Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II-сессиясы
2025-жылдын 22-январы № 17
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн алдында”Ак-Суу элге кызмат” муниципалдык ишканасын түзүүгө макулдук берүү жөнүндө”.
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде КР жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндөгү” №52 токтомунун алкагында Ак-Суу айыл өкмөтүнүн алдында”Ак-Суу элге кызмат” муниципалдык
ишканасын түзүү боюнча Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Худаяровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
VIII чакырылышынын кезектегиII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Худаяровдун билдирүүсү көңүлгө алынсын.
2. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн алдында ”Ак-Суу элге кызмат” муниципалдык ишканасын
түзүүгө макулдук берилсин.
3.”Ак-Суу элге кымат” муниципалдык ишканасынын Уставы бекитилсин жана Баткен областык Адилет башкармалыгынан өткөрүү сунушталсын.
4.Токтомдун аткарылышын камсыздоо Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Худаяровго милдеттендирилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрагасы А.Саматовго тапшырылсын.
Төрага | А.Саматов |