Редакцияот 19.05.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Суу-Башы айылдык Кеңештин V111 чакырылышынын кезекcиз 1Х сессиясы

 

2025-жылдын 19-майы № 80

Суу-Башы айыл аймагына караштуу Кара-Булак айылынын башкы планын бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 18-беренесине ылайык, Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 15-майындагы №243 сандуу чыгыш катынын жана Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин жер, айыл чарба жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 22-апрелиндеги отурумунун корутундусунун, 2017-жылдын 17-августундагы №490 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2025жылдарга Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын башкы пландарын иштеп чыгуу боюнча программасынын негизинде, шаар куруу жана архитектура департаменти тарабынан даярдалган шифр 827-Ош/2024 сандуу, Кара-Булак айылынын башкы планын карап чыгып, Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер ресурстары жана муниципалдык менчик боюнча адисин угуп жана талкуулап, Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

 

  1. Суу-Башы айыл аймагына караштуу  Кара-Булак айылынын башкы планы бекитилсин.

 

  1. Токтомдун негизинде тиешелүү  иш кагаздарын толуктап, өткөрүп алуу жагы   Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Макановго   жүктөлсүн.

 

3.    Токтом каттодон өткөрүлүп, suu-bashy.gov.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук  актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырамын.

 

 

 

Төрага

К.Шакиров