Загрузка документа…
АЛА-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Тоо айылдык кеңешинин кезектеги экинчи сессиясы
2024-жылдын 20-декабры № 7
Ала-Тоо айыл аймагынын Жаңы-Барак айылындагы аты жок бош көчөлөрүнүн бирине ат коюу жөнүндө
Депутаттар айылдык кеңештин катчысы С.Т.Топчубаеванын Жаңы-Барак айылындагы бош көчөлөрүнүн бирине эмгектин ветераны маркум Апсатаров Азизбек Патиевичтин ысымын ыйгаруу боюнча Жаңы-Барак айылынын тургундарынын 2024-жылдын 6-декабрындагы токтомун бекитип берүү жөнүндөгү арызы менен тааныштырып аны бекитип берүү сунушун карап чыгып, сессия
Токтом кылат:
1.Ала-Тоо айыл аймагынын Жаңы-Барак айылынын тургундарынын 2024-жылдын 6-декабрындагы №3 протоколу бекитилсин жана Жаңы-Барак айылынын бош көчөлөрүнүн бирине эмгектин ветераны маркум Апсатаров Азизбек Патиевичтин ысымы ыйгарылсын.
2.Апсатаров Азизбек атындагы көчөнүн чек аралары Жаңы-Барак конушунун батыш жагынан сол жак бети ылдыйынан түндүк чыгышынан Курбанов Токтомаматтын үйүнөн, жогору жагы түштүк чыгышынан Каримова Сурмакандын үйүнө чейин,оң жак бети ылдыйынан түндүк батышынан Султанова Венеранын үйүнөн, жогору жагы түштүк батышынан Шарофиддинов Хасанбайдын үйүнөн аяктайт.
3.Көчөгө баруучу жерден баш жагына жана аяк жагына “Апсатаров Азизбек атындагы көчөсү” деген белги,катар үй номерлерин илүү жана көчөнү иретке келтирүү,социалдык көйгөйлөрүн чечүүгө көмөк көрсөтүү жагы Апсатаровдордун үй-бүлө мүчөлөрүнө тапшырылсын.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук, укук, мандат, тартипти чыңдоо, кеңештин иши регламент,депутаттык этика,коомдук уюмдар дин иштери боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Ала-Тоо айылдык кеңештин төрагасы: |
| Ф.Ф.Юсупов |