Редакцияот 30.04.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ак-Татыр айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы

 

2025-жылдын 30-апрели № 39

Ак-Татыр айылдык аймакта жеке менчик турак-үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби боюнча Жобосун бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине ылайык, айылдык аймакта жеке менчик турак-үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби Жобосун бекитүү боюнча айылдык кеңешинин айыл чарба, арго өнөр жайы, жер пайдалануу эрежелерин белгилөө жана шаар куруу менен архитектуранын ченемдерин жана эрежелерин сактоо, жайыт жерлерин пайдалануу жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 28-апрелиндеги отурумунун протоколун карап талкуулап чыгып, айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы токтом кылат:

1. Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн аймагында жеке менчик турак-үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө Жобосу бекитилсин.

 

2. Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.

 

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин айыл чарба, арго өнөр жайы, жер пайдалануу эрежелерин белгилөө жана шаар куруу менен архитектуранын ченемдерин жана эрежелерин сактоо, жайыт жерлерин пайдалануу жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жана төраганын орун басарына жүктөлсүн.

4.Бул токтом ak-tatyr.gov.kg сайтына жарыялансын.

5.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

6.Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Ак-Татыр айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоого Баткен облусунун юстиция башкармалыгына тапшыруу айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

Тиркеме 8 баракта, 2 нускада.         

         

 

 

 

 

 

Төрага:

 

Т.Исманов

 

 

 

 

     1-тиркеме

 

Ак-Татыр айылдык кеңешинин 2025-жылдын 30-апрелиндеги  кезектеги VI сессиясынын №39 токтомуна тиркеме

 

Ак-Татыр айылдык аймакта жеке менчик турак-үй курууүчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө

ЖОБО

Айылдык аймакта жеке менчик турак-үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Жарандык Кодексинин, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин, Кыргыз Республикасынын Турак Жай Кодексинин, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы №177 Токтому менен бекитилген «Жеке менчик турак-үй куруу учүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө Жобонун» жана жер боюнча укуктук мамилелерди жөнгө салуучу башка нормативдик укуктук актылардын талаптарына ылайык иштелип чыкты жана Ак-Татыр айылдык аймакта бош жерлер болгон шартта жер участокторун жеке менчик турак-үй куруу үчүн акысыз берүүнүн тартибин жөнгө салат.

Ушул Жободо колдонулуучу түшүнүктөр

 

Ушул Жободо төмөнкү түшүнүктөр колдонулат:

-башкы план - шаардык жана айылдык калктуу конуштардын аймактарын өнуктурууну келечектуу шаар куруу багытында пландоо жөнундө шаар куруу документтери;

-жер участогу - туташ чектелген жер аянты;

-короо-жай участогу (там-арка) - мамлекеттик бийлик же жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары (айыл өкмөтү) тарабынан турак-уй куруу учун жарандарга бөлунуп берилген, улуш эмес, бирок, турак-уйгө танапташ жаткан жер;

-жер участогун болуу – Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн чечиминин негизинде чек арасын көрсөтуу менен жер участогун накталай бөлуп беруу;

-жер участоктун өлчөмү - мыйзамда белгиленген тартипте айылдык кеңеши тарабынан аныкталып, тиешелуу токтом менен бекитилген жеке турак-уй куруу учун бир адамга берилчү жер участоктун чарчы метр же гектар менен эсептелинген аянты;

-жер участогуна менчик укугу - жеке жана юридикалык жактардын Конституция, Жер Кодекс жана башка мыйзам актылары менен таанылган жана корголуучу, Жер Кодексте белгиленген чектөөлөр менен бир эле мезгилде өзунө таандык жер участогун, өзу каалагандай ээлик кылууга жана тескөөгө укугу;

-жеке турак-үй - жеке турак-уй куруу учун бөлунуп берилген жер участогуна курулган, анын менчик ээлери же пайдалануучулар тарабынан жашоо учун пайдаланылуучу белгилуу бир жеке турак имараты;

