Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН САЛАМАТТЫК САКТОО МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2025-жылдын 12-майы № 478
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн Бирдиктүү реестрине киргизилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан изилдөө, талдоо, баалоо жана экспертиза жаатында көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы №115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмесинин 2 пунктунун ишке ашыруу максатында,
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 токтому менен бекитилген мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн Бирдиктүү реестринин 5-главасына киргизилген жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн төмөнкү стандарттары бекитилсин:
1) бул буйруктун 1-тиркемесине ылайык Дары-дармек каражатына жана медициналык буюмга каттоо күбөлүгүн берүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин 5-главасынын 59-пункту;
2) бул буйруктун 2-тиркемесине ылайык Дары-дармек каражатынын жана медициналык буюмдун каттоо досьесине өзгөртүүлөрдү киргизүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин 5-главасынын 60-пункту;
3) бул буйруктун 3-тиркемесине ылайык Юридикалык жана жеке жактардын өтүнмөлөрү жана келишимдери боюнча дары-дармек каражаттарынын жана медициналык буюмдардын сапаты боюнча лабораториялык сыноолорду жүргүзүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин 5-главасынын 61-пункту;
4) бул буйруктун 4-тиркемесине ылайык Медициналык колдонуу үчүн дары-дармек каражаттарын өндүрүүчүлөрдүн, медициналык буюмдарды өндүрүүчүлөрдүн жана юридикалык жана жеке жактардын өтүнмөлөрү жана келишимдери боюнча дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды дүң жана чекене сатуу уюмдарынын ишин баалоо - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин 5-главасынын 62-пункту.
2. МЖУжанаДСБнын начальниги (Ибраева Н.С.):
1) бул буйрук катталган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде анын Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин расмий сайтында расмий жарыяланышын камсыз кылсын;
2) расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде бул буйруктун кагаз жана электрондук көчүрмөлөрүн алып жүрүүчүлөргө аталган ченемдик укуктук актыны жарыялоо булагын көрсөтүү менен Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине, жана маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо министрдин орун басары К.К. Байдавлетовго жүктөлсүн.
4. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети жумушчу күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри |
| Э.М. Чечейбаев |
| Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2025-жылдын 12-майындагы № 478 буйругуна 1-тиркеме | |||
5-глава. Изилдөө, талдоо, баалоо жана экспертиза кызмат көрсөтүүлөрү | ||||
1. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Дары-дармек каражатына жана медициналык буюмга каттоо күбөлүгүн берүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 5-главасынын 59-пункту | ||
2 | Кызмат көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жаатында мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарган мамлекеттик борбордук орган (мындан ары - саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган); Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаменти (мындан ары - Департамент) | ||
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр | Дары каражаттарын же медициналык буюмдарды мамлекеттик каттоого, каттоону тастыктоого, каттоо досьесине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө, каттоого байланышкан башка жол-жоболорго арыз берүүгө укуктуу юридикалык жактар | ||
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: - 2024-жылдын 12-январындагы № 13 “Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө”; - 2023-жылдын 29-декабрындагы № 216 “Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө”. -«Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдору: -2023-жылдын 7-мартындагы №136 “Медициналык колдонуу үчүн дары каражаттарын каттоо, каттоону ырастоо жана каттоо досьесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому -2023-жылдын 27-августундагы №513 “Медициналык буюмдарды каттоого, коопсуздугуна, сапатына жана натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүүнүн айрым маселелери, медициналык буюмдарды маркалоого жана таңгактоого талаптар жөнүндө” Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин Чечими: -2016-жылдын 3-ноябрындагы № 78 “Дары каражаттарын медициналык колдонуу үчүн каттоо жана экспертизалоо эрежелери жөнүндө ” чечимдери -2016-жылдын 12-февралындагы № 46 “Медициналык буюмдардын коопсуздугун, сапатын жана натыйжалуулугун каттоо жана экспертизадан өткөрүү эрежелери жөнүндө” чечими | ||
5 | Көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | 1. Дары каражатына 5 жыл жарактуу каттоо күбөлүгүн берүү 2. Дары каражаттарына каттоо күбөлүгүн мөөнөтсүз берүү 3. Медициналык буюмга каттоо күбөлүгүн мөөнөтсүз берүү | ||
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Департамент кызмат көрсөтүүнү “Бирдиктүү терезе” принциби боюнча жүргүзөт. Имараттарда керектөөчүлөргө күтүү үчүн зарыл бол гон шарттар түзүлгөн: гардероб, отуруу үчүн орундар, телефон, даараткана, жуунган бөлмөлөр. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, оорук эмгекчилери, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет. Керектөөчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүлүүчү жерде кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүлөрүнө телефон аркылуу же Департаментте адистер тарабынан алдын ала консультация берилүүсү мүмкүн. Дары каражатын мамлекеттик каттоо үчүн арыз ээси төмөнкүдөй жалпы техникалык документтин форматындагы каттоо досьесин тиркөө менен Департаментке арыз берет: - Дары каражатынын каттоо досьесинин 1-модулу кагаз жана электрондук түрдө эки нускада берилет; - Дары каражатынын каттоо досьесинин 2-5 модулдары электрондук түрдө берилет. Медициналык буюмдун каттоо досьесинин документтери (мындан ары - каттоо досьеси) электрондук түрдө берилет. Бардык процедуралар дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын электрондук маалымат базасында (мындан ары – ДК жана МБ ЭМБ МС) маалыматтык системасында жүргүзүлөт. ДК жана МБ ЭМБ МС медициналык буюмдарды каттоо функциясына жетүү үчүн колдонуучу жеке кабинетти ачуу керек. | ||
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, дары каражаттарды мамлекеттик каттоодо төмөнкү этаптардан турат: 1. Арызды, дары каражаттарынын үлгүлөрүн жана стандарттык үлгүлөр 1 жумушчу күндүн ичинде кабыл алынат; 2. Төлөм үчүн эсебин коюу процесси 5 жумушчу күндүн ичинде жүргүзүлөт; 3. Адистештирилген экспертиза жүргүзүү процесси - 170 күндөн ашпаган мөөнөттө болот; 4. Дары каражатын мамлекеттик каттоо же мамлекеттик каттоодон баш тартуу жөнүндө чечимди кабыл алуу - 5 жумушчу күндүн ичинде болот; 5. Арыз ээсине каттоо күбөлүгүн берүү - 5 жумушчу күндүн ичинде жүргүзүлөт; 6. Дары каражатын мамлекеттик каттоодон баш тартуу жөнүндө чечимди кабыл алууда ыйгарым укуктуу орган кабыл алынган чечим жөнүндө арыз ээсине 5 жумушчу күндүн ичинде жазуу жүзүндө билдирет. Жалпы мөөнөт - төлөм ырасталган күндөн тартып 180 календардык күндөн ашпайт. Төмөнкү мамлекеттердин биринин ыйгарым укуктуу органы тарабынан медициналык колдонууга уруксат берилген дары каражаттары үчүн: Австралия Шериктештиги, Австрия Республикасы, Люксембург Улуу Герцогдугу, Венгрия, Греция Республикасы, Ирландия, Италия Республикасы, Канада, Бельгия Королдугу, Дания Королдугу, Испания Королдугу, Нидерланд Королдугу, Швеция Королдугу, Лиу Республикасы, Латвия Республикасы, Португалия Республикасы, Латвия Республикасы, Португалия Республикасы Болгария, Кипр Республикасы, Мальта Республикасы, Польша Республикасы, Корея Республикасы, Словения Республикасы, Хорватия Республикасы, Румыния, Словакия Республикасы, Түркия Республикасы, Германия Федеративдик Республикасы, Финляндия Республикасы, Француз Республикасы, Эстония Республикасы. 1. Арызды алуу жумушчу күндүн 1-күнүндө жүргүзүлөт; 2. Төлөм үчүн эсебин коюу процесси 5 жумушчу күндүн ичинде жүргүзүлөт; 3. Адистештирилген экспертиза жүргүзүү процесси - 50 күндөн ашпаган мөөнөттө болот; 4. Дары каражатын мамлекеттик каттоо же мамлекеттик каттоодон баш тартуу жөнүндө чечимди кабыл алуу - 5 жумушчу күндүн ичинде жүргүзүлөт; 5. Арыз ээсине каттоо күбөлүгүн берүү - 5 жумушчу күндүн ичинде болот; 6. Дары каражатын мамлекеттик каттоодон баш тартуу жөнүндө чечимди кабыл алууда ыйгарым укуктуу орган кабыл алынган чечим жөнүндө арыз ээсине 5 жумушчу күндүн ичинде жазуу жүзүндө билдирет. Жалпы мөөнөт - төлөм ырасталган күндөн тартып 60 календардык күндөн ашпайт. Дары каражатын мамлекеттик каттоонун тездетилген жол-жобосун жүргүзүү процесси төмөнкү этаптардан турат: 1. Арыз 1 жумушчу күндүн ичинде кабыл алынат; 2. Төлөм үчүн эсебин коюу процесси 5 жумушчу күндүн ичинде жүргүзүлөт; 3. Адистештирилген экспертиза жүргүзүү процесси - 15 күндөн ашпаган мөөнөттө болот; 4. Арыз ээсине каттоо күбөлүгүн берүү - 5 жумушчу күндүн ичинде жүргүзүлөт; 5. Дары каражатын мамлекеттик каттоодон баш тартуу жөнүндө чечимди кабыл алууда ыйгарым укуктуу орган кабыл алынган чечим жөнүндө арыз ээсине 5 жумушчу күндүн ичинде жазуу жүзүндө билдирет. Жалпы мөөнөт - төлөм ырасталган күндөн тартып 20 календардык күндөн ашпайт. Дары каражатын каттоону тастыктоо жол-жобосу төмөнкү этаптардан турат: 1. Арыз 1 жумушчу күндүн ичинде кабыл алынат; 2. Төлөм үчүн эсебин коюу процесси 5 жумушчу күндүн ичинде жүргүзүлөт; 3. Адистештирилген экспертиза жүргүзүү процесси - 80 күндөн ашпаган мөөнөттө болот; 4. Дары каражатын мамлекеттик каттоо же мамлекеттик каттоодон баш тартуу жөнүндө чечимди кабыл алуу - 5 жумушчу күндүн ичинде болот; 5. Арыз ээсине каттоо күбөлүгүн берүү - 5 жумушчу күндүн ичинде жүргүзүлөт; 6. Дары каражатын мамлекеттик каттоодон баш тартуу жөнүндө чечимди кабыл алууда ыйгарым укуктуу орган кабыл алынган чечим жөнүндө арыз ээсине 5 жумушчу күндүн ичинде жазуу жүзүндө билдирет. Жалпы мөөнөт - төлөм ырасталган күндөн тартып 90 календардык күндөн ашпайт. Алдын ала квалификацияланган Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан дары каражаттарынын катталышын тастыктоо, ошондой эле төмөнкү өлкөлөрдө катталган дары каражаттары үчүн - АКШнын Азык-түлүк жана дары каражаттары башкармалыгында (FDA), Медициналык өндүрүм боюнча Европалык агенттигинде (EMA) (борборлоштурулган процедура боюнча), Жапониянын Дары каражаттары жана медицинада колдонуучу өндүрүмдөр агенттигинде (PMDA), Швейцариянын дарылоо өндүрүмдөрү агенттигинде (Swissmedic) жана Улуу Британиянын дары каражаттардын жана медицинада колдонуучу өндүрүмдөрүн жөнгө салуу агенттигинде (MHRA), ошондой эле дары каражаттын ата мекендик өндүрүүчүлөрү үчүн - 25 календардык күндүн ичинде жүргүзүлөт. 1. Арыз 1 жумушчу күндүн ичинде кабыл алынат; 2. Төлөм үчүн эсебин жүргүзүү процесси 5 жумушчу күндүн ичинде жүргүзүлөт; 3. Адистештирилген экспертиза жүргүзүү процесси - 20 күндөн ашпаган мөөнөттө болот; 4. Арыз ээсине каттоо күбөлүгүн берүү - 5 жумушчу күндүн ичинде болот; 5. Дары каражатын мамлекеттик каттоодон баш тартуу жөнүндө чечимди кабыл алууда ыйгарым укуктуу орган кабыл алынган чечим жөнүндө арыз ээсине - 5 жумушчу күндүн ичинде жазуу жүзүндө билдирет. Жалпы мөөнөт - төлөм ырасталган күндөн тартып 25 календардык күндөн ашпайт.
ЕАЭБ талаптарына ылайык дары каражаттарын каттоо арыз ээсинин талабы боюнча өз ара таануу жол-жобосуна же борборлоштурулган каттоо жол-жобосуна ылайык жүргүзүлүшү мүмкүн. Референттик мамлекет катары өз ара таануу процедурасы боюнча каттоо төмөнкү этаптардан турат: 1. Арыздар, дары каражаттарынын үлгүлөрү жана стандарттык үлгүлөр 1 жумушчу күндүн ичинде кабыл алынат; 2. Каттоо досьесинде берилген документтердин толуктугун, комплекттүүлүгүн жана тууралыгын баалоо - 10 жумушчу күндүн ичинде; 3. Төлөм үчүн эсебин коюу процесси 5 жумушчу күндүн ичинде болот; 4. Адистештирилген экспертизаны өткөрүү - каттоо досьесинде берилген документтердин толуктугуна, комплекттүүлүгүнө жана тууралыгына баа берилген күндөн тартып 105 жумушчу күндөн ашпаган мөөнөттө; 5. Дары каражатына экспертизанын жыйынтыгы боюнча чечим референттик мамлекеттин ыйгарым укуктуу органы тарабынан экспертизанын корутундусуна кол коюлган күндөн тартып 10 жумушчу күндөн ашпаган мөөнөттө кабыл алынат. 6. Эгерде дары каражатын каттоо жөнүндө оң чечим кабыл алынса, референттик мамлекеттин ыйгарым укуктуу органы 10 жумушчу күндөн ашпаган мөөнөттө жүргүзүлөт. 7. Дары каражатын каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда, референттик мамлекеттин ыйгарым укуктуу органы (эксперттик уюм) мындай чечим кабыл алынган күндөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде арыз ээсине электрондук жана (же) жазуу жүзүндө билдирет. Жалпы мөөнөт арыз берилген күндөн тартып 140 жумушчу күндөн ашык эмес.
Таануу мамлекети катары өз ара таануу жол-жобосу боюнча каттоо төмөнкү этаптардан турат: 1. Арыз 1 жумушчу күндүн ичинде кабыл алынат; 2. Каттоо досьесинде берилген документтердин толуктугун, комплекттүүлүгүн жана тууралыгын баалоо - 10 жумушчу күндүн ичинде; 3. Төлөм үчүн эсебин коюу процесси 5 жумушчу күндүн ичинде болот; 4. Адистештирилген экспертизаны жүргүзүү - референттик мамлекеттин эксперттик корутундусуна мүмкүнчүлүк алган күндөн тартып 40 жумушчу күндөн ашык эмес; 5. Таануу мамлекетинин ыйгарым укуктуу органы дары каражатына экспертиза жүргүзүүнүн натыйжалары боюнча референттик мамлекеттин ыйгарым укуктуу органына экспертизанын корутундусун таануунун мүмкүндүгү же мүмкүн эместиги жөнүндө корутундуну жиберет - экспертиза аяктаган күндөн тартып 5 жумушчу күндүн ичинде жүргүзүлөт; 6. Эгерде дары каражатын каттоо жөнүндө оң чечим кабыл алынса, таанылган мамлекеттин ыйгарым укуктуу органы 5 жумушчу күндөн кечиктирбестен жүргүзүлөт. Жалпы мөөнөтү 60 календардык күндөн ашпайт. Референттик мамлекет катары борборлоштурулбаган каттоо жол-жобосу боюнча төмөнкү этаптардан турат: 1. Арыздар, дары каражаттарынын үлгүлөрү жана стандарттык үлгүлөр 1 жумушчу күндүн ичинде кабыл алынат; 2. Каттоо досьесинде берилген документтердин толуктугун, комплекттүүлүгүн жана тууралыгын баалоо - 10 жумушчу күндүн ичинде жүргүзүлөт; 3. Төлөм үчүн эсебин коюу процесси 5 жумушчу күндүн ичинде жүрөт; 4. Дары каражатынын каттоо досьесин таануу абалына жетүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу - каттоо досьесинде көрсөтүлгөн документтердин толуктугуна, комплекттүүлүгүнө жана тууралыгына баа берилген күндөн тартып, же экспертиза жүргүзүү үчүн тиешелүү тапшырманы эксперттик уюм алган күндөн тартып 14 жумушчу күндөн кечиктирбестен жүргүзүлөт; 5. Адистештирилген экспертиза жүргүзүү - каттоо досьесинде көрсөтүлгөн документтердин толуктугуна, комплекттүүлүгүнө жана тууралыгына баа берилген күндөн тартып 105 жумушчу күндөн ашпаган мөөнөттө жүргүзүлөт; 6. Эгерде дары каражатын каттоо жөнүндө чечим оң деп табылса, каттоо күбөлүгүн жана жыйынтыктоочу документтерди берүү процесси 20 жумушчу күндөн кечиктирбестен жүргүзүлөт. Жалпы мөөнөтү 140 жумушчу күндөн ашык эмес.
Борборлоштурулбаган каттоо жол-жобосу референттик мамлекет катары төмөнкү этаптардан турат: 1. Арыз 1 жумушчу күндүн ичинде кабыл алынат; 2. Каттоо досьесинде берилген документтердин толуктугун, комплекттүүлүгүн жана тууралыгын баалоо - 10 жумушчу күндүн ичинде болот; 3. Төлөм үчүн эсебин коюу процесси 5 жумушчу күндүн ичинде жүргүзүлөт; 4. Дары каражатынын каттоо досьесине таануу мамлекеттеринин жеткиликтүүлүгүн алуу - 14 жумушчу күндөн кечиктирбестен жүргүзүлөт; 5. Адистештирилген экспертизаны өткөрүү - референттик мамлекетти баалоо боюнча алдын ала отчетту алган күндөн тартып 30 жумушчу күндөн ашпаган мөөнөттө; 6. Эгерде дары каражатын каттоо жөнүндө чечим оң деп табылса, каттоо күбөлүгүн жана жыйынтыктоочу документтерди берүү процесси 20 жумушчу күндөн кечиктирбестен жүргүзүлөт. Жалпы мөөнөт - 50 жумушчу күндөн ашык эмес.
ЕАЭБ талаптарына ылайык дары каражаттарын каттоону (кайра каттоону) ырастоо 1. Референттик мамлекетте каттоону (кайра каттоону) ырастоо тартиби - арыз берилген күндөн тартып 80 жумушчу күндөн ашпаган мөөнөттө болот; 2. Таанылып жаткан мамлекетте каттоону (кайра каттоону) ырастоо тартиби - арыз берилген күндөн тартып 50 жумушчу күндөн ашпайт.
ЕАЭБ талаптарына ылайык, мүчө-мамлекеттин эрежелери боюнча катталган дары препаратынын каттоо досьесин берүү тартиби 1) Арыз 1 жумушчу күндүн ичинде кабыл алынат; 2) Каттоо досьесинде көрсөтүлгөн документтердин толуктугун, комплекттүүлүгүн жана тууралыгын баалоо - 10 жумушчу күндүн ичинде жүрөт; 3) Төлөм үчүн эсебин берүү процесси 5 жумушчу күндүн ичинде жүргүзүлөт; 4) Адистештирилген экспертизаны жүргүзүү - каттоо досьесинде көрсөтүлгөн документтердин толуктугуна, комплекттүүлүгүнө жана тууралыгына баа берилген күндөн тартып 45 жумушчу күндөн ашпаган мөөнөттө жүргүзүлөт; 5) Чечим оң болгон учурда, каттоо күбөлүгүн жана жыйынтыктоочу документтерди берүү процесси 10 жумушчу күндөн кечиктирбестен жүргүзүлөт. Жалпы мөөнөт – каттоо досьесин ЕАЭБге ылайык келтирүү үчүн тиешелүү арыз берилген күндөн тартып 70 жумушчу күндөн ашпайт. Дары каражатынын каттоо досьесин Биримдиктин мыйзамдарына, тиешелүү мамлекеттин ыйгарым укуктуу органына киргизилген актыларга ылайык келтирүү жөнүндө оң чечим кабыл алынганда, дары каражатынын каттоо досьесин таанылуучу мамлекеттерге ылайык келтирүү жол-жобосу ушул Кодекстин 68-пунктунда көрсөтүлгөн каттоо досьесин өз ара таануунун түрүнө ылайык жүзөгө ашырылат.
Медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык медициналык буюмду мамлекеттик каттоодо төмөнкү жол-жоболор жүзөгө ашырылат: 1) арызды кабыл алуу – 1 күн; 2) каттоо досье документтеринин толуктугун жана комплектүүлүгүн баалоо - 10 жумушчу күн; 3) медициналык буюмдардын өндүрүшүнө инспекция жүргүзүү, - 90 жумушчу күн (экспертизаны уюштуруу жана өткөрүү мөөнөтү экспертиза жүргүзүүнүн жалпы мөөнөтүнө кирбейт), зарыл болгон учурда 4) медициналык буюмдардын адистештирилген экспертизасы – 16-36 жумушчу күн; 5) мамлекеттик каттоо жөнүндө чечим кабыл алуу - 3 жумушчу күн; 6) буйруктун негизинде арыз ээсине каттоо күбөлүгүн берүү - 10 жумушчу күн; Жалпы мөөнөтү 50 календардык күндөн ашпайт. (Европа Биримдигинин өлкөлөрүндө, Австралияда, Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугунда, Канадада, Америка Кошмо Штаттарында, Швейцарияда, Норвегияда, Жапонияда, медициналык буюм катары каттоодон өткөндүгүн тастыктаган жарактуу документ берилген учурда төлөмдү тастыктаган күндөн тартып мамлекеттик каттоо мөонөтү 30 календардык күнүнөн ашпоого тийиш). ЕАЭБдин дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык, медициналык буюмду референттик мамлекет катары мамлекеттик каттоодо төмөнкү жол-жоболор жүзөгө ашырылат: 1) арызды, электрондук каттоо досьесин кабыл алуу – 1 күн; 2) таануу мамлекетинин эксперттик органынын жетүү режиминде электрондук каттоо досьесин ЕАЭБдин маалыматтык сайтында жайгаштыруу - 5 жумушчу күн; 3) медициналык буюмдун коопсуздугуна, натыйжалуулугуна жана сапатына эксперттик баа берүү - 30 жумушчу күн; 4) комиссия тарабынан белгиленген талаптарга ылайык өндүрүштү текшерүү - 90 жумушчу күн (экспертизаны уюштуруу жана өткөрүү мөөнөтү экспертиза жүргүзүүнүн жалпы мөөнөтүнө кирбейт); 5) эксперттик корутундуну даярдоо жана ЕАЭБдин бирдиктүү маалыматтык системасына жайгаштыруу - 30 күн; 6) эксперттик корутундуну бекитүү - 30 жумушчу күн; 7) ыйгарым укуктуу органда каттоо жана катталган медициналык буюмдардын бирдиктүү реестрине жайгаштыруу - 10 жумушчу күн; 8) каттоо күбөлүгүн тариздөө - 10 жумушчу күн. Жалпы мөөнөтү 90 календардык күндөн ашпайт. ЕАЭБдин дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык, медициналык буюмду таануу мамлекети катары каттоодо төмөнкү жол-жоболор жүзөгө ашырылат: 1) каттоо досьесинин материалын кароо, эксперттик иштин жүрүшү менен таанышуу, эксперттик корутундуну бергенге чейин сунуштарды жана сын-пикирлерди жөнөтүү - 60 жумушчу күн; 2) эксперттик корутундуга макул болуу же макул болбоо - 30 жумушчу күн | ||
2. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - төмөнкү дарек боюнча Департаменттен: 720044, Бишкек ш., 3-Линия көч., 25, байланыш телефондору: 21-92-71, 21-93-01; иштөо убактысы: дүйшөмбү-жума 8.30дан 17.30га чейин, түшкү тыныгуу: 12.00дон 13.00кө чейин, эс алуу күндөрү - ишемби, жекшемби. - Департаменттин расмий сайтында www.dlsmi.kg Керектөөчүлөр үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө төмөнкүдөй түрдө маалымат берилет: - жазуу жүзүндө; - ооз эки түрдө (телефон аркылуу, адис менен жеке байланышууда). Арыздын үлгүлөрү жана кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматтар Департаменттин маалыматтык такталарында жана Департаменттин расмий сайтында жайгашкан. Каттоо күбөлүгүнүн даярдыгы жөнүндө арыз ээсине электрондук түрдө кабарланганы каралган. | ||
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары (бардык мүмкүн болгон ыкмаларды сүрөттөп же тизмелеп берүү) | Маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - Департаменттин расмий сайтында https://www.dlsmi.kg/ - Департаменттин маалыматтык тактасынан; - жазуу жүзүндө билдирүү аркылуу (жазуу жүзүндөгү суроо-талапка жооп); - оозеки түрдө: жеке кайрылуу, телефон аркылуу, анын номери Департаменттин www.dlsmi.kg сайтында жайгашкан; -басылмалар аркылуу; Электрондук кызматтардын мамлекеттик порталы аркылуу: portal.tunduk.kg; Маалымат мамлекеттик жана/же расмий тилдерде берилет - Департаменттин сайтында жайгашкан 1. Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууга уруксат берилген дары каражаттарынын реестри жайгаштырылган, ал онлайн режиминде жаңыртылып турат. 2. Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууга уруксат берилген медициналык буюмдардын реестри онлайн режиминде жаңыртылып турат. | ||
3.Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Калк менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейдждери) болушу керек. Келүүчүлөр менен баарлашууда кызматкерлер этиканын төмөнкүдөй негизги принциптерин сакташат: сылык, ак ниет, сыпайы, чыдамдуу, принциптүү болуу, коюлган маселенин маңызын тереңинен түшүнүүгө умтулуу, маектешкен адамын уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынуучу чечимдерди аргументтөө. Бардык кызматкерлер кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, этикалык ченемдердин сакталышын, жарандарга карата кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоочу көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылган кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек. | ||
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Департамент өз ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке маалыматтарды коргоонун жалпы таанылган стандарттарын сактоого милдеттенет. Купуялуулуктун принциптерин сактоо мыйзамдуу талаптарды, өкмөттүн талаптарын, улуттук коопсуздукту же коомдук кызыкчылыкты канааттандыруу үчүн зарыл болгон деңгээлде чектелиши мүмкүн. | ||
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Кызматты электрондук форматта алууда электрондук түрдө арыз толтуруу жана кызматты алуу үчүн зарыл болгон документтерди берүү Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу ишке ашырылат. Кызмат көрсөтүүчү “Түндүк” ведомстволор аралык өз ара таасири электрондук системасы аркылуу башка мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан арыз ээси жөнүндө маалыматтарды жана зарыл болгон документтерди белгиленген тартипте алууга укуктуу. Каттоо үчүн төлөмдүн квитанциясы. 1. Дары каражаттарын каттоодо төмөнкү документтер берилет: - ыйгарым укуктуу орган бекиткен форма боюнча дары каражатын каттоого арыз; - жалпы техникалык документ форматындагы каттоо досьеси; - дары каражатынын каттоо досьесинин 1-модулу Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2016-жылдын 3-ноябрындагы № 78 чечими менен бекитилген Медицинада колдонуу үчүн дары каражаттарын каттоо жана экспертизалоо эрежелеринин 1, 4-тиркемелерине ылайык же ушул Тартиптин 4-тиркемесине ылайык эки нускада кагаз жана электрондук түрдө берилет, мында дары каражатынын сапаты жана медицинада колдонуу боюнча нускама (кошумча баракча) жөнүндө ченемдик документ Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 7-мартындагы №136 токтому менен бекитилген Медициналык максатта колдонуу үчүн дары каражаттарын мамлекеттик каттоо Тартибинин 2 жана 3-тиркемелерине ылайык формалар боюнча арыз ээси тарабынан берилет. - Дары препаратынын каттоо досьесинин 2-5-модулдары Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2016-жылдагы 3-ноябрдагы № 78 чечими менен бекитилген Медициналык колдонуу үчүн дары каражаттарын каттоо жана экспертизалоо эрежелеринин 1, 4-тиркемелерине ылайык электрондук түрдө берилет. - Ата мекендик өндүрүүчүлөр дары каражаттарын мамлекеттик каттоого арыз берүүдө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 7-мартындагы №136 токтому менен бекитилген Медицинада колдонуу үчүн дары каражаттарын мамлекеттик каттоо Тартибинин 1-тиркемесине ылайык дары каражатынын каттоо досьесин ыйгарым укуктуу органга эки нускада электрондук алып жүрүүчүдө беришет. - дары каражатынын үлгүлөрү, ошондой эле сапат боюнча ченемдик документте каралган активдүү фармацевтикалык субстанциялардын жана аны менен байланышкан аралашмалардын стандарттык үлгүлөрү, дары каражатынын үлгүлөрүн сыноо үчүн спецификалык реагенттер ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылган санда жана каттоо досьесинде камтылган дары каражатынын сапаты боюнча ченемдик документтин талаптарына же башка спецификацияларга ылайык кеминде үч жолу анализ жүргүзүү үчүн зарыл болгон санда арыз ээси тарабынан берилет; - дары каражатын каттоо үчүн төлөмдү тастыктаган документ. 2. Төмөнкү мамлекеттердин биринин ыйгарым укуктуу органы тарабынан медициналык колдонууга уруксат берилген дары каражаттары үчүн: Австралия Биримдиги, Австрия Республикасы, Люксембург Улуу Герцогдугу, Венгрия, Греция Республикасы, Ирландия, Италия Республикасы, Канада, Бельгия Королдугу, Дания Королдугу, Испания Королдугу, Нидерланд Королдугу, Швеция Королдугу, Латвия Республикасы, Литва Республикасы, Португалия Республикасы, Болгария Республикасы, Кипр Республикасы, Мальта Республикасы, Польша Республикасы, Корея Республикасы, Словения Республикасы, Хорватия Республикасы, Румыния, Словакия Республикасы, Түркия Республикасы, Германия Федеративдик Республикасы, Финляндия Республикасы, Француз Республикасы, Эстония Республикасына арыз ээси ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген форма боюнча төмөнкү документтерди тиркөө менен арыз берет: - ыйгарым укуктуу орган бекиткен форма боюнча дары каражатын каттоого арыз; - тиешелүү ыйгарым укуктуу органга берилгенге окшош каттоо досьеси; - ыйгарым укуктуу органдардын биринде дары каражатын каттоо фактысын тастыктоочу документ (көчүрмө) (эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде башкача каралбаса, расмий жана/же мамлекеттик тилге котормосу менен (котормонун тууралыгы же котормочунун колунун аныктыгы нотариус тарабынан күбөлөндүрүлүшү керек) нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү); - расмий жана/же мамлекеттик тилде дары каражатынын сапаты жөнүндө ченемдик документ же ага окшош документ (дары каражатынын спецификациясы жана анализ жүргүзүү ыкмасы); - расмий жана/же мамлекеттик тилде баштапкы жана экинчилик (керектөөчү) таңгактардын макеттери; расмий жана/же мамлекеттик тилде дары каражаты жөнүндө тиешелүү маалыматтарды камтыган өзүн-өзү чаптама этикетканын (стикердин) тиешелүү макеттерин бир эле мезгилде берүү менен англис тилиндеги негизги жана экинчилик (керектөөчү) таңгактардын макеттерин берүүгө жол берилет; - расмий жана мамлекеттик тилдерде медициналык колдонуу боюнча нускамалар. - дары каражатын каттоо үчүн төлөмдү тастыктаган документ 3. Дары каражатын тездетилген каттоо үчүн арыз ээси ыйгарым укуктуу органга ыйгарым укуктуу орган бекиткен формадагы арызды, ага төмөнкү документтерди тиркөө менен берет: · Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун алдын ала квалификациясы бар дары каражаттары үчүн: - Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Дары каражаттарды алдын ала квалификациялоо программасынын алкагында арыз ээси тарабынан берилгенге окшош каттоо досьеси; - Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан алдын ала квалификациядан өткөндүгүн тастыктаган документ (көчүрмө); - расмий жана/же мамлекеттик тилде дары каражатынын сапаты жөнүндө ченемдик документ же ага окшош документ (дары каражатынын спецификациясы жана анализ жүргүзүү ыкмасы); - расмий жана/же мамлекеттик тилде баштапкы жана экинчилик (керектөөчү) таңгактардын макеттери; расмий жана/же мамлекеттик тилде дары каражаты жөнүндө тиешелүү маалыматтарды камтыган өзүн-өзү чаптама этикеткалардын (стикердин) тиешелүү макеттерин бир эле мезгилде берүү менен англис тилиндеги негизги жана экинчилик (керектөөчү) таңгактардын макеттерин берүүгө жол берилет; - расмий жана мамлекеттик тилдерде медициналык колдонуу боюнча нускамалар. - дары каражатын каттоо үчүн төлөмдү тастыктаган документ · Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 7-мартындагы №136 токтому менен бекитилген Медицинада колдонуу үчүн дары каражаттарын мамлекеттик каттоо Тартибинин 76-пунктунун 2-пунктчасында саналган өлкөлөрдө катталган дары каражаттары үчүн: - тиешелүү ыйгарым укуктуу органга берилгенге окшош каттоо досьеси; - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 7-мартындагы токтому менен бекитилген Медицинада колдонуу үчүн дары каражаттарын мамлекеттик каттоо Тартибинин 76-пунктунун 2-пунктчасында саналган өлкөлөрдүн ыйгарым укуктуу органдарынын биринде дары каражатын каттоо фактысын тастыктоочу документ (көчүрмө) (эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде башкача каралбаса, расмий жана/же мамлекеттик тилге котормосу менен (котормонун тууралыгы же котормочунун колунун аныктыгы нотариус тарабынан күбөлөндүрүлүшү керек) нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү); - расмий жана/же мамлекеттик тилде дары каражатынын сапаты жөнүндө ченемдик документ же ага окшош документ (дары каражатынын спецификациясы жана талдоо ыкмасы); - расмий жана/же мамлекеттик тилде баштапкы жана экинчилик (керектөөчү) таңгактардын макеттери; расмий жана/же мамлекеттик тилде дары каражаты жөнүндө тиешелүү маалыматтарды камтыган өзүн-өзү чаптама этикеткалардын (стикердин) тиешелүү макеттерин бир эле мезгилде берүү менен англис тилиндеги негизги жана экинчилик (керектөөчү) таңгактардын макеттерин берүүгө жол берилет; - расмий жана мамлекеттик тилдерде медициналык колдонуу боюнча нускамалар. - дары каражатын каттоо үчүн төлөмдү тастыктаган документ 4. Дары каражаттарын каттоону тастыктоодо төмөнкү документтер берилет: - дары каражатын мамлекеттик каттоону тастыктоо жөнүндө арыз; - жалпы техникалык документ форматында каттоо досьеси: - Дары каражатынын каттоо досьесинин 1-модулу Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2016-жылдын 3-ноябрындагы № 78 чечими менен бекитилген Медицинада колдонуу үчүн дары каражаттарын каттоо жана экспертизалоо эрежелеринин 1, 4-тиркемелерине же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 7-мартындагы токтому менен бекитилген Медицинада колдонуу үчүн дары каражаттарын мамлекеттик каттоо Тартибинин 4-тиркемесине ылайык эки нускада кагаз жана электрондук түрдө берилет; - Дары каражатынын каттоо досьесинин 2-модулу Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2016-жылдын 3-ноябрындагы № 78 чечими менен бекитилген Медицинада колдонуу үчүн дары каражаттарын каттоо жана экспертизалоо эрежелеринин 1, 4-тиркемелерине ылайык электрондук түрдө берилет; - Ата мекендик өндүрүүчүлөр үчүн - Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 7-мартындагы токтому менен бекитилген Медицинада колдонуу үчүн дары каражаттарын мамлекеттик каттоо Тартибинин 1-тиркемесине ылайык каттоо досьесинин I бөлүгү; - каттоо күбөлүгүнүн жарактуулук мөөнөтүнө дары каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө мезгил-мезгили менен жаңыртылып туруучу отчеттор, эгерде бул фармакокөзөмөл системасы тарабынан каралса. - дары каражатын каттоону тастыктоо үчүн төлөмдү тастыктаган документ.
