Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II-сессиясы
2025-жылдын 25-февралы № 29
“Шалы оруп,жыйноочу комбайн сатып алууга макулдук берүү жөнүндө ”.
Ак-Суу айыл аймагынын калкынын шалыларын (күрүч) оруп,жыйноодо дыйкандарга ыңгайлуу шарт түзүү менен айыл өкмөттүн бюджетин өстүрүү максатында жергиликтүү калктын кайрылуусунун негизинде Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Худаяровдун маалыматын угуп жана талкуулап,Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
VIII чакырылышынын кезексиз III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Худаяровдун маалыматы көңүлгө алынсын жана канааттандырылсын.
2.Ак-Суу айыл өкмөтүнүн бюджетинен Шалы оруп,жыйнооч комбайн сатып алууга өкмөттүн өздүк салымы катары 1000 000 (бир миллион) сом акча каражатын берүүгө макулдук берилсин.
3.Калган керектелүүчү 2 000 000 (эки миллион) сом өлчөмдөгү сумма Лейлек райондук Өнүктүрүү фондунан суралсын.
4.Токтомдун аткарылышын камсыздоо Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Худаяровго көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин экономика,бюджет соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Саматов |