Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II-сессиясы
2025-жылдын 22-январы № 12
“2025-2027-жылдарга карата Ак-Суу айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө”.
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-39-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 88-беренесине ылайык,Ак-Суу айылдык кеңешинин депутаттарынын экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.2025-2027-жылдарга карата Ак-Суу айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Прграммада камтылган иш-чаралардын аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Суу айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Р.Худаяровго тапшырылсын.
3.Ушул токтом каттоого алынсын жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Суу айылдык кеңешинин экономика,
бюджет,соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Саматов |