Загрузка документа…
АЛА-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Тоо айылдык кеңешинин кезектеги экинчи сессиясы
2024-жылдын 20-декабры № 5
Ала-Тоо айыл аймагынын айылдык кеңешинин жана туруктуу комиссияларынын 2025-жылга карата түзүлгөн кварталдык жана жылдык иш пландарын бекитүү жөнүндө
Айылдык кенештин жооптуу катчысы С.Т.Топчубаеванын айылдык кеңешинин жана туруктуу комиссияларынын 2025-жылга карата түзүлгөн иш пландарын айылдык кенештин депутаттары кеңири карап чыгып,айылдык кеңештин сессиясы
Токтом кылат:
1.Ала-Тоо айылдык кеңешинин жана туруктуу комиссияларынын 2025-жыл үчүн кварталдык жана жылдык иш пландары бардык пунктары боюнча бекитилсин.
2.Түзүлгөн иш пландардын негизинде иш алып баруу жагы туруктуу комиссиялардын төрагаларына жана айылдык кенештин төрагасынын орун басарлары Юсупбекова Гулзада Шавкатбековна жана Тойчубеков Темирбек Токтосуновичтерге тапшырылсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук, укук, мандат, тартипти чыңдоо, кеңештин иши регламент,депутаттык этика,коомдук уюмдар дин иштери боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Ала-Тоо айылдык кеңештин төрагасы: |
| Ф.Ф.Юсупов |