Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II-сессиясы
2025-жылдын 22-январы № 18
Ак-Суу айыл аймагынын айылдарында жол белгилерин коюуга макулдук берүү жөнүндө”.
Лейлек РИИБ нын 2025-жылдын 20-январындагы №34-7,49 сандуу чыгыш катынын негизинде Ак-Суу айыл аймагынын участкалык инспектору Лейлек РИИБдин КККнын МАЫӨ милициянын майору Н.Түркбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап,
Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги
II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Лейлек РИИБдин КККнын МАЫӨ милициянын майору Н.Түркбаевдин билдирүүсү көңүлгө алынсын.
2. Ак-Суу айыл аймагында жол коопсуздугун камсыз кылуу максатында,Жеңиш айылындагы Достук көчөсүнө,Алга айылындагы Орто жана Мазар үстү көчөлөрүнө,
Ак-Суу айылындагы Раззаков-Достук,Раззаков-Береке көчөлөрүнүн кесилишине жасалма тегиз эмес жол жана жол коопсуздугун көрсөткөн жол белгилерин орнотууга
макулдук берилсин.
3.Токтомдун аткарылышын камсыздоо Ак-Суу айыл аймагынын участкалык инспектору РИИБдин КККнын МАЫӨ милициянын майору Н.Түркбаевге милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрагасы А.Саматовго тапшырылсын.
Төрага | А.Саматов |