Редакцияот 14.04.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кадамжай шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз X сессиясы

2025-жылдын 14-апрели № 38

“Кадамжай жайыты” муниципалдык ишканасынын тарифтерин бекитүү жөнүндө

 

“Кадамжай жайыты” муниципалдык ишканасынын 2025-жылдын 26-мартындагы 01 номери менен чыгышталган жана шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун карап, талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 17-пунктуна ылайык, Кадамжай шардык кеңеши 

                                   

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. “Кадамжай жайыты” муниципалдык ишканасынын 2025-жылга тарифтери  төмөндөгүдөй бекитилсин:

·         Бир баш жылкыга – 300 сом;

·         Чоң бодо малга – 150 сом;

·         Жаш бодо малга – 100 сом;

·         Эшектерге – 300 сом;

·         Кой-козуларга – 20 сом;

·         Эчки-улактарга – 20 сом;

·         Бөтөн малдарга – эки эсе төлөө. 

 

  1. Токтомдун аткарылышы “Кадамжай жайыты” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Э.Зайляповко тапшырылсын.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

  1. Кеңештин жооптуу катчысы ушул токтомду каттап, кеңештин сайтына жарыялап жана мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберсин.

 

 

Тѳрага:

К.Дастиров