  % дан өсөөрү күтүлүүдө.

Эмгекке жарамдуу калктын саны 13590 адамды түзөт. Экономиканы өнүктүрүүгө багытталган программа- жаштардын сыртка агылышын олуттуу кыскартууга жана эмгекке жарамдуу калктын кыйла олуттуу өсүшүнө алып келиши мүмкүн .

Орозбеков  айыл аймагында 2022-жылы жалпы эмгекке жарамдуу калктын иш менен камсыз болушу ( 1477 адам) 5,7 %ды түздү . Бул кыйла жогору көрсөткүч жана болжолдуу эсептөөлөр боюнча ал азайбайт, ал тургай өсүүнү көрсөтөт. Иш менен камсыз кылууда эң чоң үлүштү айыл чарбасы ээлейт – кызматкерлердин жалпы санынын 80% ы (2024-ж. 10125 адам). Өнөр жай, соода жана курулуш сыяктуу ишмердүүлүктүн башка тармактары кызматкерлердин жалпы санынын ____% дан ашпаган үлүшүн көрсөтүү менен кыйла артта калууда. Бул Орозбеков айыл  аймагынын жана бүтүндөй региондун экономикасы айыл чарбага багытталганы  менен түшүндүрүлөт. Өнөр жай менен алектенген калктын саны Орозбеков,Күлдү,Кызыл-Булак айылдарында тигүүчү цехтин ишке кириши менен  75 адам иш менен камсыз  болгон. 2026-2027-жылдарга чейин ачыла турган чакан ГЭСтин негизинде 160   адам иш менен камсыз болуусу күтүлүүдө.

Жумушсуздардын саны 2024-жылы 240 адамды, анын ичинен: аялдар 200 адамды түздү. Бул көрсөткүч 2023-жылга салыштырмалуу 43 адамга азайды, себеби, жеке ишкердик менен алектенген чакан ишканалар- 20, кийим тигүүчү кичи цехтер -4, кара өрүктү кургатуучу  1 цех ачылып, ишмердүүлүгүн баштаган.

2027-жылга чейин болжолдоодо жумушсуздардын саны кескин кыскарбайт. Ошол эле учурда өнөр жай өндүрүшүнүн жана чакан бизнестин начар өнүгүшүнөн улам жумушсуздуктун өсүшүнүн олуттуу тобокелдиктери бар, ошондуктан, СЭӨПтүн  экономиканы өнүктүрүү жана инклюзивдик өсүү бөлүмдөрүндөгү саясаты калкты көбүрөөк иш менен камсыз кылуу боюнча чараларды камтыйт. Анын ичинде, айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү ишканаларды жана фабрикаларды куруу, ошондой эле ишкердикти өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү ниеттери бар. АА аймагынын мейкиндик өзгөчөлүктөрүн караган бөлүмүндө жаңы өнөр жай зоналарын түзүү (жер участокторун өнөр жай жерлерине айландыруу аркылуу) каралган.

Миграцияланган эмгекке жарамдуу калктын саны 2024-жылга карата 2340  адамды түздү. Бул республиканын башка региондорунун көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу  өтө аз сан. Ал эми болжолдоодо мындай кичинекей көрсөткүчтүн да азайышы каралганы менен, жаштар үчүн келечектүү жумуш орундарынын жоктугунан, ошондой эле ички миграциянын күчөшүнөн мүмкүн болуучу тобокелдиктерин эске алуу зарыл. Жаштар экономикада үстөмдүк кылган айыл чарба тармагында иштеши керек.

СЭӨП калкты иш менен камсыз кылуу боюнча чараларды ишке ашырууну карайт:

-        жаштарга ар кандай тренингдерди жана билим берүү курстарын табууга жана бүтүрүүгө көмөк көрсөтүү;

-        үйдө отурган аялдарды жана кыздарды бала бакчаларга жана тигүү цехтерине жумушка тартууга жардам берүү;

-        бизнес ачууда калкка жардам көрсөтүү;

-        аярлуу катмарларга социалдык кайтарымсыз көмөк көрсөтүү.

Корутундулар жана сунуштар:

Ø  Калктын жалпы санынын өсүшү анча деле чоң эмес – жылына 5%, ал калктын табигый өсүшү жана табигый азайышы менен гана жөнгө салынат.

Ø  Эмгекке жарамдуу калктын жалпы санын да иштеген калктын үлүшү кыйла жогору – 6% жана өсөт.Калктын көбү айыл чарбасында 80% иштейт .

Ø  Жумушсуздуктун деңгээли төмөн – эмгекке жарамдуу калктын 53,2 % .

Ø  Миграцияланган эмгекке жарамдуу калктын саны республиканын башка аймактарына салыштырмалуу өтө аз.

Жогорку иш менен камсыз кылуу мындан ары экономиканы: айыл чарбасынын басымдуу секторун жана али начар өнүккөн өнөр жайды өнүктүрүүгө негизделет.

 

 

3-БӨЛҮМ. КЫЗМАТТАР ЖАНА ЖЕРГИЛИКТҮҮ ИНФРАСТРУКТУРА

 

 

3.1. (таблица) Кызматтар жана жергиликтүү инфраструктура

 

Категория

факт

күтүлгөн.

Прогноз

2022 ж.

2023 ж.

2024 ж.

2025 ж.

2026 ж.

2027 ж.

2028ж.

2029ж

Ичүүчү сууга жеткиликтүүлүк (%)

25

20

20

40

48

56

 

 

Кожолуктарды катуу тиричилик калдыктары (КТК)ташып чыгаруу менен камтуу (%)

25

25

40

50

60

65

 

 

Ички жолдордун жалпы узундугунан канааттандырарлык абалдагы асфальтталган ички жолдордун үлүшү (%)

0

0

0

5

0

5%

 

 

Көчөлөрдүн жалпы санынан жарыктандырылган көчөлөрдүн үлүшү (%)

20

25

27

30

35

50

 

 

Спорттук секцияларга тартылган жарандардын саны (адам)

80

120

150

160

180

200

 

 

Маданият чөйрөсүндөгү ийримге катышкан жарандардын саны (адам)

15

20

25

30

35

40

 

 

Балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтуу (%)

19

19

19

27

31

36

 

 

Балдарды мектептик билим менен камтуу (%)

100

100

100

100

100

100

 

 

Медициналык персонал менен камсыздоо деңгээли (адам)

58

58

60

60

65

65

 

 

Калктын турак жай менен камсыз болушу (бир тургунга жалпы аянттын кв. м)

800

800 

1200

1200

1200

1200

 

 

(башка көрсөткүчтөр)

 

 

 

 

 

 

 

 

 

3.2. Учурдагы кырдаалды анализдөө

 

Орозбеков айылаймагында 17 айыл бар. Мунун ичинен азыркы күнгө карата Орозбеков , Күлдү, Тамаша жана Көтөрмө айылдары ичүүчү таза суу менен камсыздалган.Ак-Кыя,Кескен-Таш, Гайрат,Кызыл-Булак, Лангар,Кудук, Өндүрүш, Сары-Талаа айылдарына ичүүчү таза суу тартуу үчүн айыл өкмөтү тарабынан АГЗ даярдалып жатат.

Калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу :2024-жылга карата калктын 30% гана ичүүчү таза суу менен камсыз болгон, бул төмөнкү көйгөйлөр менен шартталган:

-        суу түтүктөрү эскирип, жараксыз абалга келген;

-        жаңы конуштарга кошумча суу түтүктөрү тартылган эмес;

-        айыл тургундары тиричилик жана ичүүчү суу менен жер астындагы кудуктардан алуу жолу менен камсыздалат;

-        ичүүчү суу менен камсыздоонун тарифтик саясаты бекитилген,бирок калк көбүнчө таза суу үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөбөй келет;

-        айылдарга таза суу түтүктөрүн тартып келүү Өзбек Республикасынын “Шахимардан анклавы” аркылуу өткөндүктөн, бул маселе  мамлекеттик денгээлдеги сүйлөшүүлөр аркылуу чечилүүсү керек.

           АА калкынын 65% ын суу менен камсыз кылуу 2027-жылга пландаштырылууда.

 

Үй чарбаларынан катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу көйгөй болуп саналат жана 2024-жылы 10% деңгээлинде гана күтүлөт.

Орозбеков  айыл аймагында 5233  кожолук бар. Айыл өкмөтүнүн алдында “Орозбеков” муниципалдык ишканасы түзүлүп, каттоодон өткөн, ишканада 11 адам эмгектенет. Ишкана  КТКны чогултуу жана ташып чыгаруу кызматын аткарат. Бирок, ишкана бардык үй-чарбалары менен толук келишим түзүп бүтө элек. Муниципалдык ишкананын материалдык техникалык базасы толукталбаган. 2025-жылдан тартып муниципалдык ишканага толук кандуу иштөө тапшырмасын берүү пландалууда.

АА боюнча таштандыларды сортточу борбор жок.

Натыйжада , бул кызмат төмөнкү көйгөйлөр менен коштолот:

-        Таштандылардын көп бөлүгү  сорттолбойт же жок кылынбайт, бул таштанды полигонун башкарууга мүмкүн болбогон башаламандыкка алып келет;

-        АТРге байланыштуу бардык факторлорду эске алуу менен тарифтердин такталбагандыгы;

-        Төлөмдөрдүн өз убагында чогулбагандыгы;

-        Сорттоп чогултуу практикасынын кеңири жайылтылбагандыгы;

-        Аяр катмарларга субсидияны кайрадан карап чыгуу зарылдыгы;

-        Таштанды таштоочу контейнерлеринин жетишсиздиги;

-        Таштандыларды чогултуу үчүн жумушчулардын жетишсиздиги;

-        Таштандыларды кайра иштетүүчү жабдуулардын жетишсиздиги;

-        Таштанды чыгаруучу атайын техникалардын жетишсиздиги;

-        Төлөмдөрдүн өз убагында чогулбагандыгы.

2027-жылга карата кызмат көрсөтүүнү 65% га чейин жогорулатуу каралган.

Ички жолдордун абалы: Айыл аймагындагы жалпы ички жолдордун узундугу  115 км түзөт. 1 км. 630 метр ички жол асфальтталган, калганы негизинен шагыл жол. Жыл сайын 20-30 км. жол жергиликтүү бюджеттин эсебинен тегизделип,  оңдоодон өткөрүлөт. 2025-жылы Учкун айылынын Кыргызстан 60-жылдык көчөсүнүн 400 метр аралыгына асфальт төшөө пландалган. Ички жолдорду асфальттоо боюнча Кош-Дөбө жана Кудук айылынын Гараж участкасынын  жолунун 5км. аралыгын , Сары-Талаа- -Кара-Шоро-Дугаба автомобиль жолдорунун 32 км. аралыгын , Учкун-Лангар ички жолунун 3,2 км.аралыгын асфальтоону  республикалык бюджеттен суроо пландалууда.

ААнын жол тармагы төмөнкүдөй көйгөйлөргө туш болууда:

-        АА аймагындагы ички жолдорду асфальттоого каражат жетишсиз;

-        Ички жолдор тарып кеткен, жөо жүргүнчүлөр басуучу тротуарлар жок;

-        Керектүү сандагы жол белгилеринин жоктугу;

-        Кээ бир үй чарбаларында үй, тосмо же дубал тротуар линиясына чейин созулат;

-        Гайрат, Орозбеков айылдарындагы жолдордун кээ бир жерлеринде сел өтмөктөрүнүн жоктугу.

Коомдук жайларды, көчөлөрдү жарыктандыруу менен камтуу 2024-жылы 45% түздү. Жарыктандыруу маселесин чечүү каражаттын жетишсиздиги жана ААнын калкы тарабынан уюштурулган демилгелердин жоктугу менен мүнөздөлөт.Бул маселе жашоочуларга ыңгайсыздык жаратып, коопсуздугуна шек келтирет.

2027-жылга карата бул багыт боюнча көрсөткүчтү 100% га чейин жогорулатуу күтүлүүдө .

Диаграммада жогоруда сүрөттөлгөн көрсөткүчтөрдүн иш жүзүндөгү жана болжолдуу динамикасы көрсөтүлгөн:

Орозбеков айыл аймагынын  жергиликтүү инфраструктурасынын көрсөткүчтөрү:

Спорт:Жалпысынан 2024-жылга карата ар кандай  спорттук секцияларга катышкан адамдардын саны -425.  Айрым мектептерде волейбол, күрөш жана шахмат секциялары бар. Бирок, 2027-жылга карата спорттук машыгууну жайылтуу жана өнүктүрүү максатында олуттуу иш-чараларды алып баруу менен 750 адамга жеткирүү пландаштырылат. Азыркы күндө мини футбол боюнча Орозбеков, Учкун жана Кызыл-Булак  айылында  спорттук аянтча ачылып, жаштардын футболго кызыгуусу артууда. Кызыл-Булак айылындагы  спорт комплексинин курулушун бүтүрүү пландалууда.Спорттук секцияларды ачуу, жаштарды сергек жашоого тарбиялоо айыл өкмөтүнүн негизги приоритеттеринин бири.

Спортка байланышкан көйгөйлөр:

-        айыл жеринде балдар, кыздар, жаштар үчүн спорттук секциялар уюштурулган эмес;

-        атайын жайлар жана кесипкөй тренерлер, спорттук инвентарлар жок;

-        аялдар жана кыз-келиндердин саламаттыгы жана ар кандай оорулардан алыс болуу үчүн машыгууларына спорт залдарда шарттардын жоктугу;

-        спорттун түрлөрү боюнча майрамдарда мелдештер уюштурулат, бирок жетишсиз.

