Редакцияот 24.04.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Суу-Башы айыл кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VIII-сессиясы

 

2025-жылдын 24-апрели №76

 Суу-Башы айыл аймагындагы айыл чарба багытындагы мамлекеттик фонду (АЖМФ) жерлерин тоорук өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамына ылайык, Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025- жылдын 10-апрелиндеги № 183 сандуу чыгыш катынын жана Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин жер, айыл чарба жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 22-апрелиндеги   отурумунун корутундусунун негизинде, Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер ресурстары жана муниципалдык менчик боюнча адисин угуп, талкуулап Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1.    Суу-Башы айыл аймагындагы айыл чарба багытындагы мамлекеттик фонду (АЖМФ) жерлеринин №829 контурунун №2 лотунда жайгашкан 5,0 га,  №168 контурунда жайгашкан 2,0 га жана №852 контурунда  жайгашкан 5,5 га жалпы 12,5 га жер аянттарына кайрадан тоорук өткөрүүгө макулдук берилсин.

 

2.    Токтомдун негизинде керектүү болгон иш кагаздарын даярдап, кайрадан тоорук өткөрүү жагы Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн жер комиссиясына тапшырылсын

 

3.    Токтом каттодон өткөрүлүп, suu-bashy.gov.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук  актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү  үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

4.    Ушул токтомду көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырамын.

 

 

 

Төрага

К.Шакиров