1. ЕАЭБ талаптарына ылайык дары каражаттарын өз ара таануу жол-жобосу боюнча каттоо Дары препаратын каттоо үчүн арыз ээси референттик мамлекеттин ыйгарым укуктуу органына төмөнкү документтерди жана материалдарды берет: Эрежелердин № 2-тиркемесинде белгиленген формадагы, кагаз түрүндө же мындай арыз берилген мүчө мамлекеттин мыйзамдарына ылайык электрондук санариптик колтамга (электрондук колтамга) менен кол коюлган (мындан ары - электрондук колтамга) электрондук документ түрүндө арыз; - Эрежелердин № 1-5-тиркемелерине ылайык электрондук документтердин топтому түрүндө электрондук алып жүрүүчүлөрдө каттоо досьеси; - дары препараттарынын үлгүлөрү; - дары каражатын каттоо үчүн төлөмдү тастыктаган документ. Дары препаратын каттоо үчүн арыз ээси таануу мамлекетинин ыйгарым укуктуу органына төмөнкү документтерди жана материалдарды берет: - Эрежелердин № 2-тиркемесинде белгиленген формадагы, кагаз түрүндө же электрондук колтамга менен кол коюлган электрондук документ түрүндө, өз ара таануу жол-жобосу боюнча дары препаратын каттоого арыз; - электрондук документтер түрүндө электрондук алып жүрүүчүдөгү каттоо досьесинин 1-модулу (анын ичинде гана таануу абалына тиешелүү жаңыланган документтер); - дары каражатын каттоо үчүн төлөмдү тастыктаган документ. 2. Дары каражаттарын ЕАЭБ талаптарына ылайык борборлоштурулбаган жол-жобосу боюнча каттоо Дары препаратын каттоо үчүн арыз ээси референттик мамлекеттин ыйгарым укуктуу органына төмөнкү документтерди жана материалдарды берет: - Эрежелердин № 2-тиркемесинде белгиленген формадагы, кагаз түрүндө же электрондук колтамга менен кол коюлган электрондук документ түрүндө дары препаратын каттоо жөнүндө арыз; - Эрежелердин № 1-5-тиркемелерине ылайык электрондук документтердин топтому түрүндө электрондук алып жүрүүчүлөрдө каттоо досьеси; - дары препараттарынын үлгүлөрү; - дары каражатын каттоо үчүн төлөмдү тастыктаган документ. Дары препаратын каттоо үчүн арыз ээси таануу мамлекетинин ыйгарым укуктуу органына төмөнкү документтерди жана материалдарды берет: - Эрежелердин № 2-тиркемесинде белгиленген формадагы, кагаз түрүндө же электрондук колтамга менен кол коюлган электрондук документ түрүндө арыз; - электрондук документтердин топтому түрүндө электрондук алып жүрүүчүлөрдө каттоо досьесинин 1-модулу; - дары каражатын каттоо үчүн төлөмдү тастыктаган документ. 3. ЕАЭБ талаптарына ылайык дары препаратын каттоону (кайра каттоону) тастыктоо Дары препаратын каттоону (кайра каттоону) тастыктоо үчүн арыз ээси референттик мамлекеттин ыйгарым укуктуу органына төмөнкү документтерди берет: а) Эрежелердин № 2-тиркемесине ылайык формадагы, кагаз түрүндө же электрондук колтамга менен кол коюлган электрондук документ түрүндө дары препаратын каттоо (кайра каттоо) жөнүндө арыз; б) Эрежелердин № 1-5-тиркемелерине ылайык даярдалган каттоо досьесинин 1 жана 2-модулдары, электрондук алып жүрүүчүлөрдө; ) каттоону тастыктоо (кайра каттоо) үчүн төлөмдү тастыктаган документтер. Дары препаратын каттоону (кайра каттоону) тастыктоо үчүн арыз ээси референттик мамлекеттин ыйгарым укуктуу органына төмөнкү документтерди берет: Дары препаратын каттоону (кайра каттоону) тастыктоо үчүн арыз ээси таануу мамлекетинин ыйгарым укуктуу органына төмөнкү документтерди берет: а) Эрежелердин № 2-тиркемесине ылайык белгиленген формадагы, кагаз түрүндө же электрондук колтамга менен кол коюлган электрондук документ түрүндө арыз; б) электрондук документтердин топтому түрүндө электрондук алып жүрүүчүлөрдө каттоо досьесинин 1-модулу; в) каттоону тастыктоо (кайра каттоо) үчүн төлөмдү тастыктаган документтер. 4. Каттоо досьесин берүү жол жобосу ЕАЭБдин талаптарына ылайык мүчө мамлекеттин эрежелери боюнча катталган дары препараты Дары препаратынын каттоо досьеси ЕАЭБдин талаптарына ылайык келтирилсин: - Эреженин № 2 тиркемесине ылайык форма боюнча электрондук колтамга менен кол коюлган кагаз же электрондук документ түрүндөгү арыз; - Эрежелердин № 1-5-тиркемелерине ылайык электрондук алып жүрүүчүдөгү жана (же) электрондук документтер түрүндөгү дары препаратынын каттоо досьесинин 1-3 модулдары; - мүчө мамлекеттердин мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүргүзүлгөн клиникага чейинки жана клиникалык изилдөөлөрдүн маалыматтары дары препаратынын каттоо досьесинин 4 жана 5-модулдарында келтирилет (клиникага чейинки (клиникалык эмес) изилдөөлөр жана клиникалык изилдөөлөр (сыноолор) жөнүндө отчетторду Бирликтин органдарынын белгиленген актылары менен, мындай отчетторду тариздөө эрежелер менен дары препаратына тиешелүү отчеттордун түрүнө шайкеш келтирбестен); - мүчө мамлекеттин мыйзамдарына ылайык дары препараты катталбаган же каттоого берилбеген мүчө мамлекеттерде өз ара таануу жол-жобосу боюнча андан ары каттоодо Эрежелердин № 1-5 тиркемелерине ылайык каттоо досьесинин 1-5 модулдары; - талаптарга ылайык келтирүү үчүн төлөмдү ырастоочу документтер. Дары каражатынын каттоо досьесин таанылган мамлекетте ЕАЭБдин талаптарына ылайык келтирүү үчүн: - Эреженин № 2 тиркемесине ылайык форма боюнча кагаз же электрондук колтамга менен кол коюлган электрондук документ түрүндөгү арыз; - электрондук документтердин топтому түрүндөгү электрондук алып жүрүүчүдөгү каттоо досьесинин 1-модулу; - талаптарга ылайык келтирүү үчүн төлөмдү тастыктоочу документтер. 3. Медициналык буюмду каттоодо төмөнкү документтер берилет: Мамлекеттик каттоо үчүн арыз ээси ыйгарым укуктуу органга ДК жана МБ ЭМБ МС аркылуу төмөнкүлөрдү жөнөтөт: 1) арыз; 2) Мамлекеттик каттоонун, медициналык буюмдардын коопсуздугуна, сапатына жана натыйжалуулугуна экспертиза жүргүзүү Тартибинин 1-тиркемесине ылайык тизмедеги документтерди камтыган каттоо досьесин, медициналык буюмдардын номенклатурасынын Мамлекеттик реестрин жүргүзүү, медициналык буюмдардын каттоо досьесине өзгөртүүлөрдү киргизүү, каттоо күбөлүгүн токтото туруу же четтетүү (жокко чыгаруу) Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин 2016-жылдын 12-февралындагы № 46 Чечими менен бекитилген Медициналык буюмдардын коопсуздугун, сапатын жана натыйжалуулугун экспертизалоонун эрежелеринин 2 жана 4-тиркемесине ылайык жүргүзүлөт. ДК жана МБ ЭМБ МС бузулган учурда ыйгарым укуктуу орган каттоо досьесин кагаз түрүндө кабыл алууга укуктуу. | ||
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Кызмат көрсөтүү Департамент тарабынан Кыргыз Республикасынын монополияга каршы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган кызмат көрсөтүүнүн наркынын прейскурантына ылайык акы төлөмү негизинде көрсөтүлөт. Кызмат көрсөтүүнүн наркы жөнүндө маалымат Департаменттин www.dlsmi.kg, сайтында, маалымат тактачасында жайгаштырылат, ошондой эле керектөөчүнү жеке кабыл алуу учурунда суроо-талабы боюнча, кат аркылуу суроо-талабы боюнча, телефон аркылуу берилет. Мамлекеттик кызмат көрсөтүү үчүн акы алуунун негизи: 1) Кыргыз Республикасынын Ѳкмөтүнүн 2020-жылдын 30-апрелиндеги № 227 “Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаменти жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому; 2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 “Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү реестрин бекитүү жөнүндө” токтому | ||
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - колдонуучу үчүн актуалдуулугу; - кызмат көрсөтүүнүн стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык тактык жана өз убагында болуусу; - жеткиликтүүлүк, жарандардан кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайы жана сылыктыгы; - кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө зарыл болгон документтерди толтурууга жардам көрсөтүү жана кеңеш берүү | ||
15 | Электрондук форматта мамлекеттик кызмат көрсөтүү ыкмалары | Кызмат электрондук форматта электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу арызды кабыл алуу, маалымат алмашуу жана жыйынтыктын даярдыгы жөнүндө билдирүү стадиясында көрсөтүлөт. Электрондук форматта бул кызмат Кыргыз Республикасынын жана/же Евразия экономикалык биримдигинин дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык дары каражатына жана медициналык буюмга каттоо күбөлүгүн берүүгө арыз берүү бөлүгүндө көрсөтүлөт: - каттоо күбөлүгүнүн даярдыгы жөнүндө арыз ээсине электрондук түрдө кабарлоо каралууда | ||
