КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 29 -майы №9/37
Кызыл-Кыя шаарынын туруктуу комиссияларына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесине негиз, шаардык кенештин депутаттык курамында өзгөрүүлөр болгондугуна байланыштуу Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ кылат:
- Кызыл-Кыя шаардык кенешинин депутаты Сыргабаев Замирбек Самаматовичтин депутаттык ыйгарым укугу токтотулуп, Гапиров Дамирбек Мамытовичке шаардык кенештин депутаттык мандаты ыйгарылганы жана Алимбекова Тахмина Жусуповнанын депутаттык ыйгарым укугу токтотулуп, Кулматова Калдык Калмурзаевнага шаардык кенештин депутаттык мандаты ыйгарылганы белгиленсин.
- Кызыл-Кыя шаардык кенешинин Укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынан Сыргабаев Замирбек Самаматович жана Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынан Алимбекова Тахмина Жусуповна чыгарылсын.
- Укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына- Гапиров Дамирбек Мамытович, Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясына- Амаралиев Эрдөөлат Абдиикрамович, Коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура жана курулуштар маселелери боюнча туруктуу комиссиясына - Сапарова Мавлюда Кахаровна, Ишкерлер, өнөр–жай, транспорт, коммуникация жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына - Кулматова Калдык Калмурзаевна мүчө болуп киргизилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырамын.
Төрага: | Ж.Аматов |