 

Маданият: Орозбеков айыл  айылында маданият үйү жок. Азыркы күндө Маданият үйүнүн ПСД документтери даярдалып  жатат.  Аймакта 3 китепкана бар. Бирок, талапка жооп берген китепкана жок. Китептер эски жана саны аз. Айыл айылында китепкананын  жоктугунан,  айыл өкмөтүнүн имаратында убактылуу иштеп жатат.

-        Келечек муундарга адеп-ахлак жана кыргыз элинин тарыхы,  үрп-адаттарын сактоо боюнча иш-чаралардын жеткиликтүү уюшулбагандыгы;

-        Маданий секциялардын жана ийримдердин жоктугу;

-        Музыкалык аспаптардын жана атайын кийимдердин жоктугу;

-        Калктын, анын ичинде жаштардын маданий иш- чараларга катышпагандыгы;

-        Китепканаларда жаңы инновациялык технологиялардын пайдаланылбагандыгы.

 

Мектепке чейинки  билим берүүнү өнүктүрүү тармагы: Орозбеков айыл аймагында  7 МЧББ  иштейт. Бала бакчалар мектепке чейинки курактагы  балдардын 26% камсыздайт. Кескен-Таш,Өндүрүш,Кудук  айылындарына жаңы бала бакча куруу үчүн жер аянты ажыратылып, керектүү иш кагаздары даярдалып жатат. Айрым бала бакчалардын жылытуу системалары оңдоого муктаж. Кескен-Таш, Өндүрүш,Кудук  айылдарынын ар бирине 100 орундуу бала бакчаларын куруу пландалууда. 2027-жылга карата бул көрсөткүч 36%га жетет.

 

Билим берүү: Орозбеков  айыл аймагында  8 жалпы билим берүүчү, 1 башталгыч, 1 күндүзгү сырттан окуу мектеби   бар. Бул мектептерде жалпы  4797 окуучу окуйт. Өндүрүш айылында мектеп жок.  Айрым предметтер боюнча мугалимдер жетишсиз. Окуу китептери жана компьютерлер тартыш. Мектептердин материалдык-техникалык базасын чыңдоо зарыл. Орозбеков айыл аймагынын Өндүрүш айылына   250 орундуу жана Ак-Кыя айылындагы  “Аман Жалилов” атындагы башталгыч класстар мектебинин ордуна   270 орундуу мектептин имараты   2026-2027-жылдары Республикалык бюджет аркылуу куруу мерчемделүүдө.

 

Саламаттыкты сактоо:

Айыл аймагында 1 оорукана, 3 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, 8 ФАП болуп, аларда 4 врач, 45 кызматкер иштейт. Бул көрсөткүч жалпы калкты тейлөөдө жетишсиз. Эскилиги жеткен жана капиталдык оңдоону талап кылган  имараттар бар. Медициналык жабдуулар эскирген, тез жардам машинасы жетишсиз. Калктын арасында оорулардын алдын алуу боюнча иш- чаралар өткөрүлгөнү менен, заманбап ооруканалар жана адистер жетишсиз.

 

3.3. Жергиликтүү коомчулуктун артыкчылыктуу муктаждыктарына анализ жүргүзүү

 

Жергиликтүү коомчулуктун артыкчылыктуу көйгөйлөрүн аныктоо боюна  чогулуш өткөрүлдү. Катышуучулардын саны 58 адам, анын ичинен: аялдар- 40

Таблицанын ичине аныкталган муктаждыктарды жазуу керек

Артыкчылык

Мүмкүн болгон чаралардын жалпы сүрөттөлүшү

Күтүлгөн натыйжа жана мөөнөттөр

Айылдарда, көчөлөрдө жарыктандырууну уюштуруу

(санын көрсөтүү) көчөлөргө жарыктандыруу мамычаларын жана узундугу 330 км. зымдарды орнотуу.

Узундугу 115 км. болгон көчөлөрдү жарыктандыруу менен камтуу 40%га жеткирилет

Ички жолдордун абалын калыбына келтирүү, таштак жолдорго шагыл төгүү

17 айылдын ички жолдорун оңдоодон өткөрүү

Айыл аймагында бардык ички көчөлөргө шагыл төшөө

 

 

 

3.4.Социалдык жана жергиликтүү инфраструктураны өнүктүрүүгө тиешелүү бюджеттик инвестицияларга керек төөлөргө анализ жүргүзүү

 

Инвестициялык артыкчылыктар

Мүмкүн болгон долбоорлордун жалпы сүрөттөлүшү

Күтүлгөн натыйжа жана мөөнөттөр

Бааланган наркы(миң сом)

Орозбеков айыл аймагына караштуу Ак-Кыя,Кескен-Таш, Гайрат,Кызыл-Булак, Лангар,Кудук, Өндүрүш, Сары-Талаа айылдарын ичүүчү таза суу менен камсыздоо.

 

 

Ак-Кыя,Кескен-Таш, Гайрат,Кызыл-Булак, Лангар,Кудук, Өндүрүш, Сары-Талаа

айылдардагы 2533 кожолук ичүүчү таза суу менен камсыз болот. Ар кандай жугуштуу оорулардын алды алынат.

100% ичүүчү сууга түз жеткиликтүүлүгү бар

Долбоорлордун смета, ПСД, АГЗ иш кагаздарын даярдоо 

Билим берүү

Кара-Шоро башталагыч мектебине ысык тамак уюштурууну жакшыртуу

 

Окуучуларга жагымдуу шарт түзүлөт

700 000 сом

“С.Тешеев” атындагы орто мектебинин спорт залын бүтүрүү

Кадамжай райондук өнүктүрүү  фонду аркылуу

 

Мектеп окуучуларына спорт менен машыгууга жана ден соолугуна кам көрүүгө, чыңдоого жакшы шарт түзүлөт

1500 000 сом

Бардыгы:

 

12 200 150 сом

 

 

4-БӨЛҮМ. ЭКОНОМИКАЛЫК ӨНҮГҮҮ

 

 

4.1. (таблица) Экономикалык өнүгүү (миң сом)

 

Категория

факт

күтүлгөн.

прогноз

2021 ж.

2022 ж.

2023 ж.

2024 ж.

2025 ж.

