Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II-сессиясы
2025-жылдын 22-январы № 15
Ак-Суу айылдык кеңешинин 2025-жылга карата иш планы жана депутаттардын туруктуу комиссияларынын иш пландарын бекитүү жөнүндө”.
Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин жооптуу катчысы У.Шамуратовдун Ак-Суу айылдык кеңешинин 2025-жылга карата иш планы жана депутаттардын туруктуу комиссияларынын иш пландарын бекитүү боюнчабилдирүүсүн угуп жана талкуулап,
Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги
II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин жооптуу катчысы У.Шамуратовдун билдирүүсү көңүлгө алынсын.
2. Ак-Суу айылдык кеңешинин 2025-жылга карата иш планы жана депутаттардын туруктуу комиссияларынын иш пландары бекитилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрагасы А.Саматовго тапшырылсын.
Төрага | А.Саматов |