Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 30-апрели № 244
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Административдик иштин натыйжалуулугун жогорулатуу жана башкаруунун сапатын жакшыртуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчилигинин ишин оптималдаштыруу боюнча кыйла ыкчам чечимдерди кабыл алуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
мамлекеттик органдардын борбордук аппараттарынын, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн мамлекеттик кызмат орундарынын ченемдик түзүмүндө:
- эскертүүнүн 4-пунктунда:
үчүнчү абзацтагы "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматында жана" деген сөздөр алып салынсын;
төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматында жетекчинин эки кеңешчисинин жана бир жардамчысынын кызмат орундары каралат.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматында жетекчинин бир кеңешчисинин жана бир жардамчысынын кызмат орундары каралат.".
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы:
- бир айлык мөөнөттө түзүмүн жана штаттык санын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы үчүн каралган штаттык сандын алкагында ушул токтомго ылайык келтирсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |