Редакцияот 14.04.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 14-апрели № 197

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-майындагы № 221 "Кыргыз Республикасынын асыл тукум заводдорунун жана фермаларынын тизмегин бекитүү жөнүндө" токтомун күчүн жоготту деп таануу тууралуу

 

Генетикалык ресурстарды сактоо, асыл тукум малдын асылдуулугун жана азыктуулугун жакшыртуу максатында, "Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-майындагы № 221 "Кыргыз Республикасынын асыл тукум заводдорунун жана фермаларынын тизмегин бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.Касымалиев