-турак-уйдун жалпы аянты - балкондорду, лоджияларды, верандаларды жана терассаларды кошпогондо, турак-уйдун турак жана турак эмес аянттарынын суммасы;

-турак-уйдун турак аянты - турак-уйдөгу чарчы метр менен эсептелинген турак бөлмөлөрунун аянттарынын суммасы;

-турак жай аянтынын ченеми - Кыргыз Республикасында турак жай аянтынын ченеми Өкмөт тарабынан белгиленет жана бир адамга 12 чарчы метрден кем болбоого тийиш;

-турак жай аянтынын социалдык ченеми - Кыргыз Республикасында турак жай аянтынын социалдык ченеми бир адамга турак жайдын жалпы аянтынын 18 чарчы метр өлчөмундө белгиленген.

 

Жеке менчик турак-үй куруу учун жер участокторун                            бөлүп беруунун тартиби

1.        Берилчу объект болуп Ак-Татыр айылдык аймакта жайгашкан жана менчикке берилиши мумкун болгон бош жер участоктору эсептелет.

2.        Жеке менчик турак-уй куруу учун жер участогу айылдык аймактын калктуу конуштарынын башкы пландарына ылайык, ал эми алар жок болсо - Баткен регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы менен макулдашылган башкы пландардын схемасына ылайык бөлунуп берилет.

3.        Жеке менчик турак-уй куруу учун берилчу жер участоктору учунчу жактардын укуктарынан бош болууга жана жарандык-укуктук бутумдөрду жургузуу учун чектөөсуз болууга тийиш.

4.        Жеке менчик турак-уй куруу учун берилчу жер участогу айылдык аймактын тургундарынын менчигине айылдык кеңеш аныктаган өлчөмдө, айыл өкмөту тарабынан акысыз турдө берилет.

Жеке менчик турак-үй куруу учун жер участогун алууга ниеттенгендерге коюлуучу талаптар

5.        Ак-Татыр айылдык аймакта жеке менчик турак-уй куруу учун жер участогун алуу укугуна Кыргыз Республикасынын төмөнкудөй жараны ээ болот:

-  Айылдык аймакта 1 (бир) жылдан кем эмес жашаган;

- Кыргыз Республикасынын (буткул) аймагы боюнча мурда Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 32-беренесинин 1-бөлугунун негизинде жеке менчик турак-уй курууга берилген жер участогу жок;

-  турак жай аянты белгиленген санитардык нормаларга жана талаптарга жооп бербеген жарандарды кошпогондо, менчик турак жайы (уйу, квартирасы) жок;       -  акыркы 5 жылдын ичинде сатуу-сатып алуу, алмашуу, тартуулоо ж.б.у.с. бутумдерду тузуп, менчигинде турган турак жайды учунчу жактарга бсруу мснсн езунун турак жай шарттарын начарлатууга багытталган жарандык-укуктук иштерди жасабаган.

Ушул пункттун экинчи абзацында каралган талап Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн чечиминин негизинде жерлерди өздөштуруу аркылуу, жаныдан тузулгөн калктуу конуштарга колдонулбайт.

Жер участогун алуу учун тапшырылычуу документтер

6.        Жеке менчик турак уй куруу учун жер участогун алуу учун талапкер адам айыл өкмөтүнө төмөнкудөй документтерди тапшырат:

- аныкталган формадагы арыз;

- өздугун тастыктаган документтин (паспорттун ж.б.) көчурмөсу;

- «Кадастр» мамлекеттик ишканасынын Баткен филиалынан анын менчик укугундагы турак жайы же жеке менчик турак-уй куруу учун мурда берилген жер участогу жоктугу тууралуу маалымкат;

- эмгек китепчесинин көчурмөсу (эгер болсо);

- эмгек ишмердуулугун жургузуп жаткан учурда иштеген жеринен өтунуч (жарандын калоосу боюнча берилет);

- Баткен райондук эмгек жана социалдык өнугуу башкармалыгынан жумушсуздук макамы бар экенин ырастаган маалымкат;

- турак жай шарттарын текшеруу актысы (жеке же биргелешкен менчик турак жайы бар болгон учурда);

- уй-булесунун курамы жөнундөгу айыл өкмөттун маалымкаты.

