Редакцияот 29.05.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2025-жылдын 29 -майы №9/36

  

Кызыл-Кыя шаарынын 2025-2028-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын кабыл алуу жөнүндө

 

“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесине негиз, шаардык кеңештин Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын   2025-жылдын 27-майындагы №10 протоколун эске алып,  Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ  кылат:

 

  1. Кызыл-Кыя шаарынын 2025-2028-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасыкабыл алынсын.

 

  1. Кызыл-Кыя шаарынын 2025-2028-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын талкуулоо учурунда шаардык кенештин депутаттары тарабынан берилген ооз эки жана кат жүзүндөгү сунуштарды 2025-2028-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүү планына толуктап киргизүү жагы шаар мэри А.Бектуровго  жүктөлсүн.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы кеңештин Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу   комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага:

Ж.Аматов