ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Орозбеков айылдык кеңешинин кезектеги алтынчы сессиясы
2025-жылдын 9-апрели № 24
Орозбеков айыл аймагынан 115, 55 га жер аянтын “Хайдаркан сымап акционердик коому” ачык акционердик коомуна убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө.
Күн тартибиндеги маселени карап, айыл өкмөт башчысы З. Жарматовдун баяндамсын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жер казынасы жөнүндө” Мыйзамынын 7 жана 40-беренелерине, Кырыгыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 04.12-2023-жылдагы №755-т Тескемесине негиз Орозбеков айылдык кенешинин сессиясы токтом кылат:
- Кырыгыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 04.12-2023-жылдагы №755 Тескемесине негиз “Хайдаркан сымап АК” АККсына сурма, сымап, флюорит кендерин иштетүү максатында узартуу укугу менен берилген Хайдаркан-2 лицензиясында көрсөтүлгөн Орозбеков айыл аймагынын административдик аймагында турган 115,55 га жер аянтын “Хайдаркан сымап АК” АККсына 2043-жылдын 7-ноябрына чейин убактылуу иштетүүгө макулдук берилсин.
- “Хайдаркан сымап АК” АККсына жерди убактылуу иштетүү боюнча эки тараптуу келишимди мыйзам чегинде түзүү Орозбеков айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
- “Хайдаркан сымап АК” АККсына келишимде көрсөтүлгөн бардык төлөмдөрдү(бонус, роялти, салыктын бардык түрлөрү, социалдык пакет, жана башка жыйымдар) өз убагында төлөө жагы милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы З.А. Жарматовго жүктөлсүн.
Төрага | К.Каримов |