Редакцияот 26.06.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЫДЫР АКЕ  АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ

 

II чакырылышынын кезектеги 6-сессиясы

                                                                                                                

ТОКТОМ   

 

 09.06.2025-ж. №59

 

Ак-Суу айылына кошумча шайлоо участкасын ачууга

 макулдук берүү жөнүндө 

 Кыргыз Республикасынын  “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө»  Мыйзамынын 11-беренесинин негизинде  айыл өкмөтүнүн сунушун карап, талкууга алып, айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:

  1. Ак-Суу айылындагы №3120 “Заря” шайлоо участкасындагы шайлоочулардын саны 3000 миңден ашык болгондугуна байланыштуу Арык Мырза конушуна кошумча шайлоо участкасын ачууга макулдук берилсин.

 2. Кошумча ачылган шайлоо участкасынын чек арасы Арык-Мырза жаны конушу, Красноармейский, Восточный көчөлөрү башынан аягына чейин,  Кыдыр Аке көчөсү жуп тарабы №2ден баштап №10го чейин, так тарабы №1ден баштап №17ге чейин деп белгиленсин.

  3. Токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылып, юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.

  4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш.Кобонбаевге жүктөлсүн.

 

 

Төрага                                                                                  Б.С.Акунов