Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II-сессиясы
2025-жылдын 22-январы № 23
“Грек-Рим күрөшү боюнча спорттук иш чараны өткөрүүгө акча каражатын бөлүү жөнүндө”.
Суу-Башы айылынын жашоочусу,Грек-Рим күрөшү боюнча СССР спортунун чебери О.Тилековдун атына спорттук иш-чараны өткөрүү боюнча Ак-Суу айыл өкмөтүнүн
Суу-Башы айылынын элинин кайрылуусун угуп жана талкуулап,Ак-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектегиII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Суу-Башы айылынын элинин кайрылуусу көңүлгө алынсын.
2. СССР спортунун чебери О.Тилековдун атына Грек-Рим күрөшү боюнча спорттук
иш-чараны өткөрүү үчүн Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы бюджетинен 200 000 (эки жүз) миң сом акча каражатын берүүгө макулдук берилсин.
3.Токтомдун аткарылышын камсыздоо Ак-Суу айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Курбаналиевге милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Суу айылдык кеңешинин экономика,
бюджет,соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Саматов |