Редакцияот 24.04.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Суу-Башы айыл кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VIII-сессиясы

 

2025-жылдын 24-апрели №78

 “Бужун” гимназия-мектебин кайра атоо жөнүндөгү мурдагы Кара-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXXXII сессиясынын 2024-жылдын 13-сентябрындагы №85 токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы “Кыргыз Республикасында жалпы билим берүү уюмдарынын айрым маселелери жөнүндө” №519 токтомун жетекчиликке алып,”Бужун” гимназия-мектебинин директору Бурханова Бүүмайрам Жолдошовнанын 2025-жылдын 23-апрелиндеги №170 сандуу чыгыш катын талкуулап чыгып, Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

 

  1. Мурдагы Кара-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын            13-сентябрындагы №85 токтомунун 1-пунктуна жана 2-пунктуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип төмөндөгүдөй баяндалсын:

1-пункт: “Бужун” гимназия-мектебинин “гимназия статусу” жоюлгандыгына байланыштуу, “Бужун”жалпы билим берүү мектеби деп атоого макулдук берилсин.

2-пункт:  Жаңыдан курулуп жаткан мектеп имараты бүткөндөн кийин ”Бужун“ жалпы билим берүү мектебин аталган имаратка которууга макулдук берилсин.

 

2.    Токтом каттодон өткөрүлүп, suu-bashy.gov.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук  актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү  үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

  1. Ушул токтомду  көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырамын.

 

 

 

 

Төрага

К.Шакиров