Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II-сессиясы
2025-жылдын 25-февралы № 25
“Ак-Суу элге кызмат” муниципалдык ишканасынын тариф,иш графиги жана бюджетин бекитүүгө макулдук берүү жөнүндө”.
2025-жылдын 21-февралында жалпы элдик чогулуштун катышуучуларынын
№ 2 протоколунун алкагында кабыл алынган тариф,иш график жана бюджеттик эсептөөлөрдүн негизинде Ак-Суу айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн “Ак-Суу элге кызмат” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Ы.Жумабаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап,Ак-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексизIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Ак-Суу элге кызмат” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Ы.Жумабаевдин билдирүүсү көңүлгө алынсын.
2. “ Ак-Суу элге кызмат ” муниципалдык ишканасынын тариф,иштөө графиги,штаттык бирдиги жана бюджетин бекитүүгө макулдук берилсин.
3.Токтомдун аткарылышын камсыздоо “Ак-Суу элге кызмат” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Ы.Жумабаевге милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Суу айыл айылдык кеңешинин экономика,
бюджет,соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Саматов |