2026 ж

2027ж

20___

Негизги фонддор (юридикалык жактар боюнча, үй чарба секторун эсепке албаганда)- (жылдын аягына карата толук наркы боюнча)

24 657,0

24 657,0

24 657,0

52 250,4

52 250,4

52 250,4

52 250,4

 

Экономиканын негизги секторлору боюнча товарларды өндүрүү жана кызмат көрсөтүү көлөмү:

 

 

 

 

 

 

 

 

Айыл чарба:

168800,0

168825,0

168837,0

168848,2

168853,6

168859,4

168879,1

 

Өсүмдүк өстүрүү

8000,2

9000,3

10 003,4

1115,3

11318,4

11715,5

12111,4

 

Мал чарбачылыгы

663555

670000

672000

672035

682040

684455

689666

 

Юридикалык жактардын өнөр жай продукциясынын көлөмү

 

 

 

 

 

 

 

 

Өнөр жай кызматтары

16

17

17

18

18,2

19

20

 

Жөнөтүлгөн продукциянын көлөмү

343,7

344,1

344,2

345,4

357,0

367,5

400,5

 

Курулуш – негизги капиталга колдонулган инвестициялар - ар кандай объектилер боюнча жалпы суммада

11,1

11,1

11,1

12,2

12,5

13

14

 

Экономикалык иштин түрлөрү боюнча көрсөтүлгөн рыноктук кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү:

 

 

 

 

 

 

 

 

Дүң жана чекене соода, автомобилдерди жана мотоциклдерди оңдоо

287,6

522,9

528,2

533,4

538,8

544,2

 

 

Мейманканалардын жана ресторандардын иши

121,1

175,5

177,2

179,0

180,8

182,6

 

 

Транспорттук иш-чаралар жана жүктөрдү сактоо

765,0

2153,4

2153,4

1 950,0

1 950,0

1 950,0

 

 

Маалымат жана байланыш

 

 

 

 

 

 

 

 

Камсыздандыруу

50%

60%

70%

80%

90%

100%

 

 

Кыймылсыз мүлк операциялары

 

 

 

 

 

 

 

 

Кесиптик, илимий жана техникалык ишмердүүлүк

 

 

 

 

 

 

 

 

Административдик жана көмөкчү иш-чаралар

 

10377,0

10192,1

13281

 

 

 

 

Билим берүү

4688

4691

4693

4797

4900

5000

 

 

Саламаттыкты сактоо жана социалдык кызматтар

5236,5

10203,2

10305,2

10408,2

10512,3

10617,4

 

 

Искусство, көңүл ачуу жана эс алуу

 

1328,6

3089,4

 

 

 

 

 

Башка тейлөө кызмат көрсөтүүлөрү

4612,0

4657,3

4703,8

4750,8

4798,3

4846,3

 

 

Түз инвестициялар:

 

 

 

 

 

 

 

 

Айылчарба

8899,6

9059,1

9149,6

9241

9333,5

9426,8

 

 

Өнөржай

636,3

2766

2793,6

2821,5

2849,7

2878,2

 

 

Курулуш

43598,2

24774,3

25022

25272,2

25524,9

25780,2

 

 

Соода

637105,9

790287,5

798190,4

806172,2

814234

822376,3

 

 

Транспорт жанабайланыш

12019,8

12041,6

12162

12283,6

12406,4

12530,5

 

 

Башка кызматтар

 

 

 

 

 

 

 

 

Калдыктарды кайра иштетүү

0

0

0

0

0

0

 

 

Калктын кирешеси:

 

 

 

 

 

 

 

 

Орточо номиналдык эмгекакы

15,8

25,6

26,8

28,3

30,8

35,3

 

 

Эмгек мигранттарынын которуулары

 

 

 

 

 

 

 

 

Пенсиялардын орточо өлчөмү

8,7

11,2

14,5

15,0

16,0

17,0

 

 

Жөлөк пулдардын орточо өлчөмү

0,8

1,2

1,2

1,3

1,3

1,4

 

 

Чакан жана орто бизнестен түшкөн кирешенин орточо өлчөмү

53,4

66,7

78,5

98,1

122,6

153,2

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

4.2. Учурдагы кырдаалды жана экономикалык адистешүүнү талдоо

 

Калк негизинен дыйканчылыкта, мал чарбасында  эмгектенет. Жай, күз мезгилинде  малина терип сатуу , алма,өрүк, гилас, шабдаалы, картошка  сатуу менен киреше табышат. Акыркы жылдарда жергиликтүү калк айыл-чарба багытындагы жер-жемиштерди өстүрүп сатуу боюнча күнөсканаларды иштетип, кайрак жерлерди тамчылатып сугаруу менен, мөмөлүү дарактарды өстүрүүнү практикалап жатышат.

Туризм багытын да өнүктүрүүгө жергиликтүү  жагымдуу шарттар бар:

- туристтик продуктылар

- калктын көндүмдөрү, кол өнөрчүлүк

- өзгөчө табигый шарттар: кооз жер болгон Кутман-Көл көлү, Ак-Кайың, Кок-Мойнок, Кайнама  

Орозбеков айылдык аймагынын  экономикалык өнүгүүсүнө төмөнкү көйгөйлөр таасир этет:

- продукцияны сактап туруучу жер жана кардарлар жок (сатуу рыногунун жоктугу же алыстыгы)

 

- квалификациялуу жумушчу күчү жок,

 

- жергиликтүү ишкерлердин жаңы ишканаларды, бизнести ачууда же кеңейтүүдө мүмкүнчүлүктөрдүн жетишсиздиги

 

- калктын төлөө жөндөмдүүлүгүнүн төмөндүгү

- Дыйкандарга жерди иштетүү боюнча  тажрыйбанын жоктугу түшүмдүүлүктү жана аркетти азайтат.

- Сугат жер аянттардын тартыштыгы, айыл чарба техникасынын тартыштыгы, сапаттуу уруктардын жетишсиздиги, күйүүчү майга баанын кымбаттыгы, айыл чарба продукцияларын сатуу боюнча туруктуу соода тармактарынын жоктугу, дыйкандар үчүн жеңилдетилген кредиттердин жетишсиздиги, айыл чарба продукциясын экспорттоо үчүн шарттардын жоктугу, кайра иштетүүчү кичи ишканалардын жумушту алып бара албай жаткандыгы көйгөй жаратат.

 

 

4.3. Экономикалык өнүгүү муктаждыктарын талдоо (анын ичинде тике (жеке) инвестициялар).

 

Артыкчылык

Мүмкүн болуучу чаралардын жана долбоорлордун жалпы сүрөттөлүшү

Күтүлгөн натыйжа жана мөөнөттөр

Бааланган наркы (миң сом)

Бодо жана майда мүйүздүү малдар үчүн тоют базасын өнүктүрүү. Чара: жер-жерлердеги мүмкүнчүлүктөрдүн жана малды бордоп семиртүүнүн эсебинен мал чарбасынын тоют базасын жакшыртуу боюнча адистердин кеңешин уюштуруу"

 

Айыл өкмөтү, Айыл чарба министрлигинин региондук бөлүмүнүн көмөгү менен министрликтин адистеринин келүүсүн уюштурат, алар айыл аймагынын малчылары үчүн консультацияларды жана практикалык сабактардыөткөрүшөт

Жыйынтыгында , малчылар жаңы билимдерге жана көндүмдөргө ээ болушат, бул мал чарбачылыгынын продуктуулугун жогорулатууга тийиш (бодо мал, эт (тирүү салмак) сүт (литр) өсүш % менен), (майда мүйүздүү мал: эт (тирүү салмак) жүн (кг) өсүш %менен)

10  (жергиликтүү бюджет)

20 (ишкерлер)

Жасалма уруктандыруу пунктун ачуу

Айыл өкмөтү пунктка орун бөлүп берүүгө көмөк көрсөтөт. Ишкерлердин тике инвестицияларынын эсебинен керектүү жабдуулар жана үрөн материалдары сатып алынат, ошондой эле адистердин консультациялары төлөнөт

2026-жылга чейин жакшыртылган породалардын башын 20%га көбөйтүү

1 000

Ишкерлердин каражаттары

Айыл чарбасындагы жерлерге себилген өсүмдүктөрдүн түрлөрүн өзгөртүү.Мисалы:Жүгөрүнүн ордуна кожогат жана клубниканы көбөйтүү.