7.        Жеке менчик турак-уй куруу учун жер участогун алуу учун айыл өкмөтунө документ тапшырган талапкерлер, ошондой эле документтерди беруучу ыйгарым укуктуу органдар жана башка мекеме-ишканалар, берилген документтердин тууралыгы учун мыйзамда белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат.

Жеке менчик турак-уй куруу учун жер участокторун беруу боюнча комиссия

8.        Жеке менчик турак-уй куруу учун жер участокторун беруу боюнча иштерди жургузуу жана уюштуруу жагы айылдык/шаардык кецештин макулдугу менен айыл өкмөту/мэрия тузген комиссия тарабынан жузеге ашырылат.

9.        Жеке менчик турак-уй куруу учун жер участокторун беруу боюнча комиссия (мындан ары - Жер участокторун беруу боюнча комиссия/Комиссия) өзунун ишмердуулугун колдонуудагы мыйзамдардын, КР Өкмөтунун 2005-жылдын 6-майындагы №177 Токтому менен бекитилген «Жеке менчик турак-уй куруу учун жер участокторун беруунун тартиби жөнундөЖобонун», айылдык кеңеш менен айыл өкмөттун укуктук актыларынын жана ушул Жобонун негизинде жузөгөашырат.

10.      Жер участокторун беруу боюнча комиссиянын курамы айыл өкмөт башчысынын сунушу боюнча айылдык кеңеш тарабынан бекитилет.

Жер участокторун беруу боюнча комиссия төмөнкудөй курамда тузулөт:

1)      Айыл өкмөттун өкулдөру:

айыл өкмөттун орун басары же башка жооптуу кызматчы; айыл өкмөттун жер маселелер боюнча адиси; Айылдык аймактагы айылдарынын башчылары.

2)         Айылдык кеңештин 2-3 депутаты.

3)         Аксакалдар сотунун төрагасы же башка бир мучөсу.

4)         Аялдар кеңешинин төрайымы же башка бир мучөсу.

5)         Жаштар комитетинин төрагасы же башка бир мучөсу.

6)         «Кадастр» мамлекеттик ишканасынын Баткен филиалынын өкулу.

7)         Баткен региондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын өкулу.

8)         Баткен райондук эмгек жана социалдык өнуктуруу башкармалыгынын өкулу. Комиссиянын курамынын жалпы саны 13-15 мучө.

Жер участокторун беруу боюнча комиссиянын айрым мучөлөрунун милдеттери

11.      Жер участокторун беруу боюнча комиссиянын ишмердуулугун алкагында, анын айрым мучөлөрунун - кыймылсыз мулккөукуктарды каттоо боюнча жергиликтуу мамлекеттик органдын өкулунун, архитектура боюнча мамлекеттик органдын өкулунун жана эмгек жана социалдыкөнуктуруу боюнча мамлекеттик органдын өкулунун милдеттерине төмөнкулөр кирет, а.и.:

 

1. «Кадастр» мамлекеттик ишканасынын Баткен филиалынын өкулунун милдеттери:

-жер участогунун документте белгиленген чегараларга жана аянттарга туура келишин натурасында текшеруу;

- жеке менчик турак уй куруу учун берилчу жер участокторунун чегараларын чектеш жер участокторунун менчик ээлери же пайдалануучулары менен макулдашуу;

- сервитуттар же башка чектөөлөр бар же жок экенин текшеруу.

 

1.    Баткен региондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын өкулунун милдеттери:

- комиссиянын отурумдарын (заседаниелерин) өткөруу учун керектуу материалдарды жана документтерди даярдоо;

- бекитилген курулуш куруу документтерин, курулуштук нормаларды жана эрежелерди эске алуу менен участоктун чегараларын аныктоо;

- санитардык, өрткөкаршы жана башка кызматтарга бөлуп беруу белгиленип жаткан жер участогун пайдалануунун шарттары жана инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошуунун шарттары жөнүндө суроо жиберуу;

- алынган маалыматтардын негизинде жер участогун пайдалануунун мумкундуктөру жөнүндө жалпыланган техникалык корутунду тузуу.

