ТОРТ-ГУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
ТОКТОМ
Торт-Гул айылдык кеңешинин VIII (чакырылышынын) кезектеги V I-сессиясы
2025-жылы 13-майы №26
Жер пайдалануу, айыл аймактын ген планын даярдоо жана архитектура ченемдери, турак жай үчүн жер тилкелерин тактоо, трансформациялоо боюнча айыл өкмөт башчысынын иш аракеттери жөнүндө.
Жер пайдалануу, айыл аймактын ген планын даярдоо жана архитектура ченемдери, турак жай үчүн жер тилкелерин тактоо, трансформациялоо боюнча айыл өкмөт башчысы А.Эркебаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы токтом кылат:
- Жер пайдалануу, айыл аймактын ген планын даярдоо жана архитектура ченемдери, турак жай үчүн жер тилкелерин тактоо, трансформациялоо боюнча айыл өкмөт башчысы А.Эркебаевдин аткарган иштери кемчилдиктер менен канааттандырарлык деп белгиленсин.
- Чек айылында өткөн элдик чогулуштун протоколунун негизинде туракжай алуучулардын жоголгон иш кагаздары калыбына келтирилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Н.Эркебаевге милдеттендирилсин.
- Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп,tort-gui.gov.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Айылдык кенештин төрагасы: | А.Суранчиев |