Натыйжага жетүүү чүн массалык түрдө элди кожогат көчөт менен камсыздоо керек,өстүрүүнүн ыкмаларын үйрөтүү керек.

Элдин кирешеси көбөйүп,айыл аймактын экономикалык абалы жакшырат.

Жеке ишкерлер тарабынан

Малинанын жаңы түшүмдүү сортторун отургузуу. 

Малинаны кайрадан иштетүү жана сок чыгаруу

Айыл аймагында мөмө-жемиштерди кайрадан иштеп чыгуу цехтерди ачуу

 

 

 

 

 

 

БАРДЫГЫ жергиликтүү бюджеттин каражаттары

 

БАРДЫГЫ биргелешкен катышуу каражаттары

 

БАРДЫГЫ тике инвестициялар

 

 

4.4. Экономикалык өнүгүүгө тиешелүү бюджеттик инвестицияларга болгон муктаждыктарга анализ жүргүзүү

 

Инвестициялык артыкчылыктар

Мүмкүн болгон долбоорлордун жалпы  сүрөттөлүшү

Күтүлгөн натыйжа жана мөөнөттөр

Бааланган наркы (миң сом)

Орозбеков айыл аймагына Маданият үйүн куруу

Ушул күнгө чейин айыл аймагында Маданият үйү болгон эмес

Элге жана иш-чараларды өткөрүүгө жакшы шарттар түзүлөт

72 000 000 сом

Орозбеков айыл аймагына мөмө-жемиштерди кайрадан иштеп чыгуучу цех куруу

Айыл аймагындагы жарандардын мөмө-жемиштери  кайрадан  иштелип чыгылат

 

 

 

Элдин мөмө-жемиштеринин абалы жакшы сакталып,кайрадан иштеп чыгуучу цехке тапшырууга шарт түзүлөт

              6 000 000 сом

Мөмө-жемиштердин ширесин чыгаруучу цех куруу

Айыл аймагы малина өсүмдүгүнө бай болгондуктан, малина ширесин жана башка мөмө-жемиштердин ширесин чыгаруу (накта азык)

 

Малинанын , мөмө-жемиштердин накта ширеси чыгарылат жана чет элдик рынокторго сунушталат

15 000 000 сом

Орозбеков айылына мөмө-жемиштерди сактоочу логистикалык борбор куруу

Айыл тургундарынын мөмө-жемиштери баштапкы сапатын  жоготпойт, коромжуга учурабайт

 

 

Малина, мөмө-жемиштер сапаттуу сакталып, экспортко чыгарылат

32000

Айыл аймагынын Ак-Кайың жайлоосуна этно туристтик борбор куруу

Туризмди өнүктүрүү  үчүн Ак-Кайың жайлоосуна этно туристтик борбор куруу

 

 

 

Ак-Кайың жайлоосуна этно туристтик борбор курулат, накта азыктар сатылат, жергиликтүү калк иш менен камсыз болот, жергиликтүү бюджетке киреше түшөт

100 000 000 сом

БАРДЫГЫ бюджеттик инвестициялар

 

 

 

 

5-БӨЛҮМ. ИНКЛЮЗИВДҮҮ ӨНҮГҮҮ

 

 

5.1. (таблица) Инклюзивдүү өнүгүү (адам)

 

Категория

факт

күтүлгөн

прогноз

2022 г.

2023 г.

2024 г.

2025 г.

2026 г.

2027 г

2028 г

2029 г

Иштей ала турган ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар (адам)

97

100

100

100 

100 

100 

 

 

Иштей албаган оор майыптыгы бар адамдар (адам)

125

131

137

130

125

120

 

 

Өтө жакыр адамдар (адам)

14

15

13

12

10

8

 

 

Турмуштук оор кырдаалдагы балдар (адам)

7

10

10

10

9

8

 

 

Турмуштук оор кырдаалдагы үй-бүлөлөр (бир.)

2

3

3

2

2

2

 

 

Алыскы калктуу конуштардын калкы (адам)

924 

936 

947 

955 

968 

991 

 

 

Эмгек мигранттарынын жашы 18ге жете элек балдары (адам)

158

189

192

180

170

160

 

 

Этникалык азчылыктар (адам)

3

3

3

4

5

6

 

 

Аялдар (адам)

7850

8000

8120

8250

8350

8500

 

 

Аялдар (калктын жалпы санынан% )

49

49

49

49

50

51

 

 

Улгайган (жалгыз) (адам)

 

 

2

 

 

 

 

 

Калктын жалпы санындагы калктын аялуу топторунун бардык категорияларынын (аялдардан тышкары) жалпы үлүшү (%)

7,5

7,6

7,8

 

 

7,8

 

 

7,8

 

 

7,8

 

 

Гендердик зомбулук учурлары (бир.)

2

1

-

-

-

-

 

 

Кризистик борборлордун болушу (бир.)

0

0

0

1

1

1

 

 

 

5.2. Учурдагы кырдаалга анализ жүргүзүү

 

Орозбеков айыл аймагында калктын аярлуу катмарына кирген жарандардын жалпы саны 2024-жылдын аягына карата 1706 адамды, жалпы элдин 6,6%ын түзөт. Бул өтө жогорку көрсөткүч эмес жана жакынкы жылдары олуттуу түрдө  деле көбөйүп кетпейт. Калктын аярлуу топторунун түзүмүндө иштей ала турган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар 2024-жылга карата 104 адам, аларга мүмкүнчүлүгүнө жараша жумуш менен камсыз болууга жардам көрсөтүлөт.

 

 

Айрым айылдарда окуучулардын мектепке каттамы көйгөй жаратат.

Зордук- зомбулукка кабылган жарандарды колдоо учун кризистик борбор жок.

Мүмкүнчүлүгү чектелген аярлуу катмарлар иштөөгө жана спорттун түрлөрү менен машыгууга шарттар жок.

