Сравнение редакций…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-апрелиндеги № 241 токтомуна) |
Чет өлкөлүк жарандарга "Санариптик көчмөн" ("Digital nomad") статусун ыйгаруунун тартиби жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Чет өлкөлүк жарандарга "Санариптик көчмөн" ("Digital nomad") статусун ыйгаруунун тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) чет мамлекеттердин жарандарына "Санариптик көчмөн" ("Digital nomad") статусун (мындан ары - "Санариптик көчмөн" статусу) ыйгаруунун тартибин аныктайт.
2. Жобонун негизги максаты төмөнкүлөр болуп саналат:
- Кыргыз Республикасында инновациялык долбоорлорду жана экономиканын жогорку технологиялык тармактарын өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү;
- маалыматтык-коммуникациялык технологиялар, программалык продукттарды иштеп чыгуу чөйрөсүнө жана башка чектеш чөйрөлөргө чет өлкөлүк адистерди жана инвестицияларды тартуу;
- арыздарды берүүнүн, документтерди текшерүүнүн жана "Санариптик көчмөн" статусун ыйгаруу жөнүндө чечимдерди кабыл алуунун натыйжалуу механизмин түзүү.
3. Бул Жобонун колдонулушу маалыматтык-коммуникациялык технологиялар, программалык продукттарды иштеп чыгуу чөйрөсүндө жана башка чектеш чөйрөлөрдө иш жүргүзгөн, "Санариптик көчмөн" статусун алуу жөнүндө өтүнүч берген төмөнкү өлкөлөрдүн адистерине жайылтылат:
1) визасыз режим менен:
- Азербайжан Республикасы;
- Армения Республикасы;
- Беларусь Республикасы;
- Казакстан Республикасы;
- Молдова Республикасы;
- Россия Федерациясы;
2) виза режими менен:
- Америка Кошмо Штаттары;
- Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугу;
- Германия Федеративдик Республикасы;
- Япония;
- Корея Республикасы.
4. "Санариптик көчмөн" статусун ыйгаруу жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан кабыл алынат.
5. "Санариптик көчмөн" статусу миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ыйгарылган учурдан тартып күчүнө кирет, Кыргыз Республикасынын чек арасынан өткөн учурдан тартып активдешет жана башка адамга берилиши мүмкүн эмес.
6. Төмөнкүлөр "Санариптик көчмөн" статусун алууга арыз ээси боло албайт:
1) тынчтыкка жана адамзаттын коопсуздугуна каршы кылмыш жасагандар;
2) мамлекеттер аралык, улуттар аралык жана диний кастыкты козутууга багытталган иш-аракеттерди жасагандар;
3) Кыргыз Республикасынын эгемендигине жана көз карандысыздыгына каршы чыккандар, биримдигин жана анын аймагынын бүтүндүгүн бузууга чакыргандар;
4) инсанга, мамлекеттик бийликке, коомдук коопсуздукка жана коомдук тартипке каршы кылмыштар, ошондой эле менчикке жана экономикалык ишти жүзөгө ашыруу тартибине каршы кылмыштар үчүн соттолгондор.
2-глава. "Санариптик көчмөн" статусун алууга арыз ээлерине коюлуучу талаптар
7. "Санариптик көчмөн" статусу - чет мамлекеттин жаранынын - ушул Жобонун 3-пунктунда көрсөтүлгөн өлкөлөрдүн маалыматтык-коммуникациялык технологиялар, программалык продукттарды иштеп чыгуу чөйрөсүндө жана башка чектеш чөйрөлөрдө иш жүргүзгөн адистин укуктук статусу, ал жүргөн жери боюнча каттоосуз жана статустун колдонуу мөөнөтү ичинде иш жүргүзүү үчүн уруксат документтеринин болуусуз Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүгө/жүрүүгө мүмкүндүк берет.
