Загрузка документа…
АЛА-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Тоо айылдык кеңешинин кезектеги экинчи сессиясы
2024-жылдын 20-декабры № 6
Ала-Тоо айыл аймагынын Жар-ооз айылынын тургуну Нурпазыл уулу Бактыгездин арызы жөнүндө
Айылдык кенештин жооптуу катчысы С.Т.Топчубаеванын Нурпазыл уулу Бактыгездин азыркы учурда ветеринардык кесип боюнча адис жетишбегендиктен райондон келген атайын каттын негизинде ветеринардык адистиги боюнча Ош-агрардык окуу жайга келишимдин негизинде окуу үчүн жардам берүү боюнча арызы менен тааныштырды. Айылдык кеңештин депутаттары арызды карап чыгып айылдык кеңештин сессиясы
Токтом кылат:
1. Ала-Тоо айыл аймагынын Жар-ооз айылынын тургуну Нурпазыл уулу Бактыгезге Ош-агрардык окуу жайга келишимдин негизинде окуу үчүн жардам берүүгө макулдук берилсин.
2. Мыйзам чегинде иш кагаздарын даярдап келишим түзүү жагы Ала-Тоо айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика,муниципалдык менчик, инвестиция тартуу долбоорлор менен иштөө жана ишкердүүлүк жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Ала-Тоо айылдык кеңештин төрагасы: |
| Ф.Ф.Юсупов |