Редакцияот 26.06.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЫДЫР АКЕ  АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮКЕҢЕШИ

 

 

II чакырылышы

 

                                                                                                                                                                  ТОКТОМ                                     

 

  16.05.2025-ж. №48  

 

Кыдыр Аке айыл аймагынын Пионер жана Ново-Константиновка

айылдарын аралап өткөн Жергез суусунун суу коргоо

тилкелерин  аныктоо жөнүндө

        

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 7-июлундагы №271 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы сууну коргоочу зоналар жана суу объект тилкелери тууралуу жобонун 5-главасынын 23-пунктуна таянып, жергиликтүү кеңештин муниципалдык менчик (жер, мүлк), айыл чарбасы (ЖКБФ,СПА), жаратылыш ресурстары, архитектура, курулуш жана экология  жана бюджет маселелери  боюнча туруктуу комиссиянын  протоколунун негизинде  айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:

         1. Кыдыр Аке айыл аймагынын Пионер жана Ново-Константиновка айылдарын аралап өткөн Жергез суусунун коргоо тилкесинин эки жээги 10 метр деп аныкталсын.

 2. Токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылып, Мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн юстиция органына жиберилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш.Кобонбаевге жүктөлсүн. 

 

 

Төрага                                                                                  Б.С.Акунов