Редакцияот 24.04.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Суу-Башы айыл кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VIII-сессиясы

 

2025-жылдын 24-апрели №70

 Суу-Башы  айыл аймагындагы коомдук тартипти сактоонун жана жол коопсуздугунун алдын алуунун абалы жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын жана Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин регламентине  ылайык, Баткен РИИБнүн коомдук коопсуздук кызматынын аймактык милициянын улук ыйгарымдуу өкүлү, милициянын капитаны Ж.Карабаевдын 2024-жылга карата аткарылган иштери боюнча маалыматын угуп жана талкуулап, Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1.    Баткен РИИБнүн участкалык тескөөчүлөрүнүн Суу-Башы айыл аймагындагы коомдук тартипти сактоонун жана жол коопсуздугунун алдын алуу боюнча 2024-жыл ичинде аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.

 

2.    Токтом каттодон өткөрүлүп, suu-bashy.gov.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук  актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү  үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

3.    Ушул токтомду  көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырамын.

 

 

 

Төрага

К.Шакиров