 

3. Баткен райондук эмгек жана социалдык енуктуруу башкармалыгынын екулунун милдеттери:

- керектуу учурларда комиссиянын отурумдарына жер участогун алуучулардын арасындагы социалдык жактан коргоолуучу, аз камсыз болгон жарандарга тиешелуу болгон материалдарды жана документтерди даярдоо;

-  социалдык жактан корголуучу, аз камсыз болгон жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо.

Жер участокторун беруу боюнча комиссиянын           ишмердуулугунун тартиби

12.      Жер участокторун беруу боюнча комиссиянын төрагасы болуп айыл өкмөттун башчысы айылдык кеңештин макулдугу менен сунушталган адам саналат.

Комиссиянын катчысы болуп айыл өкмөттун жооптуу катчысы саналат.

13.      Комиссия өз ишин отурум (заседание) турундө жургузөт. Отурумдардын журушу жана алардын натыйжалары протокол турундө таризделет.

Комиссиянын отурумдарынын жыштыгын, комиссиянын төрагасы айылдык аймактын тургундарынан жеке менчик турак-уй куруу учун жер участокторун алууга арыздары келип тушкөндөн кийин, аныктайт.

Бирок комиссиянын отурумдары айына 1 (бир) жолудан кем эмес болууга тийиш.

14.      Комиссиянын отурумуна милдеттуу турдө анын бардык мучөлөру чакырылат.

Отурумду комиссиянын төрагасы жургузөт, ал жок болгон учурда комиссиянын катчысы же төрага тарабынан ыйгарым укук берген комиссиянын мучөсу жургузөт.

Комиссиянын чечимдери мучөлөрунун жалпы санынын учтөн экиден кем эмеси катышканда, кворум болсо, добуштардын жөнөкөй көпчулугу менен кабыл алынат.

Добуштар бирдей болуп калган учурда, комиссиянын төрагасынын добушу чечуучу болуп саналат.

Комиссиянын отурумунун протоколун төрага бекитет.

15.      Комиссиянын отурумунун жыйынтыгы менен же отурумда каралып жаткан кандайдыр бир маселе менен макул болбогон комиссиянын мучөсу, төмөнкулөргө укуктуу:

-макул эместиги боюнча өзунун өзгөчө пикирин жазуу турундө билдируугө жана ал пикирди отурумдун протоколуна тиркетируугө;

-макул эмес массле боюнча отурумдун жыйынтыгында добуш беруудөн баш тартууга жана бул анын чечимин отурумдун протоколуна жазуу турундө киргиздируугө.

16.      Эгерде комиссиянын отурумунда, анын бир мучөсунун жакын туугандык мамилеси бар жер участогун алуучунун арызы каралып жаткан болсо, анда ал комиссиянын мучөсу кызыкчылыктардын карама-каршылыгын (конфликт интересов) болтурбоо учун, өз ыктыяры менен ошол отурумга катышуудан баш тартууга тийиш.

Андай болбогон учурда, комиссия аталган мучөсун отурумга катышуудан баш тартуу жөнүндө эскертип, отурумдан баш тартуусун милдеттендирет. Бул боюнча отурумдун протоколунда жазуу турундө көрсөтулөт.

17.      Жер участокторун беруу боюнча комиссиянын мучөлөру өзунун ишмердуулугун коомдук негизде жургузушөт.

Айыл өкмөту комиссиянын отурумдарын өткөруу учун жана анын ишине байланыштуу отурумдардын протоколдорун жана башка материалдарды сактоо учун жай берет.                                                                                                                                                    Айыл өкмөту комиссиянын ишмердуулугун колдоо максатында:                                                       - офистик жана башка техника, кагаз ж.б.у.с. менен камсыздайт;                                                  - комиссиянын айрым мучелерунун отурумга катышуу учун кеткен жол чыгымдарын телеп берет;                                                                                                  - - комиссиянын айрым мучөлөрунун ишке байланыштуу зарыл болгон учурда Баткен шаарына жана башка жерге барып-келуу учун жол чыгымдарын төлөп берет. Комиссиянын ишмердуулугунө байланыштуу башка дагы зарыл болгон чыгымдарды айыл өкмөту жергиликтуу бюджеттен төлөп беруугө милдеттуу.

18.      Жер участокторун беруу боюнча комиссиясы төмөнкудөй функцияларды аткарат:

- Айылдык аймактын тургундарынан жеке менчик турак-уй куруу учун жер участогун беруу жөнүндө арыздарды жана аларга кошулган (тиркелген) документтерди толук кандуу жана обьективдуу карап, изилдеп чыгып, жер участогун беруу же жер участогун беруудөн баш тартуу туралуу чечим чыгарат;

- Жер участок алуучулардын төмөнкудөй тизмелерин жургузөт, а.и.:

а) Жер участок алуучулардын жалпы тизмеси;                                                                       б) Кезексиз жер участогун алуучулардын тизмеси;         в) Биринчи кезекте жер участогун алуучулардын тизмеси.

- Зарыл болгон учурда, төрага комиссиянын макулдугу менен, жер участокторун беруугө байланыштуу маселелер боюнча тиешелуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарына жана башка мекеме-ишканаларга жазуу турундө кайрылат;

- Айыл өкмөтү менен биргеликте жеке менчик уй куруу учун жер участокторун беруугө байланыштуу маселер боюнча коомдук угууларды өткөзөт;

- Жеке менчик уй куруу учун жер участокторун беруу боюнча жергиликтуу ченемдик актыларына өзгөртуулөрду жана кошумчаларды киргизуу боюнча сунуштарды иштеп чыгып, сунуштайт;

- Ушул Жободо жана башка ченемдик укуктук актыларда каралган компетенциянын чегинде жер участокторун беруугө байланыштуу башка маселелерди карайт.

19.      Комиссиянын чечими протокол менен жол-жоболоштурулат, ал жер участогун бөлуп берүү жөнүндө айыл өкмөттун чечимин даярдоо жана жер участогуна жеке менчик укугуна мамлекеттик актыны тузуу учун негиз болуп саналат.

20.      Жер участокторун беруу комиссиянын мучөсунун мучөлугу төмөнкудөй учурларда токтотулат:

-өзунун жеке арызынын негизинде;                - айыл өкмөт башчысынын чечиминин негизинде;                                - Кыргыз Республикасыиын пайдалануудагы мыйзамдарында белгиленген учурларда

21.      Жер участокторун беруу боюнча комиссиянын мучөлөру Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдардын жана ушул Жобонун талаптарын одоно бузган учурларда, мыйзамда белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартылышат.

Жер участокторду беруунун кезектуулугу

22.      Айылдык аймактын тургундарына жеке менчик турак-уй куруу учун жер участоктору тапшырган арыздарына ылайык кезегине жараша ирет менен берилет.

Арыз тапшыргандар, кезексиз жана биринчи кезекте жер участогун алуу укугуна ээ адамдарды кошпогондо, жер участок алуучулардын жалпы тизмесине каттоого алынат. Жер участокторун беруунун кезектуулугу каттоого алуунун убагы боюнча аныкталат.

23.      Кыргыз Республикасынын турак жай мыйзамдарына ылайык айылдык аймактарда жеке менчик турак-уй куруу учун жер участоктору төмөнку категориядагыларга кезексиз берилет: жетим балдарга, ата-энелеринин көзөмөлчулугусуз калган балдарга, жетим балдардын жана ата-энесинин көзөмөлчулугусуз калган балдардын ичинен адамдарга, алардын билим беруучу жана башка мекемелерде, анын ичинде социалдык жактан тейлөө мекемелеринде, багуучу уй-булөлөрдө, уй-булө тибиндеги балдар уйлөрундө болуусу аяктаганы боюнча, камкорчулук (көзөмөлчулук) токтотулганда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Куралдуу Кучтөрундө кызмат өтөө аяктаганы боюнча же эркиндигинен ажыратуу жайларынан келгендиги боюнча.

Жер участокторун кезексиз алуу укугуна ээ адамдар жер участокторун беруу боюнча комиссия тарабынан өзунчө каттоого алынат.

24.      Кыргыз Республикасынын турак жай мыйзамдарына ылайык айылдык аймакта жеке менчик турак-уй куруу учун жер участоктору төмөнкулөргө биринчи кезекте берилет:

-  Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары жана курман болгондордун же дайынсыз жоголгон аскерлердин (партизандардын) уй-булөлөру жана белгиленген тартипте аларга теңештирилген адамдар;

-  Советтер Союзунун Баатырлары, Социалисттик Эмгектин Баатырлары, ошондой эле Данк, Эмгек Данкы ордендери, СССР «Куралдуу Кучтөрундө мекенге кызмат кылгандыгы учун» орденинин бардык уч баскычы менен сыйланган адамдар;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөту тарабынан бекитилген оорулардын тизмесинде саналган кээ бир өнөкөт оорулардын оор формалары менен жабыр тарткан адамдар;

- жалпы оорунун, эмгектик майып болуунун же кесиптик оорунун натыйжасындагы I жана II топтогу майыптар жана аскер кызматчыларынын ичинен I жана II топтогу майыптар;

-«Баатыр-эне» наамы ыйгарылган энелер;

-көп балалуу уй-булөлөр;

-ден соолугунун мумкунчулуктөру чектелуу балдарды тарбиялаган уй-булөлөр; аскердик кызматтык милдеттерин аткарууда, адамдын өмурун, коомдук мулкту сактап калуу боюнча жарандык парзды аткарууда курман болгон адамдардын уй- булөлөру;

-1986-1987-жылдарда бөлуп коюлган зонанын чегинде Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюу боюнча жумуштарга катышкан же ушул мезгилде Чернобыль АЭСинде эксплуатациялоо же башка жумуштарда иштеген (анын ичинде убактылуу жиберилген же ишке жөнөтулгөн) адамдар;

-мамлекеттик жана муниципалдык турак жай фондунун бузууга жаткан жашаган турак жайларында жашаган адамдар;

-мамлекеттик жана муниципалдык турак жай фондунун кулап калуу коркунучу бар турак жайларында жашаган адамдар;

-аскер кызматынан запаска же отставкага бошотулган жана турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж деп таанылган (аскер шаарчаларынан чыгарылган) аскер кызматчылары.

Жер участокторун биринчи кезекте алууга укуктуулар жер участокторун беруу боюнча комиссия тарабынан өзунчө каттоого алынат.

Корутунду жоболор

25.      Жер участокторун беруу боюнча комиссиянын утурумдук иштерин айыл өкмөттун туруктуу негизде иштөөчу тийиштуу кызматтары аткарышат.

 

26.      Айыл өкмөту жалпыга малымдоо каражаттарына жеке менчик турак-уй куруу учун жер участокторунун берилери жөнүндө кулактандыруу жарыялайт.

Кулактандырууда, ушул маселе боюнча боло турган коомдук угуулардын убактысы жана кайсыл жерде өткөрулө тургандыгы жөнүндө маалымат жана жеке менчик турак-уй куруу учун жер участокторду алуучулардын тизмеси көрсөтулөт.

27.      Жеке менчик турак уй куруу учун берилген жер участогун чегарасы натурасында (жеринде) аныкталганга жана жер участогуна укукту кубөлөндуруучу документ жана турак уйдун макулдашылган долбоору берилгенге чейин өздөштурууну баштоого тыюу салынат.

28.      Жер участогун бөлуп беруу жөнүндөгу айыл өкмөттун чечими, административдик иштер жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамда аныкталган тартипте даттанылышы мумкун.

 

 

Төрага       Т.Исманов