Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II-сессиясы
2025-жылдын 22-январы № 11
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2024-жылда Социалдык өнүгүүсүнүн индикативдик планынын аткарылышы жана 2025-жылга индикативдик планын бекитүү жөнүндө.
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн экономист-статисти Д.Бекмуратовдун Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2024-жылда Социалдык өнүгүүсүнүн индикативдик планынын аткарылышы жана
2025-жылга индикативдик планын бекитүү боюнча маалыматын угуп жана талкуулап,
Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин VIII чакырылышынын
кезектеги II сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Ак-Суу айыл өкмөтүнүн экономист-статисти А.Курбаналиевдин билдирүүсү көңүлгө алынсын.
2.Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2024-жылда Социалдык өнүгүүсүнүн индикативдик планынын аткарылышы “канааттандырарлык” деп белгиленсин.
3.Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2025-жылга индикативдик планы бекитилсин.
4.Ак-Суу айыл аймагы боюнча статтык маалыматтарды так,туура өз убагында жүргүзүү
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн экономист-статисти Д.Бекмуратовго милдеттендирилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Худаяровго тапшырылсын
Төрага | А.Саматов |