8. "Санариптик көчмөн" статусунун ээлери болуп төмөнкү чөйрөлөрдө иш жүргүзгөн чет өлкөлүк жарандар чыга алат:
1) программалык камсыздоону иштеп чыгуу, модификациялоо, контролдоо жана коштоо, маалыматтык системаларды жана программалык продукттарды талдоо, долбоорлоо жана программалоо, колдонуучулардын маалыматтык муктаждыктарын жана проблемаларын талдоо;
2) программалык камсыздоону долбоорлоо жана иштеп чыгуу, берүү жана документтештирүү, колдонуучу тарабынан коюлган тапшырма боюнча программалык камсыздоого өзгөртүүлөрдү киргизүү;
3) маалыматтык технологияларды, маалыматтык системаларды жана программалык камсыздоону экспорттоо;
4) медиаискусство, анын ичинде санариптик искусство, виртуалдык жана толукталган реалдуулукту, аралаш реалдуулукту, 3D-дизайнды түзүү;
5) анимация, графикалык дизайн, мультимедиа дизайны;
6) программалоо, IT-продукттарды, робототехниканы жана жасалма интеллектти иштеп чыгуу;
7) маалыматтарды иштеп чыгуу, колдонмо программаларды жайгаштыруу жана муну менен байланышкан иш, веб-порталдарды пайдалануу;
8) программалык камсыздоону (софтту), анын ичинде компьютердик, мобилдик оюндарды жана киберспортту чыгаруу.
3-глава. "Санариптик көчмөн" статусунун ээлеринин укуктары жана милдеттери
9. Кыргыз Республикасынын аймагында "Санариптик көчмөн" статусунун ээси:
1) Кыргыз Республикасынын аймагына кирген күндөн тартып 60 календардык күнгө чейинки мөөнөткө Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган жери боюнча милдеттүү каттоодон бошотулат;
2) "Санариптик көчмөн" статусу ырасталган учурда миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан ыйгарылуучу идентификациялык жеке номерди (ИЖН) алат;
3) статус колдонулган мөөнөт ичинде иштөөгө уруксат алуу зарылдыгынан бошотулат;
4) катталган иш ушул Жобонун 8-пунктунда көрсөтүлгөн иштин түрлөрүнө ылайык келген шартта, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарды (филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жеке ишкердикти же юридикалык жактын уюштуруучусу (катышуучусу) катары ишти жүзөгө ашырууга укуктуу.
5) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан аныкталган тартипте чет өлкөлүк жарандын турган жери боюнча каттоо жол-жоболорун жүзөгө ашыруусуз Кыргыз Республикасынын банктарында эсептерди ачууга жана пайдаланууга укуктуу.
10. Кыргыз Республикасынын аймагында "Санариптик көчмөн" статусунун ээси төмөнкүлөргө милдеттүү:
- ушул Жобонун 8-пунктунда көрсөтүлгөн чөйрөлөрдө кесиптик ишти жүзөгө ашырууга жана ушул Жобонун 13 же 14-пунктунда каралган документтерди берүүгө;
- "Санариптик көчмөн" ("DN" тиби) визасын мыйзамда белгиленген тартипте "Электрондук виза" порталы аркылуу тариздөөгө, эгерде "Санариптик көчмөн" статусун алган/узарткан чет өлкөлүк жарандар виза режими бар өлкөлөрдөн болсо;
- мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды сактоого;
- каттоо мөөнөтү аяктаган акыркы күндөн кечиктирбестен каттоону узартууга ("Санариптик көчмөн" статусун узартууда).
4-глава. Арыздарды берүү, иштеп чыгуу жана "Санариптик көчмөн" статусун ыйгаруу тартиби
11. "Санариптик көчмөн" статусу арыз ээсине биринчи этапта 60 күндүк мөөнөткө ыйгарылат. Андан кийин экинчи этапта статус жыл сайын 10 жылга чейинки мөөнөткө узартуу мүмкүнчүлүгү менен 1 жылга узартылат.
12. Арыз ээси "Санариптик көчмөн" статусун алуу үчүн 60 күнгө арыз толтурат жана ушул Жобонун 13-пунктунда каралган документтерди онлайн-портал аркылуу миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет.
