Редакцияот 28.04.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын

кезексиз VII сессиясы

 

2025-жылдын 28-апрели № VI

 

Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү жер участогун которуу (трансформациялоо) жөнүндө

 

 

Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VII сессиясында Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 22.04.2025-жылдагы чыгыш №01-2/464 сандуу катын карап жана талкуулап, Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Папан суу сактагычынын түндүк тарабында жайгашкан №653-654-655-656-657-662-700-703-710-контурундагы 2,98 га таштуу жайыт жерин “Өнөр жайдын, транспорттун, энергетиканын, байланыштын, коргоонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлери” категориясына которуу (трансформациялоо) максатына ылайык Папан айыл аймагынын айылдык кеңеши Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 18-беренесинин негизинде токтом кылат:

 

1. Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Папан суу сактагычынын түндүк тарабында жайгашкан №653-654-655-656-657-662-700-703-710-контурундагы 2,98 га таштуу жайыт жерин “Айыл чаба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргоонуунун жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.

 

2. Бул токтомдун ишке ашырылышын камсыздоо Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

3. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин жер архитектура жана бюджет инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы

 

М. Мырзабеков