Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II1-сессиясы
2025-жылдын 25-февралы № 27
“Ак-Суу айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн муниципалдык ишканага кошумча жабдууларды сатып алуу үчүн акча каражатын бөлүүгө макулдук берүү жөнүндө”.
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн Жеңиш айылындагы муниципалдык ишканага кошумча жабдууларды сатып алуу жана орнотуу долбоорун ишке ашыруу максатында 2025-жылга Лейлек райондук өнүктүрүү фондуна сунуштоо менен 2025-жылдын 1-январына карата калдык 2483505 (эки миллон төрт жүз сексен үч миң беш жүз беш) сом акча каражатын бөлүү боюнча Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Худаяровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Худаяровдун билдирүүсү көңүлгө алынсын.
2. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн өздүк салымы катары,2025-жылдын 1-январына карата бюджетинин калдык суммасы 2483505 (эки миллон төрт жүз сексен үч миң беш жүз беш) сом акча каражатын башкаруу аппаратынын 3112 беренесинен Лейлек райондук өнүктүрүү фондуна сунушталган долбоорго бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
3.Токтомдун аткарылышын камсыздоо Ак-Суу айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Курбаналиевге милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин депутаттарынын экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Саматов |