13. "Санариптик көчмөн" статусун алуу чет өлкөлүк жарандын төмөнкүлөрдү тиркөө менен статус ыйгаруу жөнүндө арызды электрондук түрдө берүүсүн карайт:
1) чет мамлекеттин жаранынын паспорту, анын бардык бөлүктөрү жана реквизиттери аны берген мамлекеттин компетенттүү органдары тарабынан белгиленген жана ага ыйгарым укуктуу органдар тарабынан берилген үлгүлөргө ылайык келет;
2) адамдын бетинин санариптик сүрөтү:
- сүрөт так болушу керек, сүрөткө түшүүчү адамдын бети жана ийиндери фотоаппараттын объективине карай фронталдык абалда болот. Башты каалаган багытта фронталдык абалдан 5 градуска чейин бурууга жол берилет;
- адамдын бетинин көрүнүшү нейтралдуу болушу керек, каштар нейтралдуу абалда болушу керек, көзү фотоаппараттын объективине түз багытталышы керек. Сүрөткө тартуу бетти жаппаган жана башка тыгыз оролгон аялдардын жоолугун кошпогондо, баш кийимсиз жүргүзүлөт;
- эгерде арыз ээси оптикалык көз айнек менен сүрөткө түшкөн учурда, көз айнектин алкагы көзүн жаппашы керек, ал эми көз айнек жаркырабашы керек. Көрүүсү бузулган адамдарды күңүрт линзалуу көз айнек менен сүрөткө тартууга жол берилет;
3) акыркы эки жылда түзүлгөн эмгек келишими, кардарлар менен кызматтарды көрсөтүү жөнүндө келишим жана/же алдыдагы мезгилге жумуштарды аткарууга жана кызматтарды көрсөтүүгө келишим;
4) кирешелер жөнүндө көчүрмө (арыз берилген күндөн мурунку дата менен бир жылда 5000 (беш миң) АКШ долларынан кем эмес суммада контракттар боюнча аткарылган кызмат көрсөтүүлөр үчүн кирешелер жөнүндө банктан көчүрмө).
5) эсепте 3000 (үч миң) АКШ долларынан кем эмес каражат бар экендигин ырастаган банктан маалымкат.
6) 8-пунктта көрсөтүлгөн чөйрөлөрдүн биринде кесиптик ишин ырастаган документ (диплом, кесиптик квалификациясы жөнүндө күбөлүк, курстарды же тренингдерди аяктагандыгы тууралуу сертификаттар, сунуштама каттар).
14. Статусту 1 (бир) жылга чейинки мөөнөткө узартуу үчүн арыз ээси "Санариптик көчмөн" статусу активдештирилген учурдан тартып 60 күндүн ичинде онлайн-портал аркылуу төмөнкү документтерди берет:
1) 13-пунктта көрсөтүлгөн документтерди;
2) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө боюнча борбор тарабынан берилүүчү ИЖВге антителолорго изилдөө жөнүндө медициналык корутунду, ошондой эле врачтык кесиптик-консультациялык кароодон өткөндүгү жөнүндө белгиленген үлгүдөгү медициналык маалымкат;
3) "Санариптик көчмөн" статусун ыйгаруу жөнүндө мурда берилген электрондук документ, ошондой эле визалык өлкөлөр үчүн - колдонуудагы "Санариптик көчмөн" визасы ("DN" тиби);
4) ушул Жобонун 8-пунктунда көрсөтүлгөн чөйрөлөрдүн биринде кесиптик иштен түшкөн кирешелерди ырастоочу документтер (мисалы, кирешелер жөнүндө көчүрмө, бирдиктүү салык декларациясы, эмгек келишими);
5) жеке ишкер катары каттоо жөнүндө күбөлүк жана (же) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан юридикалык жакты, филиалды (өкүлчүлүктү) каттоо жөнүндө көчүрмө.
Документтер ушул Жобонун 13 жана 14-пункттарынын талаптарын эске алуу менен берилүүгө тийиш.