4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуунун негиздери жана даттануу тартиби | ||||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу үчүн негиз | Дары каражатын мамлекеттик каттоо, тездетилген каттоо жана каттоону тастыктоо жол-жоболорунан баш тартуу үчүн негиздер болуп төмөнкүлөр саналат: - каттоо досьесине киргизилген өзгөртүүлөрдү экспертизадан өткөрүү үчүн арыз берүүчү тарабынан төлөм жүргүзүлбөсө; - арыз ээси жазуу жүзүндөгү суроо-талапты алган күндөн тартып белгиленген мөөнөттө адистештирилген эксперттин суроо-талабына жооп бербегенде; - арыз ээси тарабынан ишенимдүү эмес маалыматтар берилсе; - арыз берилген дары каражаттарынын курамында, Кыргыз Республикасында колдонууга тыюу салынган заттардын жана материалдардын болушу; - экспертиза жүргүзүүдө дары каражатынын натыйжалуулугу, коопсуздугу жана сапаты тастыкталбаса; - экспертизанын жүрүшүндө дары каражатын колдонуу кооптуулугу күтүлгөн пайдадан жогору экендигин көрсөткөн жаңы маалыматтарды алуу; - арыз ээсинин 34-пунктка ылайык ыйгарым укуктуу орган тарабынан демилгеленген тиешелүү фармацевтикалык практикага шайкештигин текшерүүдөн өтүүдөн баш тартуусу же ыйгарым укуктуу органдын билдирүүсүнө белгиленген мөөнөттө жооп бербөөсү; - түзөтүүчү жана алдын алуучу иш-чаралардын планын, анын аткарылышы жөнүндө отчетту жана текшерүүнүн натыйжалары боюнча аныкталган карама-каршылыктарды жоюу жөнүндө маалыматтарды тиркөө менен белгиленген мөөнөттө жооп бербөө, текшерүүнүн жүрүшүндө критикалык жана (же) олуттуу шайкеш келбестиктер аныкталса; - текшерүүнүн натыйжалары боюнча түзөтүүчү жана алдын алуучу иш-чаралардын планында белгиленген мөөнөттө бардык критикалык жана олуттуу шайкеш келбестиктерди четтетпөө. - дары каражатын медицинада колдонуу боюнча нускамада сүрөттөлгөн дары каражатын колдонуу шарттарын сактоо шартында далилденген жагымсыз “пайда-кооптуулук” катышы же дарылык натыйжалуулуктун аныкталган жетишсиздиги; - “пайда-кооптуулуктун” жагымсыз катышын көрсөткөн фармакокөзөмөлдүн маалыматтары менен белгиленген фактылар (анын ичинде дары препаратын медицинада колдонуу боюнча бекитилген нускамада көрсөтүлгөн маалыматтарга салыштырмалуу айрым жагымсыз реакциялар жөнүндө кабарлоо жыштыгынын олуттуу ашып кетиши); - дары каражатынын мамлекеттик каттоодон өткөндүгүн тастыктоо үчүн берилген документтердеги ишенимдүү эмес же жаңыланбаган маалыматтар; - арыз ээси дары препаратына экспертиза жүргүзүүдө келип чыккан эскертүүлөрдү четтетпесе же суроолорго белгиленген мөөнөттө жооп бербесе; - арыз ээси дары препаратына экспертиза жүргүзүүдө келип чыккан эскертүүлөрдү четтетпесе же суроолорго белгиленген мөөнөттө жооп бербесе; - фармакокөзөмөл боюнча милдеттенмелерди аткарбоо. Дары каражатын каттоо, каттоону тастыктоо жана ЕАЭБ талаптарына ылайык келтирүү жол-жоболорунан баш тартуу үчүн негиздер болуп төмөнкүлөр саналат: 1. каттоо жол-жоболорун экспертизадан өткөрүү, каттоону ырастоо жана белгиленген мөөнөттө ылайык келтирүү үчүн арыз ээси тарабынан төлөнбөгөндүк; 2. дары препаратын колдонуу менен байланышкан мүмкүн болуучу кооптуулуктарга күтүлгөн пайданын катышы жагымдуу эмес; 3. дары препаратынын натыйжалуулугу өтүнмө ээси тарабынан берилген маалымат менен ырасталбаса; 4. дары препаратынын сапаты тастыкталган эмес; 5. сапатты көзөмөлдөөнүн сунушталган ыкмалары жана методикасы кайталанууга мүмкүн эмес; 6. арыз ээси тарабынан жалган маалымат берилсе; 7. - дайындалган текшерүүнүн натыйжалары боюнча дары препаратын каттоо мезгилинде Бирликтин тиешелүү фармацевтикалык практикасына ылайыктуулугу тастыкталган эмес; 8. арыз ээси ыйгарым укуктуу орган (уюм) сураган документтерди жана маалыматтарды белгиленген мөөнөттө бербесе; 9. таануу мамлекетинин ыйгарым укуктуу органы, эгерде дары препаратына жүргүзүлгөн экспертизанын натыйжалары боюнча жана Эксперттик комитетте пикир келишпестиктерди чечүү жол-жобосун жүргүзүүдөн кийин референттик мамлекеттин эксперттик уюму тарабынан түзүлгөн экспертизанын корутундусунда келтирилген маалыматтар дары препаратынын “пайда - кооптуулугун” жана (же) натыйжалуулугун жана (же) натыйжалуулугун тастыктоо үчүн жетиштүү деп табылышы мүмкүн эмес деп чечсе, дары препаратын каттоодон баш тартат. Референттик мамлекеттин ыйгарым укуктуу органы тарабынан дары препаратын каттоону (кайра каттоону) ырастоодон баш тартууга жана баалоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан эксперттик отчетун мамлекеттик орган тарабынан таанылышын таанууга негиздер болуп төмөнкүлөр саналат:
а) каттоону (кайра каттоону) тастыктоо учурунда дары препаратын колдонуу менен байланышкан ден-соолукка төмөнкү олуттуу кооптуулуктардын сакталышы: - бекитилген ДПЖМ (Дары препаратынын жалпы мүнөздөмөсү) сүрөттөлгөн дары препаратын колдонуу шарттары сакталганда далилденген жагымсыз пайда-кооптуулук катышы же дарылоо натыйжалуулугунун жоктугу; -пайда-кооптуулуктун жагымсыз катышын көрсөткөн фармакологиялык көзөмөлдүн маалыматтарынын негизинде аныкталган фактылар (анын ичинде бекитилген ДПЖМ көрсөтүлгөн маалыматтарга салыштырмалуу тигил же бул жагымсыз реакциялар жөнүндө кабарлоо жыштыгынын олуттуу ашып кетиши); - билдирилген дары препаратынын сапаттык жана сандык курамынын ортосундагы дал келбөөчүлүк же дары препаратынын сапатынын Бирликтин рыногунда жүгүртүү учурундагы жана аны каттоо учурунда жарыяланган бир нече жолу дал келбестиги; - каттоону (кайра каттоону) тастыктоо жөнүндө арызга тиркелген каттоо досьесиндеги так эмес же активдүү эмес маалыматтар; б) каттоо күбөлүгүнүн ээси сын-пикирлерди жойбосо же дары препаратына экспертиза жүргүзүү мезгилинде келип чыккан суроолорго белгиленген мөөнөттө жооп бербесе; в) каттоо күбөлүгүнүн ээсинин фармакологиялык көзөмөл боюнча милдеттенмелерин же каттоо жол-жобосунун алкагындагы милдеттенмелерди аткарбоо шартында. Медициналык буюмду мамлекеттик каттоодон баш тартуу үчүн төмөнкүлөр негиз болуп саналат: - каттоо досьесинде камтылган тиешелүү материалдар жана маалыматтар менен медициналык буюмдун сапатын жана (же) натыйжалуулугун жана (же) коопсуздугун ырастабоо; - медициналык буюмду колдонуудан жарандардын жана медицина кызматкерлеринин ден соолугуна зыян келтирүү коркунучу аны пайдалануунун натыйжалуулугунан ашып кетсе; - арыз ээси тарабынан ыйгарым укуктуу органдын талабы боюнча жетишпеген документтерди жана/же каттоо досьесинин толуктугун камсыз кылуу үчүн маалыматтарды бербесе. - арыз берүүчү тарабынан медициналык буюмду каттоо үчүн төлөм жүргүзүлбөсө | ||
17 | Даттануу тартиби | Дары каражатына же медициналык буюмга каттоо күбөлүгүн берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимге баш тартуу жөнүндө билдирүү алынгандан кийин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте 30 жумушчу күндүн ичинде даттанылышы мүмкүн. - өндүрүүчүнүн же каттоо күбөлүгүнүн ээсинин аталышы; - дары каражатынын жана медициналык буюмдун аталышы; - өндүрүүчүнүн же каттоо күбөлүгүнүн ээсинин атынан даттануу берген адамдын фамилиясы, аты, атасынын аты, анын кызматы жана юридикалык жактын жайгашкан жери; - даттануунун предмети; - даттанууга тиркелген документтердин тизмеси; - даттануу берилген күнү, айы жана жылы; - юридикалык жактын атынан даттануу берген адамдын колу, юридикалык жактын мөөрү. Даттануу баш тартуу жөнүндө чечимдин мыйзамдуулугуна ылайык каралат. Даттанууну кароонун натыйжалары боюнча даттанууну канааттандыруу же баш тартуу жөнүндө чечимди өзгөртүүсүз калтыруу жөнүндө чечим, ал Кыргыз Республикасынын жана/же Евразия экономикалык бирлигинин дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык кабыл алынган деген негиздеме менен чыгарылат. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты бузулган учурларда керектөөчүлөр түздөн-түз же өз өкүлдөрү аркылуу кызматкерлердин аракетине (аракетсиздигине) саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жазуу жүзүндө даттанууга укуктуу. Кабыл алынган чечим менен макул болбогон учурда, кызмат көрсөтүүнү алуучу Кыргыз Республикасынын административдик ишмердүүлүк жана административдик жол-жоболор чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык ага даттанууга укуктуу. |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароо мезгили | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес кайра каралат. |
| Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2025-жылдын 12-майындагы № 478 буйругуна 2-тиркеме |
5-глава Дары каражатынын же медициналык буюмдун каттоо досьесине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр. | ||
1. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Дары каражатын же медициналык буюмду каттоо досьесине өзгөртүүлөрдү киргизүү - мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин 5-главасынын 60-пункту. |
2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жаатында мамлекетгик саясатты жүргүзгөн жана башкарган мамлекеттик борбордук орган (мындан ары - саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекетгик орган); Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаменти (мындан ары - Департамент) |
3 | Мамлекетгик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр | Мамлекеттик каттоого, каттоону тастыктоого, дары каражаттарын же медициналык буюмдарды каттоо досьесине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө арыз берүүгө жана каттоого байланыштуу башка жол-жоболорго ыйгарым укуктуу юридикалык жактар |
4 | Мамлекетгик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: - “Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө”; - “Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө”; - “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө”. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдору: - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 7-мартындагы № 136 “Медициналык колдонуу үчүн дары- каражаттарын каттоо, каттоону тастыктоо жана каттоо досьесуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому - 2024-жылдын 27-августундагы № 513 “Медициналык буюмдарды каттоого, коопсуздугуна, сапатына жана натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүүгө, медициналык буюмдарды маркалоого жана таңгактоого талаптардын айрым маселелери жөнүндө”. Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин чечимдери: - 2016-жылдын 3-ноябрындагы № 78 “Медициналык колдонуу үчүн дары каражаттарын каттоо жана экспертизадан өткөрүү эрежелери жөнүндө” - 2016-жылдын 12-февралындагы № 46 “Медициналык буюмдардын коопсуздугун, сапатын жана натыйжалуулугун каттоо жана экспертизалоо эрежелери жөнүндө” |
