Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги I1I-сессиясы
2025-жылдын 25-февралы № 28
“Ак-Суу дарыясынын жээгиндеги жаңыдан өздөштүрүлгөн жерлерди ижарага берүү жөнүндө”.
Ак-Суу дарыясынын Кызыл-Бараз участкасынын жанында курулуп жаткан,таш дамбанын айланасында жаңыдан ачылган жерлерди Ак-Суу айыл аймагынын жарандарына ижарага берүү боюнча Ак-Суу айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси А.Шамшиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап,Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси А.Шамшиевдин билдирүүсү көңүлгө алынсын.
2. Ак-Суу дарыясынын Кызыл-Бараз участкасынын жанында курулуп жаткан,таш дамбанын айланасында жаңыдан өздөштүрүлгөн жерлерди ижарага берүүгө макулдук берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин мыйзамдарына ылайык жерди ижарга берүү жана ижара акысын бекитүү боюнча иш аракеттерди жүргүзүү Ак-Суу айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси А.Шамшиевге жана комиссия курамына милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Худаяровго тапшырылсын.
Төрага | А.Саматов |