15. Арыз ээлери ушул Жободо каралган документтерди чет тилде берген учурда, аларга алардын мамлекеттик же расмий тилге котормолору тиркелет. Которгон котормочунун колу нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эле аралык келишимдерде башкача каралбаса, документтердин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте консулдук легалдаштырылууга тийиш.
Штрих коддорду жана алардын аныктыгын күбөлөндүрүүчү QR-коддорду камтыган документтер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдердин талаптары сакталган учурда юридикалык күчкө ээ болот.
16. Берилген материалдар ушул Жобонун 13 жана 14-пункттарынын талаптарына ылайык келбеген учурда миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган "Санариптик көчмөн" статусун ыйгаруу жөнүндө арыздагы шайкешсиздиктерди четтетүү же жетишпеген документтерди берүү зарылдыгы жөнүндө кабарлоону арыз ээсинин электрондук почта дарегине жөнөтөт.
Арыз ээсине шайкешсиздиктерди четтетүү же жетишпеген документтерди берүү үчүн 10 (он) жумуш күнгө чейинки мөөнөт берилет.
Миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган анкетага техникалык оңдоолор менен байланышкан иш-аракеттерди аткарууну (мисалы, жаңы сүрөт жүктөө же маалыматтарды тактоо) суроого укуктуу.
Эгерде белгиленген мөөнөттө каталар четтетилбесе, анкета-арыз четке кагылат жана арыз ээсине "Санариптик көчмөн" статусун ыйгаруу жөнүндө арызды кароодон баш тартуу жөнүндө кабарлоо жөнөтүлөт.
17. "Санариптик көчмөн" статусун ыйгаруу/узартуу жөнүндө арызды кароонун мөөнөтү ушул Жободо каралган документтердин толук пакети берилген күндөн тартып 7 (жети) жумуш күнгө чейинки мөөнөттү түзөт жана төмөнкү этаптарды камтыйт:
1) миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берилген документтердин толуктугун жана арыз ээлеринин ушул Жобонун 8, 13 жана 14-пункттарында белгиленген критерийлерге ылайык келишин текшерүү үчүн 3 (үч) жумуш күндүн ичинде келип түшкөн өтүнмөлөрдү иштеп чыгууну жүргүзөт жана улуттук коопсуздук ыйгарым укуктуу органга макулдашууга жөнөтөт;
2) улуттук коопсуздук ыйгарым укуктуу органы 3 (үч) жумуш күндүн ичинде статус алуудан баш тартуу үчүн чектөөлөрдүн же башка негиздердин болушуна карата арыз ээлерин текшерет. Улуттук коопсуздук ыйгарым укуктуу органы тарабынан көрсөтүлгөн мөөнөттө жооп берилбеген учурда, өтүнмө оң макулдашылды деп эсептелет;
3) улуттук коопсуздук ыйгарым укуктуу органы менен макулдашуунун жана "Санариптик көчмөн" статусун тариздөөгө өтүнмөнү кароонун жыйынтыгы боюнча миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган "Санариптик көчмөн" статусун ыйгаруу/четке кагуу жөнүндө чечим кабыл алат. Иштеп чыгуунун жыйынтыгы төмөнкүдөй статустар менен чагылдырылат:
- "Ырасталды";
- "Четке кагылды";
- "Тактоо талап кылынат" (зарыл болгон кошумча маалыматты көрсөтүү менен).
18. "Санариптик көчмөн" статусун ыйгаруу же узартуу жөнүндө арыздар миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү системасында (мындан ары - ТМЭБС) кароого кабыл алынат.
19. ТМЭБС Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу адамдардын жана транспорт каражаттарынын киришин/чыгышын эсепке алууну жана контролдоону, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында эмгек ишин жүзөгө ашырууга визаларды жана уруксаттарды тариздөөнү, убактылуу жана туруктуу жашап турууга уруксаттарды берүүнү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн (жашаган) жери боюнча каттоону камсыз кылуучу маалыматтык системаны билдирет.
20. Анкета-арыз, адамдын санарип сүрөтү жана анкетага тиркелүүчү кошумча документтер ТМЭБСте сакталат.
21. "Санариптик көчмөн" статусу ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат базасында катталган ошол электрондук документке шилтеме менен QR-коду бар электрондук документ түрүндө акысыз негизде ыйгарылат/узартылат.
22. Чет өлкөлүк жаран "Санариптик көчмөн" статусун алуудан/узартуудан кийин, зарыл болгон учурда аны кагаз бетине басып чыгара алат, мында басып чыгарылган документ QR-кодду сканерлөө жолу менен миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат базасында верификацияланышы мүмкүн.
5-глава. "Санариптик көчмөн" статусун берүүдөн баш тартуу жана жокко чыгаруу үчүн негиздер
23. Арыз ээсине "Санариптик көчмөн" статусун ыйгаруу/узартуу жөнүндө арызды кароодон төмөнкү учурларда баш тартылышы мүмкүн:
1) анкета-арызда жалган маалыматтар берилгенде;
2) Кыргыз Республикасынын коопсуздугуна коркунуч келтирген ишти жүзөгө ашырууда (терроризм, экстремизм, тыңчылык же мамлекетке каршы башка кылмыштар, ошондой эле акчаларды адалдоо, экономикалык кылмыштар, мыйзамсыз иш-аракеттерди каржылоо жана башкалар);
3) ден соолугу бузулганда же мүнөзү, оордугу жана мүмкүн болгон узактыгы башка адамдардын ден соолугуна коркунуч келтирген же саламаттык сактоо мекемелеринин өзгөчө көзөмөлүн талап кылган жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен тизмеде эскертилген ооруга чалдыкканда.
24. Чет өлкөлүк жаранга ушул Жобонун 23-пунктунда каралган жагдайлар боюнча "Санариптик көчмөн" статусун ыйгаруу/узартуу жөнүндө арызды кароодон баш тартылган учурда миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган арыз ээсине анкета-арызда көрсөтүлгөн электрондук почта дарегине электрондук кабарлоо жөнөтөт.
25. "Санариптик көчмөн" статусу анын колдонуу мөөнөтүнө карабастан төмөнкү учурларда жокко чыгарылат:
1) ушул Жобонун 8-пунктунда көрсөтүлгөн чөйрөлөрдөгү кесиптик иш токтотулганда;
2) ушул Жободо каралган шарттар же талаптар бузулганда;
3) актуалдуу маалымат же ырастоочу документтер белгиленген мөөнөттө берилбегенде;
4) Кыргыз Республикасынын коопсуздугуна коркунуч келтирген ишти жүзөгө ашырганда.
26. "Санариптик көчмөн" статусу жокко чыгарылган учурда чет өлкөлүк жаранга статусу токтотулган учурдан тартып 15 (он беш) календардык күндүн ичинде Кыргыз Республикасынан өз алдынча ыктыярдуу чыгып кетүү укугу берилет.
27. "Санариптик көчмөн" статусун жокко чыгаруу жол-жобосун жүзөгө ашыруучу миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бул статусу жокко чыгарылган адамдар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине токтоосуз маалымдоого милдеттенет. "Санариптик көчмөн" статусун жоготуу анын негизинде берилген "Санариптик көчмөн" визасынын ("DN" тибиндеги) автоматтык түрдө жокко чыгарылышына алып келет.
6-глава. "Санариптик көчмөн" статусунун ээсинин жакын туугандарынын кирүүсүнүн жана жүрүүсүнүн тартиби
28. "Санариптик көчмөн" статусунун ээсинин жакын туугандары Кыргыз Республикасынын тышкы миграция жана тышкы эмгек миграциясы чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган тартипте Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүгө жана убактылуу жүрүүгө укуктуу.
"Санариптик көчмөн" статусунун ээсинин жакын туугандары деп жубайы, жашы жете элек балдары, ошондой эле "Санариптик көчмөн" статусунун ээсинин багуусунда же камкордугунда турган башка адамдар таанылат.
