Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-мартындагы № 179 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 25-апрели № 234
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 26-августундагы № 604 "Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн долбоорун түзүү маселелерин уюштуруу жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин ишин колдоо жана материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 109-беренесин, "Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-статьясынын 1-бөлүгүн жетекчиликке алып, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 26-августундагы № 604 "Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн долбоорун түзүү маселелерин уюштуруу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын бюджетинин ресурстарынын администраторлорунун функцияларын аткаруу боюнча колдонмодо:
жогоруда көрсөтүлгөн Колдонмонун 1-тиркемесинде:
- төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-пункт менен толукталсын:
"
2-1 | Акциялардын мамлекеттик пакетине эсептелген дивиденддер |
".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |