Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II-сессиясы
2025-жылдын 22-январы № 16
Ак-Суу айыл аймагындагы Жайыт пайдалануучулар бирикмеси,”Ак-Суу ИСКАКБ” калкка кызмат көрсөтүү ишканаларын жоюу жөнүндө”.
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде КР жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндөгү” №52 токтомунун алкагында жана 2025-жылдын 14-15-январында өткөрүлгөн Ак-Суу айыл аймагынын жалпы элдик чогулушунун протоколунун негизинде Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Худаяровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү
кеңешинин VIII чакырылышынын кезектегиII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Худаяровдун билдирүүсү көңүлгө алынсын.
2. Ак-Суу айыл аймагындагы Жайыт пайдалануучулар бирикмеси,”Ак-Суу ИСКАКБ” калкка кызмат көрсөтүү ишканаларын жоюуга макулдук берилсин.
3.Токтомдун аткарылышын камсыздоо Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Худаяровго милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрагасы А.Саматовго тапшырылсын.
Төрага | А.Саматов |