29. Визалык режим менен "Санариптик көчмөн" статусуна ээ болгон чет өлкөлүктөрдүн үй-бүлө мүчөлөрү үчүн (жубайы, 18 жашка чейинки балдары, жашы жете элек балдардын ата-энелери, ошондой эле майыптыгы бар балдар жана багуусунда турган ата-энелер) "Электрондук виза" порталы аркылуу "FF" тибиндеги виза таризделет.
|
| Чет өлкөлүк жарандарга "Санариптик көчмөн" ("Digital nomad") статусун ыйгаруунун тартиби жөнүндө жобого тиркеме |
Санариптик көчмөн электрондук картасы/Электронная карточка цифрового кочевника/Digital nomad's electronic card
КР Герби/Герб КР/National, emblem of the KR | КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК СОЦИАЛДЫК КАМСЫЗДОО ЖАНА МИГРАЦИЯ МИНИСТРЛИГИ/МИНИСТЕРСТВО ТРУДА, СОЦИАЛЬНОГО ОБЕСПЕЧЕНИЯ И МИГРАЦИИ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ/THE MINISTRY OF LABOUR, SOCIAL SECURITY AND MIGRATION OF THE KYRGYZ REPUBLIC | |
| "САНАРИП КӨЧМӨН"/"ЦИФРОВОЙ КОЧЕВНИК"/"DIGITAL NOMAD" | |
Сүрөт/Фото/Photo |
| Номери/Номер/ Number: XXXXXXXX |
|
| QR коду/ QR код/ QR code |
Толук аты-жөнү/Ф.И.О. полностью/full name: | XX/XX/XXXX | |
Туулган датасы/Дата рождения/Date of birth: |
| |
Жарандыгы/Гражданство/Citizenship: |
| |
Өтүү документинин (паспорттун) номери/Номер проездного документа (паспорт)/Number of Travel document (passport): |
| |
Өтүү документи (паспорт) берилген дата/Дата выдачи проездного документа (паспорт)/Date of issue of the travelling document (passport): | XX/XX/XXXX | |
Өтүү документинин (паспорттун) колдонуу мөөнөтү/Срок действия проездного документа (паспорт)/Date of expiry of the travelling document (passport): | XX/XX/XXXX | |
Статустун колдонуу мөөнөтү/Срок действия статуса/Validity of status: | XX/XX/XXXX | |
Жүрүү мөөнөтү/Период пребывания/Period of stay: | XX/XX/XXXX | |
Берилген дата/Дата выдачи/Date of issue: | XX/XX/XXXX | |

(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-июлундагы № 433 токтомунун редакциясына ылайык)

21-1. Чет өлкөлүк жаранга "Санариптик көчмөн" статусун ыйгаруу менен бир эле мезгилде миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан "Жарандык абалдын актыларын каттоо" автоматташтырылган маалыматтык системасында ("ЖААК" АМC) статусту ыйгаруу жөнүндө чет өлкөлүк жарандын электрондук арызынын жана ага тиркелген чет өлкөлүк жарандын паспортунун негизинде ИЖН ыйгарылат.
ИЖНди же ИЖНдеги маалыматтарды өзгөртүү зарыл болгон учурда, миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган "ЖААК" АМC аркылуу ИЖНди же ИЖНдеги маалыматтарды өзгөртүүгө негиз болгон документтерди тиркөө менен арызды жарандык абалдын актыларын каттоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кароосуна жөнөтөт. Чет өлкөлүк жарандардын чет мамлекеттердин компетенттүү органдары тарабынан берилген, ИЖН же ИЖНдеги маалыматтарды өзгөртүү үчүн тиркелген документтеринин аныктыгы, эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, белгиленген электрондук тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, консулдук мыйзамдаштыруу же апостилдөө аркылуу тастыкталат жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик же расмий тилине которулууга тийиш. Документтерди которгон котормочунун колунун аныктыгы нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүгө тийиш.