 

 

5.3. Инклюзивдик өнүгүү муктаждыктарына анализ жүргүзүү

 

Артыкчылык

Мүмкүн болуучу чаралардын жана долбоорлордун жалпы сүрөттөлүшү

Күтүлгөн натыйжа жана мөөнөттөр

Жакыр үй-бүлөлөрдү колдоо жана муктаждыктарын чечүүгө көмөктөшүү

Сабаттуулук боюнча курстарды уюштуруу жана жумушка орношууга жардам көрсөтүү

-БУУ ДАТП программасы менен аз камсыз болгон уй бүлөлөрдү убактылуу жумушка тартууга жардам берүү

-Мүмкүнчүлүгү барларга жер аянттарын ижарага берүү

Жергиликтүү  ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга реабитациялоо борборун куруу менен  аларды окутуп, андан кийин жумушка алуу боюнча келишим түзүү; 2026-жылга чейин жакыр үй-бүлөлөрдөн 10  жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 5 адамды ишке орноштурууга мүмкүндүк берет.

-Убактылуу жумуш менен камсыз болот. Үй бүлөсүнө  кошумча киреше болот.

-Жер аянттарын иштетүү менен өзүнүн мал жандыктарын тоют менен камсыз кылат.

Калктын аярлуу катмарына кирген үй-бүлөлөргө мамлекеттик соц. контракт алуу боюнча көмөк көрсөтүү

Айыл аймагынын аярлуу катмарына кирген үй-бүлөлөр мамлекеттик соц. контракт алуу менен өздөрүнүн үй-бүлөлүк кирешесин турукташырат.

Жумуш менен камсыз болушат. Жашоо шаттарын жакшыртышат. 

 

 

 

6-БӨЛҮМ. МЕЙКИНДИК

 

 

6.1. (таблица) Мейкиндик

 

Категория

факт

күтүлгөн.

прогноз

2022 ж.

2023 ж.

2024 ж.

2025 ж.

2026 ж.

2027ж

2028ж

2029ж

Аймактын жалпы аянты (га)

116512

116512

116512

116512

116512

116512

 

 

Жер категориялары (га):

 

 

 

 

 

 

 

 

Айыл чарба жерлери (бардыгы):

11724

11724

11724

11724

11724

11724

 

 

анын ичинде: айдоо аянттары

1098

1098

1098

1098

1098

1098

 

 

сугарылбаган

1010

1010

1010

1010

1010

1010

 

 

сугат айдоо жерлер

187

187

187

187

187

187

 

 

анын ичинде жайыттар

7980

7980

7980

7980

7980

7980

 

 

анын ичинде жеке

-

-

-

 

 

 

 

 

анын ичинде АЖМФ

284

284

284

284

284

284

 

 

анын ичинде иш жүзүндөколдонулган

81

81

81

81

81

81

 

 

Анын ичинде колдонулбаган (баланс)

187

187

187

187

187

187

 

 

Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргоо жана башка багыттагы жерлер (бардыгы):

88

88

88

88

88

88

 

 

Иш жүзүндө колдонулган

88

88

88

88

88

88

 

 

Колдонулбаган (баланс)

0 

0 

0 

0

0

0

 

 

Калктуу конуштун жерлери (бардыгы):

629

629

668

668

668

668

 

 

Анын ичинде турак жай курулушу

94,3 

94,3 

102,0 

120,0

120,0

122,0

 

 

Иш жүзүндө колдонулган

94,3 

94,3 

102,0 

120,0

120,0

122,0

 

 

Колдонулбаган (баланс)

0 

0 

0 

0

0

0

 

 

Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын (ӨКЖА)жерлери

23836

23836

23836

23836

23836

23836

 

 

Токой фондусунун жерлери

47166

45166

47166

47166

45166

47166

 

 

Суу фондусунун жерлери

191

191

191

191

191

191

 

 

Запастагы жерлер:

32839

32839

32839

32839

32839

32839

 

 

Иш жүзүндө колдонулган

0 

0 

0 

5

6

8

 

 

Колдонулбаган (баланс)

32839

32839

32839

32834

32833

32831

 

 

Аймактын айыл чарба жерлеринин жалпы аянтындагы иш жүзүндө пайдаланылуучу айыл чарба жерлеринин үлүшү (%)

50

60

60

65

70

75

 

 

Инженердик инфраструктура менен камсыздалган турак жай куруу үчүн арналган жер участокторунун аянтынын үлүшү (%)

0

0

0

0

0

0

 

 

Инженердик инфраструктура менен камсыз кылынган өндүрүштү жайгаштыруу үчүн арналган жер участокторунун аянтынынүлүшү (%)

0

0

0

5

10

10

 

 

Категория боюнча пайдаланылбаган же кошумча жерлерди пайдалануу зарылдыгынын прогнозу (га):

0

0

1,5

22

32

37

 

 

Айыл чарба жерлери

187

187

187

167

157

152

 

 

Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргоо жерлери жана башка багыттагы жерлер (бардыгы)

0

0

0

0

0

0

 

 

Калктуу конуштун жерлери (турак жай курулушу)

0

0

0

0

0

0

 

 

Токой фондусунун жерлери

47166

45166

47164,5

47164

45164

47163

 

 

Суу фондусунун жерлери

191

191

191

191

191

191

 

 

 

6.2. Учурдагы кырдаалга анализ жүргүзүү

 

Аймактагы жалпы айыл чарба багытындагы жерлердин аянты 11724,07 га. түзөт, анын ичинен: мамлекеттик фонддун жери -493,62 га.

2024-жылга карата айыл чарба жерлери 45,84 га. жер аянтына кыскарган. Мунун себеби, мыйзамсыз курулган турак жайларга мунапыс берилип, ушул аянттагы жер аянты калктуу конуш категориясына киргизилген. Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргоо жана башка багыттагы жерлер 2024-жылга карата 3,5 га. жерге көбөйгөн.

Мурда курулган турак үйлөр архитектуралык талаптарды сактабай, планы жок чачкын түрдө салынып калган. Мыйзамсыз курулган турак жайларга болгон мунапыска негиз, айыл аймагынан 432 турак үй мыйзамдаштырылган. Мунун бир тобу калктуу конуштун сыртында чачкын жайгашкандыктан, инфраструктурасы начар: жолу жок, таза суу менен камсыздалган эмес.

Аймакта төмөндөгүдөй табигый жана геграфиялык өзгөчөлүктөр бар:

 

 

 

 

 

- тоолуу аймактын басымдуулугу

 

- жайыттардын чоң аянттары

-        ☐

Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлери басымдуулу ккылат

-        ☐

- турак жай куруу үчүн жердин жетишсиздиги

-        ☐

- экономикалык иш жүргүзүүгө мүмкүн болбогон жаратылышты коргоо зоналары

-        ☐

- токойлор жана токой чарбалары менен коңшулук

-        ☐

-        Акыркы 3 жылда жерлер (укуктук мейкиндик зоналары) олуттуу трансформацияга дууша рболдубу, эмнеге байланыштуу жана бул аймактын өнүгүшүнө кандай таасир этти?

