ТОРТ-ГУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
ТОКТОМ
Торт-Гул айылдык кеңешинин VIII (чакырылышынын) кезектеги V I-сессиясы
2025-жылы 13-майы №28
Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Жаңы-Жер айылындагы эски ФАПтын имараттын чатырын алмаштыруу, айланасын тосуу, эскилиги жеткен үч бөлмөсүн оңдоп түзөп бала-бакча кылуу жөнүндө.
Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Жаңы-Жер айылындагы эски ФАПтын имараттын чатырын алмаштырууга, айланасын тосууга, эскилиги жеткен үч бөлмөсүн оңдоп түзөп бала-бакча кылуу боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы А.Эркебаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Төрт-Гүл айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы токтом кылат:
- Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Жаңы-Жер айылындагы эски ФАПтын имараттын чатырын алмаштырууга, айланасын тосууга, эскилиги жеткен үч бөлмөсүн оңдоп түзөп бала бакча кылууга макулдук берилсин.
- Керектүү болгон акча каражатты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Д.Анапияевге милдеттендирилсин.
- Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп,tort-gui.gov.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Айылдык кенештин төрагасы: | А.Суранчиев |