5 | Көрсөтүлген мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Кат берүү - кагаз жана/же электрондук форматта ишке ашырылган дары каражатынын жана медициналык буюмдун каттоо досьесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө кабарлоо, ошондой эле зарыл болгон учурда жаңы каттоо күбөлүгүн берүү. |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Департамент кызмат көрсөтүүнү “Бирдиктүү терезе” принциби боюнча ишке ашырылат. Имараттарда керектөөчүлөргө күтүү үчүн зарыл болгон шарттар түзүлгон: гардероб, отуруу үчүн орундар, телефон, даараткана, жуунуучу бөлмөлөр. Жарандардын жеңилдетилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, тыл эмгекчилери, майыптар, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет. Керектөөчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөгүлүүчү жерде кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат. Мамлекеттик кызматты керектөөчүгө алдын ала кеңеш берүүнү адистер телефон аркылуу же Департаментте жүргүзсө болот. Медициналык буюмдун каттоо досьесинин документтери (мындан ары - каттоо досьеси) электрондук түрдө берилет. Бардык жол-жоболор дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын электрондук маалымат базасында (мындан ары – ДК жана МБ ЭМБ МС) маалымат системасында жүргүзүлөт. ДК жана МБ ЭМБ ЭС медициналык буюмдарды каттоо функциясына жетүү үчүн колдонуучу жеке кабинетти ачуу керек. |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Улуттук талаптарга ылайык катталган дары препаратарынын каттоо досьесине өзгөртүүлөрдү киргизүү: Дары каражаттарынын каттоо досьесине өзгөртүүлөрдү киргизүү процесси төмөнкүдөй тартипте жүзөгө ашырылат: 1) Арызды, дары каражаттарынын үлгүлөрү жана стандарттык үлгүлөр 1 жумушчу күндүн ичинде кабыл алынат; 2) Эсеп берүү процесси 5 жумушчу күндүн ичинде жүргүзүлөт; 3) Адистештирилген экспертизаны өткөрүү процесси - төлөм жүргүзүлгөн күндөн тартып 40 календардык күндөн ашпаган мөөнөттө; 4) Каттоо досьесине өзгөртүүлөрдү киргизүү (же киргизүүдөн баш тартуу) жөнүндө чечимди кабыл алуу - 5 жумушчу күндүн ичинде; 5) Кыргыз Республикасынын Дары каражаттарынын мамлекеттик реестрине тиешелүү жазууну киргизүү жана киргизилген өзгөртүүлөр жөнүндө арыз ээсине билдирүү жөнөтүү - 5 жумушчу күндүн ичинде; Жалпы мөөнөт төлөм ырасталган күндөн тартып 50 календардык күндөн ашпайт. ЕАЭБдин талаптарына ылайык катталган дары препараттарынын каттоо досьесине өзгөртүүлөрдү киргизүү. Бирден ашык мүчө мамлекеттерде катталган дары препараттарынын каттоо досьесине өзгөртүүлөрдү киргизүү: 1) каттоо досьесине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча документтерди кабыл алуу - 1 жумушчу күн; 2) документтердин толуктугун жана аларда камтылган маалыматтардын аныктыгын баалоо - 5 жумушчу күндөн ашык эмес; 3) арызды жана документтерди таануу мамлекеттердин эксперттик органынын жетүү режиминде ЕАЭБдин маалыматтык сайтына жайгаштыруу - 5 жумушчу күн; 4) киргизилген өзгөртүүлөргө адистештирилген экспертиза жүргүзүү - 20 жумушчу күн; 5) каттоо досьесине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү (же киргизүүдөн баш тартуу) жөнүндө чечимди кабыл алуу - 10 жумушчу күн; 6) Бирликтин бирдиктүү реестрине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө маалыматтарды жайгаштыруу - 10 жумушчу күн. Жалпы мөөнөтү 90 календардык күндөн ашпайт. Улуттук жол-жобо боюнча катталган дары препараттарынын каттоо досьесине өзгөртүүлөрдү киргизүү (референттик өлкөлөрдө гана) төмөнкүлөрдү камтыйт: 1) каттоо досьесине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча документтерди кабыл алуу - 1 жумушчу күн; 2) документтердин толуктугун жана аларда камтылган маалыматтардын аныктыгын баалоо - 14 жумушчу күн; 3) киргизилген өзгөртүүлөргө эксперттик баа берүү жана баалоо боюнча эксперттик отчетту даярдоо - 60 календардык күн; 4) каттоо досьесине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү (же киргизүүдөн баш тартуу) жөнүндө чечимди кабыл алуу - 10 жумушчу күн. Жалпы мөөнөтү 90 календардык күндөн ашпайт. Катталган медициналык буюмдун каттоо досьесине өзгөртүүлөрдү киргизүү процесси: 1) баштапкы экспертиза - 10 календардык күн; 2) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө материалдарды экспертизалоо - 20 календардык күн; 3) каттоо досьесине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү (же киргизүүдөн баш тартуу) жөнүндө чечимди кабыл алуу - 3 жумушчу күн;
4) Мамлекеттик реестрге тиешелүү жазууну киргизүү - 2 жумушчу күн; 5) медициналык колдонуу боюнча нускаманы бекитүүдө, таңгактын макетін жана сапаты боюнча ченемдик документке өзгөртүүлөрдү, ошондой эле киргизилген өзгөртүүлөр менен каттоо күбөлүгүн бекиткенде - 3 жумушчу күн. Жалпы мөөнөтү 30 жумушчу күндөн ашык эмес. ЕАЭБде катталган медициналык буюмдарды каттоо досьесине эталондук мамлекет катары өзгөртүүлөр төмөнкүлөрдү камтыйт: 1) өтүнмөнү жана документтерди таануу мамлекеттердин эксперттик органынын жетүү режиминде ЕАЭБдин маалыматтык веб-сайтына жайгаштыруу - 5 жумушчу күн; 2) документтердин толуктугуна жана тууралыгына, киргизилген өзгөртүүлөрдүн медициналык буюмдун коопсуздугуна, сапатына жана натыйжалуулугуна таасирине баа берүү - 30 жумушчу күн; 3) каттоо досьесине өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн мүмкүндүгү (мүмкүн эместиги) жөнүндө эксперттик корутундуну даярдоо жана бирдиктүү маалыматтык системага жайгаштыруу - 3 жумушчу күн; 4) каттоо күбөлүгүн каттоо, каттоо досьесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө ЕАЭБ маалыматтардын бирдиктүү реестрине жайгаштыруу, арыз берүүчүгө каттоо досьесине өзгөртүүлөрдү киргизүүдөн баш тартуу жөнүндө билдирүү - 10 жумушчу күн. Жалпы мөөнөтү 60 жумушчу күндөн ашык эмес. ЕАЭБ алкагында каттоодон өткөн медициналык буюмдарды каттоо досьесине таануу статусу катары өзгөртүүлөр төмөнкүлөрдү камтыйт: 1) эксперттик корутунду чыгарылганга чейин сунуштарды жана сын-пикирлерди жөнөтүү - 30 жумушчу күн; 2) сунуштарды жана сын-пикирлерди жөнөтүү (негиздөө менен) жарыяланган күндөн тартып - 10 жумушчу күн |
2. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуучуларга маалымдоо | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - төмөнкү дарек боюнча Департаменттен: 720044, Бишкек ш., 3-Линия көч., 25, байланыш телефондору: 21-92-71, 21-93-01; иштөо убактысы: дүйшөмбү-жума 8.30дан 17.30га чейин, түшкү тыныгуу: 12.00дон 13.00кө чейин, эс алуу күндөрү - ишемби, жекшемби. - Департаменттин расмий сайтында www.dlsmi.kg Керектөөчүлөр үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө төмөнкүдөй түрдө маалымат берилет: - жазуу жүзүндө; - ооз эки түрдө (телефон аркылуу, адис менен жеке байланышууда). Арыздын үлгүлөрү жана кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматтар Департаменттин маалыматтык такталарында жана Департаменттин расмий сайтында жайгашкан. Каттоо күбөлүгүнүн даярдыгы жөнүндө арыз ээсине электрондук түрдө кабарланганы каралган. |
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - Департаменттин расмий сайтында https://www.dlsmi.kg/ - Департаменттин маалыматтык тактасынан; - жазуу жүзүндө билдирүү аркылуу (жазуу жүзүндөгү суроо-талапка жооп); - оозеки түрдө: жеке кайрылуу, телефон аркылуу, анын номери Департаменттин www.dlsmi.kg сайтында жайгашкан; -басылмалар аркылуу; Электрондук кызматтардын мамлекеттик порталы аркылуу: portal.tunduk.kg; Маалымат мамлекеттик жана/же расмий тилдерде берилет |
3. Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Калк менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейдждери) болушу керек. Келүүчүлөр менен баарлашууда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сакташат: сылык, ак ниет, сыпайы, чыдамдуу, принциптүү болуу, коюлган маселенин маңызын терең түшүнүүгө умтулуу, маектешкен адамын уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынуучу чечимдерди далилдөө. Бардык кызматкерлер кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, этикалык ченемдердин сакталышын, жарандарга карата кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоочу коз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылган кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек |
11 | Купуялуулукту камсыз кылуу ыкмалары | Департамент өз ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке маалыматтын кол тийбестигин коргоонун жалпы таанылган стандарттарын сактоого милдеттенет. Купуялуулуктун принциптерин сактоо юридикалык талаптарды, мамлекеттик органдардын талаптарын, улуттук коопсуздукту же коомдук кызыкчылыкты канааттандыруу үчүн зарыл болгон деңгээлде чектелиши мүмкүн. |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр тарабынан иш-аракеттеринин тизмеси | Кызматты электрондук форматта алууда электрондук түрдө арыз толтуруу жана кызматты алуу үчүн зарыл болгон документтерди берүү Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу ишке ашырылат. Кызмат көрсөтүүчү “Түндүк” электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу башка мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан арыз ээси жөнүндө маалыматтарды жана зарыл болгон документтерди белгиленген тартипте алууга укуктуу. Улуттук талаптарга ылайык катталган дары-препаратынын каттоо досьесине өзгөртүүлөрдү киргизүү Дары каражатын жаңы мамлекеттик каттоону талап кылбаган өзгөртүүлөр киргизилген учурда каттоо күбөлүгүнүн ээси төмөнкүлөрдү берет: 1. ыйгарым укуктуу орган бекиткен формадагы арыз; 2. өзгөртүүлөрдү ырастоочу жана/же негиздөөчү документтер; 3. өзгөртүүлөр киргизилген каттоо досьесинин жаңыланган бөлүмдөрү жана документтери; 4. дары каражатынын каттоо досьесине өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн төлөмдү ырастоочу документ.