Жооптордун варианттары:

 

 

 

 

 

 

- айдоо аянттары кыскарды

-        ☐

- бардык жерлер курулган, курула турган жер жок

-        ☐

- инфраструктура менен камсыздалбаган жаңы курулуштардын чоң аймактары

-        ☐

- чоң аянттарда өнөр жай ишканалары пайда болду

-        ☐

- жаңы жолдор курулду

-        ☐

- коомдук эс алуу жайлары жок

-        ☐

- башка (көрсөтүлсүн):

-        Жеке турак-жайкуруу үчүн жер тартыш болуп жатабы? Же бизнес үчүн? (сүрөттөө)

-        Муниципалдык жерлерди башкаруу (жана менчиктештирүү) планы барбы? (көрсөтүлсүн)

-        Укуктук зоналаштыруу эрежелери барбы? (көрсөтүлсүн)

-        Жерди бөлүштүрүүгө таасирин тийгизген мамлекеттик инфраструктуралык долбоорлор же пландар барбы? (көрсөтүлсүн)

 

6.3. Мейкиндик планынын элементтери

 

Мейкиндик планын өзгөртүүдөгү чаралар же ниеттер:

Күтүлгөн жыйынтыктар:

Мисалы, " (айылдын аталышы) айылдагы (участоктун жайгашкан жери) айыл чарба багытындагы пайдаланылбаган 20 га жерди,калктын санынын өсүшүнөн жана жарандардын кайрылууларынан улам аны кеңейтүү зарылчылыгына байланыштуу турак жай фондунун жерлерине трансформациялоо керек.»

Мисалы: "турак жай фондунун аянтын 10% га көбөйтүү калктын турак жай менен камсыз болушун жакшыртууга жан кожолуктардын санын 12% га көбөйтүүгө өбөлгө түзөт.»

Мисалы, "парк орнотуу үчүн жер бөлүп берүү керек"

 

 

 

7-БӨЛҮМ. АЙЛАНА-ЧӨЙРӨ

 

 

7.1. (таблица) Айлана-чөйрө

 

Категория

факт

күтүлгөн.

прогноз

2022 ж.

2023 ж.

2024 ж.

2025 ж.

2026 ж.

2027ж

2028ж

2029ж

Жаратылышты коргоо зоналарынын, ӨКЖА, микрокоруктардын аянты (га)

23836

23836

23836

23836

23836

23836

 

 

Токойлор ээлеген аймак, анын ичинде жайылма токойлор (га)

39135

39135

39135

39135

39135

39135

 

 

Токойлорду калыбына келтирүү (га)

2

4

6

2

3

3

 

 

Деградацияланган жайыттардын аянты (га)

0

0

0

0

0

0

 

 

Малдын жайытка болгон жүгү (1 айда 1 гектарга шарттуу малдын башынын саны)

0,22

0,2

0,2

0,22

0,25

0,25

 

 

Деградацияланган жайыттардын жалпы жайыт аянтына карата үлүшү (%)

0

0

0

0

0

0

 

 

Деградацияга дуушар болгон айыл чарба жерлеринин аянты (га)

0

0

0

0

0

0

 

 

Деградацияланган жайыттардын жалпы аянтына карата калыбына келтирилген жайыттардынүлүшү (%)

0

0

0

0

0

0

 

 

Энергияны үнөмдөө. Кожолуктардын жылытуу үлүшү (%):

60

75

80

85

90

90

 

 

Борбордук жылытуу

0

0

0

0

0

0

 

 

Электр энергиясы

40

25

20

15

10

10

 

 

газ

0

0

0

0

0

0

 

 

меш жылытуу

60

75

80

85

90

90

 

 

башка орнотуулар

0

0

0

0

0

0

 

 

башка кайра жаңылануучу булактар же энергияны үнөмдөөчү орнотуулар (мисалы, көпкө күйүүчү мештер ж.б.)

0

0

0

0

0

0

 

 

КТК полигондорунун саны (даана)

0

0

1

1

1

0

 

 

КТКны кайра иштетүү боюнча ишканалар же коңшу аймактардагы мындай ишканалар менен макулдашуу (бир.)

0

0

0

0

1

1

 

 

Санкцияланбаган полигондордун саны (бир.)

0

0

0

0

0

0

 

 

Кен казып алуу тармагынын объекттери (бир.)

1

1

1

2

3

4

 

 

Экологиялык тобокелдиги жогору кен казып алуу тармагынын объекттери (даана)

0

0

0

0

0

0

 

 

Тазалоочу курулмалар аркылуу өткөн саркынды суулар (%)

0

0

0

0

0

0

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

7.2. Учурдагы кырдаалга анализ жүргүзүү

 

Азыркы кезде айыл аймагында айлана-чөйрөгө коркунуч келтирүүчү завод, фабрика же тоо кен байлыктарын өндүрүп чыгаруучу  ишканалар жок. Бирок, экологиялык абалга терстаасирин тийгизип жаткан нерсе- бул малдын санынын кескин көбөйүшү.Мал жайылган жакынкы жайыттар,алыскы жайлоолордун баары деградацияга учуроодо.Андан сырткары көп жылдык бадалдарды да мал кажып,шагын жеп, токойлордун жок болуп кетүү коркунучу бар.Бул айылдагы эң көйгөйлүү маселе болуп эсептелет.Токойлордун азайышы,жер кыртышынын бузулушу селдин жүрүүсүнө шарт түзүп,натыйжада көптөгөн жерлерди суу жеп кетип , аңдар пайда болууда,турак жайларды сел каптоодо.

Дагы бир экологиялык маселе катары акыркы жылдардагы бак-дарактардын арасындагы зыянкечтердин пайда болуусу, алардын түшүмдүүлүккө терс таасир этип жатканын айтсак болот. Мындай зыянкеч курттар менен күрөшүү үчүн багбандарга окууларды уюштуруу керек.

 

 

 

 

 

 

Бул жерде суроолорго кыскача жооптор берилет:

-        ЖӨБ аймагында кандай жаратылыш ресурстары бар жана алардын абалы кандай (жайыттардын, токойлордун абалы, суунун көлөмү жана анын сапаты, жер ресурстарынын, дарыялардын жана суу түбүндөгү экосистемалардын сапаты жана саны, жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн жапайы жана кызыл китепке кирген түрлөрүнүн болушу, абанын сапаты)? (сүрөттөө). Айыл аймагында дарыялар, булактар, токой, жаныбарлары бар. Кызыл китепке кирген кийик жаныбары бар.

-        Экологиялык маселелерди чечүү үчүн иштеген аймакта кандай уюштуруу структуралары (формалдуу жан аформалдуу эмес) бар? Айлана-чөйрөнү коргоо маселелери боюнча иш алып барган жамааттар барбы? Эгер барболсо, алар кайсы багыттар боюнча иш алып барышат? (көрсөтүлсүн). Айыл аймагындагы экологиялык көйгөйлөрдү чечүү максатында ийне жалбырактуу акчалар тигилди.

