Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 23-апрели № 224
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 2-октябрындагы № 445 "Ысыккөл облусунун аймагында курортук-рекреациялык объекттерди куруу, абаттоо, техникалык эксплуатациялоо жана күтүү эрежесин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Ысык-Көл облусунда туризмди туруктуу өнүктүрүүгө дем берүү максатында, ошондой эле Ысык-Көлдүн жээгиндеги зоналарды пайдаланууну натыйжалуу жөнгө салуу үчүн, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 2-октябрындагы № 445 "Ысыккөл облусунун аймагында курортук-рекреациялык объекттерди куруу, абаттоо, техникалык эксплуатациялоо жана күтүү эрежесин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ысык-Көл облусунун аймагында курорттук-рекреациялык объекттерди куруу, абаттоо, техникалык эксплуатациялоо жана күтүү эрежесинде:
- 2-пункттун тогузунчу абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"- пирстер, жуунуу зонасы жок пирстеги электр буу бөлмөлөрү жана суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системалары сыяктуу курорттук жана рекреациялык инфраструктуранын капиталдык эмес объекттерин, ошондой эле коомдук тамактануу түйүндөрүн жана саркынды сууларды тазалоо системасы бар коомдук дааратканаларды кошпогондо, Ысык-Көлдүн суу четинен 100 метрге жетпеген аралыкта капиталдык курулушка тыюу салууну. Өзгөчө учурларда Ысык-Көлдүн суу четинен 100 метрлик зонада рекреация объекттерин куруу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен жүзөгө ашырылат;";
- 54-пунктта:
төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- кампа жайларын, мончолорду жана сауналарды жайгаштырууга;";
бешинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |