Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 22-январы № 10
“Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2024-жылда бюджетинин аткарылышы жана 2025-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө”.
Ак-Суу айыл өкмөтү 2024-жылга коюлган бюджетинин аткарылышы 2025-жылга Кыргыз Республикасынын каржы министри тарабынан берилген контролдук цифра боюнча Ак-Суу айыл өкмөтүнүн каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы А.Курбаналиев жана айылдык кеңешинин бюджет жана экономика боюнча комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2025-жылга бюджети жана 2025-2027-жылдарга долбоору жөнүндөгү” “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин, Кыргыз Республикасынын өз алдынча башкаруу жөнүндө”мыйзамдарына ылайык түзүлгөндүгүн белгилейт.
Жогорудагыларды угуп жана талкуулап,Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Ак-Суу айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Курбаналиевдин билдирүүсү көңүлгө алынсын .
2.Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы бюджетинин аткарылышы ”канааттандырарлык” деп табылсын.
3.Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2024-жылга калдыгы 1130,1 кабыл алынган жергиликтүү бюджетине жыл ичиндеги өзгөрүүлөр жана толуктоолор менен жалпы жыл ичинде бюджет 27562,1 миң сом эсебинде киреше жана 25720,4 миң сом чыгашалары
№ 1,2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
4.Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын бюджетинин киреше жана чыгашалары 25364,2 миң сом өлчөмүндө № 3,4 тиркемеге ылайык алымча,кошумчаларын тактоо менен бекитилсин.
5.2025-жылга республикалык бюджеттен берилүүчү теңдештирүүчү гранттын өлчөмдөрү каралып, биринчи кезекте эмгек акы жана социалдык фондго, тамак-ашка жана коммуналдык чыгымдарга чыгымдала тургандыгы белгиленсин, алардын өлчөмдөрү
№ 5 тиркемеге, жергиликтүү салыктардын нормативдери № 6 тиркемеге ылайык бекитилсин.
6.Райондук казына бөлүмү аркылуу Ак-Суу айылдык кеңешинин аймагынан чогулган салыктар, жыйымдар жана атайын каражаттар Ак-Суу айыл өкмөтүнүн эсебине
топтоштурулуп,чыгымдалышына жетишилсин.
7.2025-жылга Ак-Суу айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгымдарын каржылоо анын киреше бөлүгүнүн аткарылышына жараша жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин, анын ичинен биринчи кезекте корголуучу статьялар боюнча (эмгек акыларды төлөө,соцфонд чегерүү, коммуналдык кызматтарга жана тамак-аш сатып алууга).
8.Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын негизинде Ак-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдык клубдар, китепканалар,коргонуу,соц коргоо,билим берүү жана бала бакчаларга жеңилдиктер Ак-Суу айыл өкмөтүнүн бюджетинен чыгарылсын.
9.1-январь 2025-жылга бюджеттик каражаттардан калган 2483,5 миң сом акча каражаттарынын сметасы № 7 тиркемеге ылайык бекитилсин.
10.1-январь 2024-жылга атайын эсептен калган 75,9 миң сомдук акча каражаттарынын сметасы № 8 тиркемеге ылайык бекитилсин.
11.Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2024-жылда каржыланбай калган чыгымдары 2025-жылга каралган бюджетинин чегинде каржылансын.
12.Ак-Суу айыл өкмөтүнүн бюджетине киргизилген өзгөртүүлөр айылдык кеңештин сессиясында жактырылгандан кийин аткарууга алынары белгиленсин.
13.Ак-Суу айыл өкмөтүнүн бюджети боюнча 2025-жылдын 1-январына карата жүргүзүлүүчү кассалык накталай акча 100,0 миң суммасында белгиленсин.
14. Айыл өкмөтүнүн 2025-жылга каралган бюджети 2025-жылдын 1-январынан баштап ишке киргизилсин.
15.Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2025-2026-2027-жылдарга болжолдуу бюджетинин долбоору бекитилсин.
16.Бул чечимдин аткарылышын камсыздоо Ак-Суу айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Курбаналиевге,көзөмөлдөө Ак-Суу айылдык кеңешинин бюджет,экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Саматов |