Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 1II-сессиясы
2025-жылдын 25-февралы № 30
“Көрктөндүрүү үчүн бак-дарак тиккенге жер берүүгө макулдук берүү жөнүндө ”.
Ак-Суу айылынын жашоочусу Т.Ганыбаевдин арызынын негизинде Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Худаяровдун маалыматын угуп жана талкуулап, Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ак-Суу айылынын жашоочусу Т.Ганыбаевдин арызы көңүлгө алынсын.
2.Ак-Суу айылынын жашоочусу Т.Ганыбаевдин арызы канааттандырылсын.Бак-дарак тигип,көрктөндүрүү үчүн 0,70 га жер бөлүгүн берүүгө макулдук берилсин.
3.Токтомдун аткарылышын камсыздоо Ак-Суу айыл өкмөтүнүн жер боюнча адиси А.Шамшиевге жүктөлсүн.
4.Көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин айыл чарба,өнөр жай,жерге жайгаштыруу,экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Саматов |