-        ЖӨБ органдарынын аймагында айлана-чөйрөнү коргоо жана өзгөчө кырдаалдардын жана климаттын өзгөрүү тобокелдиктерин азайтуу боюнча тармактык пландар аткарылып жатабы? Аткарылып жатса, кайсы багыттар боюнча? (тактоо). Айыл аймагында өзгөчө кырдаалдар учурунда сел кесепеттерин алдын алуу жана жоюу максатында дарыя жээктери бекемделди.

-        Бул аймакта айлана-чөйрөнүн жана/же суу ресурстарынын абалына таасир этүүчү өндүрүштөр же объекттер, айлана-чөйрөгө коркунуч келтирүүчү объекттер/булактар, мисалы, калдык сактоочу жайлар, тоо-кен жана химиялык өндүрүштөр, отканалар, мал союучу жайлар, уруксат берилбеген таштанды төгүүчү жайлар ж.б. барбы? (көрсөтүлсүн). Айыл аймагында таштанды таштоочу жайлар бар. Азыркы убакта Кызыл-Булак айылынан жер ажыратылды. Мал союучу жай курулуп бүткөн.

-        Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жана/же микро коруктар барбы? (көрсөтүлсүн)Уч-Коргон токой чарбасынын кароосунда атайы тигилген Кызыл-Булак айылынын Калта сөгөт жайлоосуна 1 га. жер аянтына жапайы өрүк жана жапайы бадам отургузулган.

-        Бул аймакта климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу тобокелдиктер пайда болобу, мисалы, сугат суунун жетишсиздиги, ичүүчү суунун сапатынын төмөндөшү жана тартыштыгы, табигый кырсыктардын тобокелдиктери, жаздын аягында жана/же эрте жаздагы үшүк алуу, катуу шамал, жаан-чачындын көбөйүшү же азайышыж.б.у.с.? (сүрөттөө). Селдин алдын алуу боюнча Метеостанциясы курулган. Тамаша айылына сугат суунун жетишсиздигин алдын алуу максатында БСР курулуп жатат.

-        Аймакта коркунучтуу пестициддер көмүлгөн жерлер, өзгөчө коркунучтуу инфекциялар бар мал көмүлгөн жерлер же өзгөчө коркунучтуу инфекциялардын очоктору барбы?  (көрсөтүлсүн). Жугуштуу ооруларга он натыйжа берген мал жандыктарынын жана жолбун ит ,мышыктарды тарпын жок кылуу максатында  Кош-Дөбө айылына “Беккари чуңкуру” курулуп пайдаланууга берилди.

 

 

7.3. Экология маселелери

 

Артыкчылык

Мүмкүн болгон чаралардын жалпы сүрөттөлүшү

Күтүлгөн натыйжа жана мөөнөттөр

Биринчи кезектеги муктаждыктардын бири көрсөтүлөт, мисалы, «Суу алгычтагы тазалоочу курулмаларды оңдоо»

Натыйжага жетүү үчүн эмне кылыш керек, мисалы, "Жабдууларды сатып алуу жана орнотуу”

Бул жерде баалуулуктар менен натыйжа жана бул натыйжаны алууга мүмкүн болгон убакыт көрсөтүлөт, мисалы, “Коопсуздук талаптарын сактоо менен уюштурулган суу менен камсыздоо кызматтарынан пайдалануучу калктын үлүшүн 95%га чейин көбөйтүү”

Бак-дарактарга зыян келтирип жаткан зыянкеч курттар менен күрөшүүнүн эффективдүү жолуна тез арада өтүү керек.

Бак-дарактарга каршы зыянкечтер менен күрөшүүдө илимдер академиясынан адистери жана лабораториялар менен тыгыз иш алып барып өсүмдүктөрдү сактап калуу керек.

Бак-дарактарга каршы зыянкечтер менен күрөшүп, парктарды, сквер жана башка бак-дарактарды көп отургузуу жагы күчөтүлөт.

 

 

 

 

 

 

-

8-БӨЛҮМ. ЖЕРГИЛИКТҮҮ БЮДЖЕТ

 

 

8.1. Ресурстарды талдоо жана жергиликтүү бюджетти түзүү маселелери

 

Орозбеков айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин көлөмү жалпысынан 48 млн сомду түзөт жана дотацияда турат, башкача айтканда , өзүнүн кирешелери чыгашаларын камсыз кыла албайт. Айыл аймагынын жеке кирешелери ________ сомду түзсө, калган сумма ___________ сом теңдөө гранты катары республикалык бюджеттен каржыланат.

 

Бул жерде суроолорго кыскача жооптор берилет:

−       Кандай тышкы факторлор жергиликтүү бюджеттин киреше булактарына олуттуу таасир этиши мүмкүн?

−       Орозбеков айыл өкмөтү жергиликтүү бюджеттин киреше булактарына олтуттуу таасир этүүчү факторлор:  инвестиция тартуу жана улуттук долбоорлор менен ири өндүрүш ишканаларын куруу.

−       Орто мөөнөттүү мезгилде бул аймакта салыктык жана тарифтик саясат кандай болот (мисалы, жергиликтүү салыктарды азайтуу / көбөйтүү жана аларды төлөөнү кийинкиге калтыруу, жыйымдардан бошотуу жана төгүмдөрдү азайтуу / көбөйтүү, салыктардын ставкаларын өзгөртүү, салыктар жөнүндө атайын макулдашуулар ж. б.)?

−       Жергиликтүү салыктарды көбөйтүү жана ставкаларды өзгөртүү.

−       мамлекеттик инвестициялык программанын же улуттук долбоорлордун алкагында кандай капиталдык салымдар пландаштырылган жана болжолдонгон мезгилде күтүлүүдө?

−       Инвестициялык долбоорлордун кандай натыйжалары (жаңы имараттар, курулмалар же жабдуулар) жергиликтүү бюджеттен кошумча каржылоону талап кылат? Чет элдик донорлор жана өнүктүрүү фонддор менен иштеген учурда өздүк салым катары айыл өкмөтүнүн бюджетинен колдоо көрсөтүлөт.

Төмөнкүлөрдү сүрөттөө керек:

-        каржыланбаган ыйгарым укуктар;

-        бюджеттер аралык мамилелердеги көйгөйлөр теңдештирүүчү трансферттерди, максаттуу трансферттерди эсептөөдө, жалпы мамлекеттик кирешелерди бөлүштүрүүдө адилеттүүлүк);

-        муниципалдык карызды башкаруу;

-        мүмкүн болгон бюджеттик тобокелдиктерди баалоо.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Орозбеков айылдык кеңешинин төрагасы:                                          К.Т.Каримов

 

 

Орозбеков айыл өкмөтүнүн башчысы:                                                   З.А.Жарматов

 

 

.