Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II-сессиясы
2025-жылдын 22-январы № 24
“Соода борборлорун ижарага берүү жөнүндө”.
Ак-Суу айылынын борборундагы кичи базарды ишкерлерге ижарага берүү боюнча жергиликтүү калктын кайрылуусун угуп жана талкуулап,Ак-Суу айылдык кеңешинин
VIII чакырылышынын кезектегиII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айылынын жергиликтүү жашоочуларынын кайрылуусу көңүлгө алынсын.
2. Ак-Суу айылынын борборундагы кичи базарды оңдоп-түзөп, шартты жакшыртып,
ишкерлерге мыйзам чегинде ижарага берүүгө макулдук берилсин.
3.Токтомдун аткарылышын камсыздоо Ак-Суу айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси А.Шамшиевге милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Суу айылдык кеңешинин экономика,
бюджет,соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Саматов |