Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV-сессиясы
2025-жылдын 27-марты № 31
“Ак-Суу айыл аймактык шайлоо комиссиясынын курамын жана резервинин сапаттык курамын бекитүү жөнүндө ”.
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР Мыйзамынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык жана Лейлек АШКнын 2025-жылдын 12-мартындагы чыгыш №7/3 сандуу катынын негизинде Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Худаяровдун маалыматын угуп жана талкуулап,
Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз
IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.“ Ак-Суу айыл аймактык шайлоо комиссиясынын курамы жана резервинин сапаттык курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.(Тиркеме тиркелет).
2.Бул токтом Ак-Суу айылдык кеңешинин аппаратында каттоодон өткөрүлүп,Ак-Суу айыл өкмөтүнүн www.ak-suu-aa.qov.kq/admin/ расмий сайтына жарыялансын жана
КР Ченемдик укутук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун Адилет башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин мыйзамдуулук,мандат,укук,жаштар иштери жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Саматов |