Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 17-июну № 347
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 23-августундагы № 148 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жер казынасын пайдалануу укугун берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө жөнгө салуу системасын өркүндөтүү, минералдык ресурстарды туруктуу өздөштүрүүнү жогорулатуу максатында, "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 23-августундагы № 148 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жер казынасын пайдалануу укугун берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жер казынасын пайдалануу укугун берүү тартибинде:
- 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Ушул Тартиптин 2-пунктунда көрсөтүлгөн жер казынасынын участокторун берүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жүзөгө ашырылат. Бул учурда конкурс жана/же аукцион өткөрүү талап кылынбайт, ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жер казынасын пайдалануу укугун берүү конкурс өткөрүүгө теңештирилет.";
- 13-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"13. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасынын участокторуна берилген жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияга иштерди долбоорлоого лицензиялык макулдашуу 2 (эки) жылга чейинки мөөнөткө бир жолу узартуу укугу менен 2 (эки) жылдык мөөнөткө берилет.
Жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мамлекеттик ишканага же уставдык капиталында мамлекеттин катышуусунун үчтөн экисинен кем эмес үлүшү бар чарбакер субъектке карата лицензиялоонун же жер казынасын изилдөө боюнча илимий-изилдөө иштерди мамлекеттик каттоонун башка маселелери жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык жалпы тартипте каралат.".
2. Бул токтомдун колдонулушу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жер казынасын пайдалануу укугуна мурда берилген лицензияларга да жайылтылат.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Эркин-Тоо мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 17-июнундагы № 44 (3700) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |