Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II-сессиясы
2025-жылдын 25-февралы № 26
“Турак имараттары жана жайлары үчүн салык өлчөмүн бекитүү жөнүндө”.
КР Финансы министрлигине караштуу салык кызматынын 2025-жылдын
12-февралындагы №37 “КР Салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамына ылайык КР Финансы министрлигине караштуу мамлекеттик салык кызматынын 2025-жылдын 14-февралындагы чыгыш
№24-2-12/1959 сандуу катынын негизинде Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.КР Финансы министрлигине караштуу салык кызматынын 2025-жылдын
12-февралындагы №37 “КР Салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамы аткарууга алынсын.
2.” КР Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө ” КР Мыйзамынын 4-беренесинин 14-пунктуна ылайык 2025-2027-жылдарга салык мезгилдери жана Салык кодексинин
379-беренесине ылайык турак имараттары жана жайлары үчүн салык 1 (бир) чарчы метрине 10 (он) сом өлчөмүндө мүлк салыгы бекитилсин.
3.Токтомдун аткарылышын камсыздоо Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Худаяровго тапшырылсын.
Төрага | А.Саматов |