Загрузка документа…
АЛА-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Тоо айылдык кеңешинин кезектеги экинчи сессиясы
2024-жылдын 20-декабры № 4
Ала-Тоо айыл өкмөтүнө райондук бюджетинен үнөмдөлгөн акча каражатын сунуштоо жөнүндө
Айылдык кеңештин депутаттары айылдык кеңештин катчысы С.Т.Топчубаеванын айыл аймагындагы Жаңы-Барак айылына жаңыдан курула турган көп кабаттуу үйлөрдүн жана балдар бакчасынын курулушуна ПСД жана башка проектердин иш кагаздарынын долбоорлоруна каржылануу үчүн райондук бюджетинен үнөмдөлгөн акча каражатты бекитип берүүгө макулдук берүү жөнүндөгү сунушун айылдык кеңештин депутаттары кеңири карап талкуулап чыгып,айылдык кенештин сессиясы
Токтом кылат:
1.Ала-Тоо айыл өкмөтүнө райондук бюджетинен жергиликтүү бюджетке бюджеттик жоготуунун эсебинен келип түшкөн 1400,0 (бир миллион төрт жүз миң) сом акча каражаттын максаттык багытка каржылоого макулдук берилсин.
2.Тиешелүү иш кагаздарын мыйзам чегинде иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет комиссиясына жүктөлсүн.
Ала-Тоо айылдык кеңештин төрагасы: |
| Ф.Ф.Юсупов |