Редакцияот 28.04.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын

кезексиз VII сессиясы

 

2025-жылдын 28-апрели № III

 

Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү Маматажи Абдурасулов атындагы маданият үйүн облустук өнүктүрүү фондунан капиталдык ремонттоого долбоор жазуу жөнүндө

 

 

Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VII сессиясында Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 22.04.2025-жылдагы чыгыш №01-2/464 сандуу катын карап Маматажи Абдурасулов атындагы маданият үйүн капиталдык ремонттоо максатында Ош облустук өнүктүрүү фондуна долбоор жазып, ремонттоого Папан айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү Маматажи Абдурасулов атындагы маданият үйүн капиталдык ремонттоо максатында Ош облустук өнүктүрүү фонду тарабынан 5 000 000 сом ( беш миллион) суралсын.

 

2. Бул токтомдун сметалык тийиштүү иш кагаздарды жана проекттерди даярдап, токтомдун ишке ашырылышын камсыздоо Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

3. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы

 

М. Мырзабеков