ЕАЭБ талаптарына ылайык катталган дары препаратынын каттоо досьесине өзгөртүүлөрдү киргизүү, булардын каттоосун узартууга мүмкүн эмес: 1. Эрежелердин №2 тиркемесине ылайык өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө арыз; 2. өзгөртүүлөрдү ырастоочу жана/же негиздөөчү документтер; 3. өзгөртүүлөр киргизилген каттоо досьесинин жаңыланган бөлүмдөрү жана документтери; 4. дары каражатынын каттоо досьесине өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн төлөмдү ырастоочу документ. Медициналык буюмдарды жаңы мамлекеттик каттоону талап кылбаган өзгөртүүлөр киргизилген учурда, арыз берүүчү же ыйгарым укуктуу өкүл төмөнкүлөрдү берүүгө тийиш: - ыйгарым укуктуу органга арыз ээси тарабынан киргизилген өзгөртүүлөргө экспертиза жүргүзүү үчүн негиздөө менен каттоо досьесинин бөлүмдөрүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө ыйгарым укуктуу органга арыз. - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы № 513 токтому менен бекитилген “Медициналык буюмдарды каттоого, коопсуздугуна, сапатына жана натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүүнүн айрым маселелери, медициналык буюмдарды маркировкалоого жана таңгактоого талаптар жөнүндө” токтомунун 2-тиркемесине ылайык Тизмеге өзгөртүүлөрдү киргизүүнү ырастоочу документтер; Каттоо досьесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө арыз ыйгарым укуктуу орган бекиткен форма боюнча арыз ээси тарабынан берилет. Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2016-жылдын 12-февралындагы №46 чечими менен бекитилген Медициналык буюмдардын коопсуздугун, сапатын жана натыйжалуулугун каттоо жана экспертизалоо эрежелеринин 7-тиркемесине ылайык; - ЕАЭБ алкагында документтер Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2016-жылдын 12-февралындагы № 46 чечими менен бекитилген Медициналык буюмдардын коопсуздугун, сапатын жана натыйжалуулугун каттоо жана экспертизалоо эрежелеринин 8-тиркемесине ылайык берилет. |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Кызмат көрсөтүү монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган кызмат көрсөтүүнүн наркынын прейскурантына ылайык акы төлөмө негизинде көрсөтүлөт. Кызмат көрсөтүүнүн наркы жөнүндө маалымат Департаменттин www.pharm.kg сайтында, маалымат тактачасында жайгаштырылат, ошондой эле керектөөчүнүн суроо-талабы боюнча жеке кабыл алуу учурунда, жазуу жүзүндө суроо-талабы боюнча телефон аркылуу берилет |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - колдонуучу үчүн актуалдуулугу; - көрсөтүлгөн кызматтын стандартында баяндалган кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөтүнө ылайык ишенимдүүлүк жана өз убагында;
- стандартта көрсөтүлгөн кызматтарды алуу үчүн документтердин гана болушу жана арыз ээсинен талап кылынышы; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин тууралыгы жана сылыктыгы; - кызматкерлерге керектүү документтерди толтурууга көмөк көрсөтүү жана кызмат көрсөтүүнүн бүткүл жол-жобосу боюнча кеңеш берүү |
15 | Кызмат көрсөтүүнү электрондук форматта көрсөтүү | Кызмат электрондук форматта электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу арызды кабыл алуу, маалымат алмашуу жана жыйынтыктын даярдыгы жөнүндө билдирүү стадиясында көрсөтүлөт. Электрондук форматта бул кызмат Кыргыз Республикасынын жана/же Евразия экономикалык бирлигинин дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык дары каражатына жана медициналык буюмга каттоо күбөлүгүн берүүгө арыз берүү бөлүгүндө көрсөтүлөт: - каттоо күбөлүгүнүн даярдыгы жөнүндө арыз берүүчүгө электрондук түрдө кабарлоо каралат |
4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу үчүн негиз | Дары препаратын каттоо досьесине өзгөртүүлөрдү киргизүүдөн баш тартуу үчүн негиз болуп төмөнкүлөр саналат: - арыз берүүчү тарабынан жалган маалыматтарды берүү; Медициналык буюмдарды каттоо досьесине өзгөртүүлөрдү киргизүүдөн баш тартууга негиз болуп төмөнкүлөр саналат: - өндүрүүчү же анын ыйгарым укуктуу өкүлү ыйгарым укуктуу органдын талабы боюнча каттоо досьесинин туура келишин камсыз кылуу үчүн жетишпеген документтерди жана/же маалыматтарды бербесе; - өзгөртүүлөрдү киргизүүнү негиздеген маалыматтардын так эместиги; - киргизилген өзгөртүүлөргө байланыштуу медициналык буюмдун функционалдык дайындалышынын жана (же) иштөө принцибинин өзгөрбөстүгүн тастыктаган маалыматтардын жоктугу; - аныкталган бузууларды жок кылбоо жана (же) жетишпеген документтерди бербөө; - каттоо досьесине киргизилген өзгөртүүлөрдүн экспертизасы үчүн арыз берүүчү тарабынан төлөм төлөнбөсө. Ыйгарым укуктуу органдын ЕАЭБдин алкагында медициналык буюмдун каттоо досьесине өзгөртүүлөрдү киргизүүдөн баш тартуусунун негиздери болуп төмөнкүлөр саналат: - өзгөртүүлөрдү киргизүүнү негиздеген маалыматтардын так эместиги; - киргизилген өзгөртүүлөргө байланыштуу медициналык буюмдардын функционалдык дайындалышынын жана (же) таасир берүү принцибинин өзгөрбөстүгүн тастыктаган маалыматтардын жоктугу; - аныкталган бузууларды жок кылбоо жана (же) жетишпеген документтерди бербөө |
17 | Даттануу тартиби | Дары каражатын же медициналык буюмду каттоо күбөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте, баш тартуу жөнүндө билдирүү алынгандан кийин 30 жумушчу күндүн ичинде даттанылышы мүмкүн. Даттануу төмөнкүлөрдү камтууга тийиш: - өндүрүүчүнүн же каттоо күбөлүгүнүн ээсинин аталышы; - дары каражатынын жана медициналык буюмдун аталышы; - өндүрүүчүнүн же каттоо күбөлүгүнүн ээсинин атынан даттануу берген адамдын фамилиясы, аты, атасынын аты, анын кызматы жана юридикалык жактын жайгашкан жери; - даттануунун предмети; - даттанууга тиркелген документтердин тизмеси; - даттануу берилген күнү, айы жана жылы; - юридикалык жактын атынан даттануу берген адамдын колу, юридикалык жактын мөөрү. Даттануу баш тартуу жөнүндө чечимдин мыйзамдуулугуна ылайык каралат. Даттанууну кароонун натыйжалары боюнча даттанууну канааттандыруу же баш тартуу жөнүндө чечимди өзгөртүүсүз калтыруу жөнүндө чечим, ал Кыргыз Республикасынын жана/же Евразия экономикалык бирлигинин дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык кабыл алынган деген негиздеме менен чыгарылат. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты бузулган учурларда керектөөчүлөр түздөн-түз же өз өкүлдөрү аркылуу кызматкерлердин аракетине (аракетсиздигине) саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жазуу жүзүндө даттанууга укуктуу. Кабыл алынган чечим менен макул болбогон учурда, кызмат көрсөтүүнү алуучу Кыргыз Республикасынын административдик ишмердүүлүк жана административдик жол-жоболор чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык ага даттанууга укуктуу. |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес каралат. |
|
|
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2025-жылдын 12-майындагы № 478 буйругуна 3-тиркеме |
5-глава. Изилдөө, талдоо, баалоо жана экспертиза кызмат көрсөтүүлөрү | ||
1. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Юридикалык жана жеке жактардын өтүнмөлөрү жана келишимдери боюнча дары-дармек каражаттарынын жана медициналык буюмдардын сапаты боюнча лабораториялык сыноолорду жүргүзүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн Бирдиктүү реестринин 5-главасынын 61-пункту |
2 | Кызмат көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жаатында мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарган мамлекеттик борбордук орган (мындан ары - саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган); Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаменти (мындан ары - Департамент) |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр | Дары каражаттарды жана медициналык буюмдарды өндүрүүчүлөр (чет элдик жана ата мекендик), юридикалык жана жеке жактар. |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: - “Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө”; -“Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө”. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдору: -2023-жылдын 7-мартындагы №136 “Медициналык колдонуу үчүн дары каражаттарын каттоо, каттоону ырастоо жана каттоо досьесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”;
-2023-жылдын 27-августундагы №513 “Медициналык буюмдарды каттоого, коопсуздугуна, сапатына жана натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүүнүн айрым маселелери, медициналык буюмдарды маркалоого жана таңгактоого талаптар жөнүндө”; - 2024-жылдын 19-сентябрындагы № 575 “Дары каражаттарынын сапатына баалоо жүргүзүүнүн жана дары каражаттарынын сапатына баалоо жүргүзүүдөн бошотуунун Тартибин бекитүү жөнүндө”; - 2024-жылдын 17-октябрындагы № 626 “Медициналык буюмдардын сапатына жана коопсуздугуна баалоо жүргүзүүнүн тартибин бекитүү тууралуу”. Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин Чечими: -2016-жылдын 3-ноябрындагы № 78 “Дары каражаттарын медициналык колдонуу үчүн каттоо жана экспертизалоо эрежелери жөнүндө”; -2016-жылдын 12-февралындагы № 46 “Медициналык буюмдардын коопсуздугун, сапатын жана натыйжалуулугун каттоо жана экспертизадан өткөрүү эрежелери жөнүндө”. |
5 | Көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Сыноолордун протоколу. |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Департамент кызмат көрсөтүүнү “Бирдиктүү терезе” принциби боюнча жүргүзөт. Имараттарда керектөөчүлөргө күтүү үчүн зарыл болгон шарттар түзүлгөн: гардероб, отуруу үчүн орундар, телефон, даараткана, жуунган бөлмөлөр. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, тыл эмгекчилери, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет. Керектөөчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүлүүчү жерде кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүлөрүнө телефон аркылуу же Департаментте адистер тарабынан алдын ала консультация берилүүсү мүмкүн. |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү 30 календардык күндөн ашык эмес (арыз ээсинин суроо-талаптарга жооп берүүгө кеткен убактысын кошпогондо) жана төмөнкү этаптарды камтыйт: - лабораториялык сыноолорду жүргүзүүгө арызды жана документтерди (кагаз) жана/же электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы (portal.tunduk.kg) аркылуу арыз берүү; - арызды анализдөө; - келишим түзүү; - дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын үлгүлөрүн кабыл алуу; - төлөм үчүн эсепти көрсөтүү; - арыз ээси тарабынан берилген дары каражаттарынын/медициналык буюмдардын үлгүлөрүнүн сапатына лабораториялык сыноолорду жүргүзүү; - сыноолордун протокулун түзүү; - арыз ээсине сыноолордун протоколун берүү (кагаз) жана/же электрондук кызматтардын мамлекеттик порталы (portal.tunduk.kg) аркылуу; Маалыматтар мамлекеттик жана/же расмий тилдерде берилет |
2. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - төмөнкү дарек боюнча Департаменттен: 720044, Бишкек ш., 3-Линия көч., 25, байланыш телефондору: 21-92-71, 21-93-01; иштөө убактысы: дүйшөмбү-жума 8.30дан 17.30га чейин, түшкү тыныгуу: 12.00дон 13.00кө чейин, эс алуу күндөрү - ишемби, жекшемби. - Департаменттин расмий сайтында www.dlsmi.kg Керектөөчүлөр үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө төмөнкүдөй түрдө маалымат берилет: - жазуу жүзүндө; - ооз эки түрдө (телефон аркылуу, адис менен жеке байланышууда). Арыздын үлгүлөрү жана кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматтар Департаменттин маалыматтык такталарында жана Департаменттин расмий сайтында жайгашкан. Каттоо күбөлүгүнүн даярдыгы жөнүндө арыз ээсине электрондук түрдө кабарланганы каралган. |
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары (бардык мүмкүн болгон ыкмаларды сүрөттөп же тизмелеп берүү) | Маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - Департаменттин расмий сайтында: www.dlsmi.kg; - Департаменттин маалыматтык тактасынан; - жазуу жүзүндө билдирүү аркылуу (жазуу жүзүндөгү суроо-талапка жооп); - оозеки түрдө: жеке кайрылуу, телефон аркылуу, номери Департаменттин www.dlsmi.kg сайтында жайгашкан; -басылмалар аркылуу; Электрондук кызматтардын мамлекеттик порталы аркылуу: portal.tunduk.kg; Маалымат мамлекеттик жана/же расмий тилдерде берилет. |
3. Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Арыз ээлери менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейдждери) болот. Келүүчүлөр менен баарлашууда кызматкерлер этиканын төмөнкүдөй негизги принциптерин сакташат: сылык, ак ниет, сыпайы, чыдамдуу, принциптүү болуу, коюлган маселенин маңызын тереңинен түшүнүүгө умтулуу, маектешкен адамын уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынуучу чечимдерди аргументтөө Бардык кызматкерлер кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, этикалык ченемдердин сакталышын, жарандарга карата кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоочу көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылган кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек. |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Департамент өз ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке маалыматтарды коргоонун жалпы таанылган стандарттарын сактоого милдеттенет. Купуялуулуктун принциптерин сактоо мыйзамдуу талаптарды, өкмөттүн талаптарын, улуттук коопсуздукту же коомдук кызыкчылыкты канааттандыруу үчүн зарыл болгон деңгээлде чектелиши мүмкүн. |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн керектөөчү төмөнкүлөрдү берет: - дары каражаттарынын/медициналык буюмдардын сапаты боюнча лабораториялык сыноо жүргүзүүгө жазуу түрүндө же электрондук түрдө арыз; - дары каражатынын сапаты боюнча ченемдик документ, медициналык буюмдун техникалык жана эксплуатациялык документтери (жумушчу чиймелер, таблицалар жана схемалар, техникалык ченемдик документтер); - дары каражаттарына/медициналык буюмдарга үч жолкудан кем эмес лабораториялык сыноолорду жүргүзүү үчүн зарыл болгон сандагы дары каражаттарынын/медициналык буюмдардын үлгүлөрү; - дары каражаттарына/медициналык буюмдарга үч жолкудан кем эмес лабораториялык сыноолорду жүргүзүү үчүн зарыл болгон сандагы стандарттык үлгүлөрдүн жана спецификалык реактивдердин үлгүлөрү (зарыл болгон учурда); - арыз ээси тарабынан иштелип чыккан медициналык буюмду сыноо программасы; - медициналык буюм дал келген стандарттардын тизмеси, ошондой эле ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык аттестацияланган (валидацияланган) жана бекитилген сыноо методдорунун (методикаларынын) тизмеси; - кызмат көрсөтүү үчүн төлөм жүргүзүлгөндүгүн тастыктаган документ. Эгерде документтер чет тилде түзүлсө, аларга мамлекеттик же расмий тилге күбөлөндүрүлгөн котормосу тиркелүүгө тийиш. Кызмат көрсөтүүчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызмат көрсөтүү максатында башка мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан “Түндүк” ведомстволор аралык өз ара таасир системасы аркылуу арыз ээси жөнүндө маалыматтарды алууга укуктуу. Кызмат көрсөтүүнү электрондук форматта алууда электрондук түрдө арыз толтуруу жана кызматты алуу үчүн зарыл болгон документтерди берүү Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу ишке ашырылат. |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Кызмат көрсөтүү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик монополияга каршы саясатты ишке ашыруучу жана монополияга каршы жөнгө салууну жүзөгө ашыруучу мамлекеттик аткаруу бийлигинин органы менен макулдашылган кызмат көрсөтүүлөрдүн прейскурантына ылайык акы төлөнүүчү негизде жүзөгө ашырылат. Кызмат көрсөтүүнүн наркы жөнүндө маалымат Департаменттин www.dlsmi.kg сайтында, маалымат тактасында жайгаштырылган, ошондой эле керектөөчүнүн суроо-талабы боюнча жеке кабыл алуу учурунда, жазуу түрүндөгү кайрылуусу боюнча же телефон аркылуу берилет. Мамлекеттик кызмат көрсөтүү үчүн акы алуунун негизи: 1) Кыргыз Республикасынын Ѳкмөтүнүн 2020-жылдын 30-апрелиндеги № 227 “Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаменти жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому; 2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 “Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү реестрин бекитүү жөнүндө” токтому |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - колдонуучу үчүн актуалдуулугу; - кызмат көрсөтүүнүн стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык тактык жана өз убагында болуусу; - жеткиликтүүлүк жана кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн арыз ээсинен стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайы жана сылыктыгы; - керектүү документтерди толтурууда кызматкерлердин жардамы жана кызмат көрсөтүүнүн бүткүл жол-жобосунун жүрүшүндө консультация берүү. |
15 | Электрондук форматта мамлекеттик кызмат көрсөтүү | Кызмат электрондук форматта электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу арызды кабыл алуу, маалымат алмашуу жана жыйынтыктын даярдыгы жөнүндө билдирүү стадиясында көрсөтүлөт. Эскертүү: кызматка электрондук арыз берүү үчүн арыз ээси portal.tunduk.kg порталында каттоодон өтүшү керек. Онлайн интерактивдүүлүк баскычы – 3 (веб-баракчада электрондук түрдө арызды толтуруу жана аны кагазга чыгарбастан мамлекеттик органдын кароосуна кабыл алуу функциясы бар). |
4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуунун негиздери жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу үчүн төмөнкүлөр негиз болуп саналат: - документтердин толук эмес пакети жана ушул стандарттын 12-пунктунда саналган берилген документтердеги маалыматтардын ишенимсиздиги; - кызмат көрсөтүү үчүн төлөмдөн баш тартуу; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчү менен Департаменттин ортосундагы келишимде каралган шарттар сакталбаган учурда; - арызда колдордун жана мөөрлөрдүн жоктугу. |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат көрсөтүү талаптагыдай эмес көрсөтүлгөн учурда кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүсү кызмат көрсөтүүчү ыйгарым укуктуу органдын жетекчилигине же кызмат көрсөтүүгө жооптуу ыйгарым укуктуу органдын жетекчилигине оозеки же жазуу түрүндө даттанууга укуктуу. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучунун атынан даттануу анын мыйзамдуу өкүлдөрү тарабынан берилиши мүмкүн. Жазуу түрүндөгү даттануу төмөнкүлөрдү камтышы керек: - уюмдун аталышы – кызмат көрсөтүүнү керектөөчү; - кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн атынан даттануу берген адамдын аты-жөнү, анын кызматы жана юридикалык жактын жайгашкан жери; - даттануунун предмети; - даттанууга тиркелген документтердин тизмеси; - даттануу берилген күнү, айы жана жылы; - юридикалык жактын атынан даттануу берген адамдын колу, юридикалык жактын мөөрү. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты бузулган учурларда керектөөчүлөр түздөн-түз же өз өкүлдөрү аркылуу кызматкерлердин аракетине (аракетсиздигине) саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жазуу жүзүндө даттанууга укуктуу. Кабыл алынган чечим менен макул болбогон учурда, кызмат көрсөтүүнү алуучу Кыргыз Республикасынын административдик ишмердүүлүк жана административдик жол-жоболор чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык ага даттанууга укуктуу. |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароо мезгили | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес каралат. |
| Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2025-жылдын 12-майындагы № 478 буйругуна 4-тиркеме |
5-глава. Изилдөө, талдоо, баалоо жана экспертиза кызмат көрсөтүүлөрү | ||
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Медициналык колдонуу үчүн дары каражаттарын өндүрүүчүлөрдүн, медициналык буюмдарды өндүрүүчүлөрдүн жана юридикалык жана жеке жактардын өтүнмөлөрү жана келишимдери боюнча дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды дүң жана чекене сатуу уюмдарынын ишин баалоо - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри, 5-главасынын 62-пункту |
2 | Кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Кыргыз Республикасында жарандардын ден соолугун коргоо жаатында мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү жана башкарууну жүзөгө ашыруучу борбордук мамлекеттик орган (мындан ары - саламаттыкты сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган). Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы дары каражаттары жана медициналык буюмдар Департаменти (мындан ары – Департамент). |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Медицинада колдонуу үчүн дары каражаттарды өндүрүүчүлөр, медициналык буюмдарды өндүрүүчүлөр, дары каражаттарды жана медициналык буюмдарды дүң жана чекене сатуучу уюмдар (арыз ээлери). |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | 1. Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы №13 «Дары каражаттарды жүгүртүү жөнүндө» Мыйзамы. 2. Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 29-декабрындагы №216 «Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө» Мыйзамы. 3. Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 17-июлундагы №139 «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө» Мыйзамы. 4. 2014-жылдын 23-декабрындагы Евразия экономикалык биримдигинин алкагында дары каражаттарын жүгүртүүнүн бирдиктүү принциптери жана эрежелери жөнүндө Макулдашуу. 5. 2014-жылдын 23-декабрындагы Евразия экономикалык биримдигинин алкагында медициналык буюмдарды (медициналык буюмдарды жана медициналык техниканы) жүгүртүүнүн бирдиктүү принциптери жана эрежелери жөнүндө Макулдашуу. 6. Евразия экономикалык кеңешинин 2016-жылдын 3-ноябрындагы №77 «Евразия экономикалык биримдигинин талаптагыдай өндүрүштүк практикасынын Эрежелерин бекитүү тууралуу» Чечими. 7. Евразия экономикалык кеңешинин 2016-жылдын 3-ноябрындагы №78 «Медицинада колдонуу үчүн дары каражаттарын каттоо жана экспертиза жүргүзүү эрежелери жөнүндө» Чечими. 8. Евразия экономикалык кеңешинин 2016–жылдын 3-ноябрындагы №80 «Евразия экономикалык биримдигинин алкагында талаптагыдай дистрибьютордук практиканын Эрежелерин бекитүү тууралуу» Чечими. 9. Евразия экономикалык кеңешинин 2016-жылдын 3-ноябрындагы №83 «Фармацевтикалык инспекция жүргүзүүнүн Эрежелерин бекитүү жөнүндө» Чечими. 10. Евразия экономикалык кеңешинин 2017-жылдын 10-ноябрындагы №106 «Медициналык буюмдардын сапат менеджмент системасын киргизүүгө, колдоого жана аларды колдонуунун потенциалдуу тобокелдигине жараша баалоого карата талаптарды бекитүү тууралуу» Чечими. 11. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-январындагы №28 «Евразия экономикалык биримдигинин талаптагыдай фармацевтикалык практикаларынын Эрежелеринин талаптарына шайкеш келүүсүнө фармацевтикалык инспекцияларды жүргүзүү эрежелерин жөнгө салуучу актыларды бекитүү жөнүндө» токтому. 12. Кыргыз Республикасынын Ѳкмөтүнүн 2020-жылдын 30-апрелиндеги №227 «Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаменти жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому, 9-пункт, 2-пунктча. |
5 | Көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Медициналык колдонуу үчүн дары каражаттарын өндүрүүчүлөр үчүн - фармацевтикалык инспекция жүргүзүү жөнүндө отчет. Дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды дүңүнөн жана чекене сатуучу уюмдар үчүн - фармацевтикалык инспекция жүргүзүү жөнүндө отчет. Медициналык буюмдарды өндүрүүчүлөр үчүн - медициналык буюмдарды өндүрүүгө инспекциялоонун натыйжалары жөнүндө отчет. |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты | Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй шарттарда жүргүзүлөт: - белгиленген санитардык нормаларга жооп берген имаратта; - арыз ээлери имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (дааратканаларга, жуунучу жайларга) тоскоолдуксуз кирүү, анын ичинде ден соолугунун мумкүнчүлүктөрү чектелген адамдар (мындан ары - ДМЧА) үчүн пандустары, кармагычтары (имарат, жайлар) менен жабдылган; - жандуу кезек күтүү принцибинде. Имаратта күтүү жайлар, санитардык-гигиеналык жайлар каралган, жылуулук, суу түтүгү, телефон менен камсыздалган. Жеңилдик берилген категориядагы жарандар (ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленишет, эгер алар арыз кабыл алуучу жайга көтөрүлө албаса, кызматкер арызды кабыл алуу үчүн ылдый түшүп келет. Арыз ээлеринин ыңгайлуулугу үчүн кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмелери жана арыздардын үлгүлөрү кызмат көрсөтүлүүчү жерде жайгаштырылат. |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Мамлекеттик кызматты көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү: - медициналык колдонуу үчүн дары каражаттарын өндүрүүчүлөр үчүн – 120 жумушчу күндөн ашык эмес; - медициналык буюмдарды өндүрүүчүлөр үчүн – 90 жумушчу күндөн ашык эмес; дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды дүң жана чекене сатуучу уюмдар үчүн – 60 жумушчу күндөн ашык эмес. Арызды кабыл алуу жана берилген документтерге экспертиза (арызды толтуруунун тууралыгына жана комплекттүүлүнө (маалыматтын толуктугу дана аныктыгы)) жүргүзүү: – медициналык колдонуу үчүн дары каражаттарын өндүрүүчүлөр үчүн – 10 саат (ар бир кошумча өндүрүш линиясы үчүн, өндүрүштүк процесс жүргөн аймак үчүн – 1 саат); - медициналык буюмдарды өндүрүүчүлөр үчүн – 10,5 саат; дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды дүң жана чекене сатуучу уюмдар үчүн – 5,75 саат. Кызматтын жыйынтыгын берүү: - медициналык колдонуу үчүн дары каражаттарын өндүрүүчүлөр үчүн – 2,5 саат; - медициналык буюмдарды өндүрүүчүлөр үчүн – 3,5 саат; - дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды дүң жана чекене сатуучу уюмдар үчүн – 2,5 саат. |
2. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат жөнүндө маалыматты алууга болот: - Департаменттен төмөнкү дарек боюнча: 720044, Бишкек ш., 3-я Линия көч., 25, байланышуу телефону +996 (312) 21-92-85. Иштөө убактысы: дүйшөмбү-жума саат 8-30 дан 17-30 га чейин, түшкү тыныгуу саат 12-00 дөн 13-00 гө чейин, дем алыш күндөрү - ишемби, жекшемби. - Департаменттин расмий сайтынан: www.dlsmi.kg; - Департаменттин маалыматтык стенддеринен; - жазуу жүзүндө; - оозеки түрдө (адис менен жеке байланышта, телефон аркылуу). Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет. |
9 | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары (бардык мүмкүн болгон ыкмаларды мүнөздөө же санап кетүү) | Көрсөтүүлүүчү кызмат жөнүндө маалыматты таратуу төмөнкүлөр аркылуу жүзөгө ашырылышы мүмкүн: - Департаменттин расмий сайты: www.dlsmi.kg; - Департаменттин маалыматтык стенддери; - жазуу жүзүндө билдирүү; - оозеки түрдө (жеке кайрылуу, телефон аркылуу). Департаменттин дареги, телефон номерлери, электрондук дареги жана иштөө убактысы Департаменттин расмий сайтында (www.dlsmi.kg) жайгаштырылган. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет. |
3. Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Арыз ээлери менен иштеген бардык кызматкерлерде аты-жөнүн жана ээлеген кызмат ордун көрсөтүүчү персоналдаштырылган такталары (бейджиктери) болот. Арыз ээлери менен баарлашууда кызматкерлер этиканын төмөнкүдөй негизги принциптерин сакташат: сылыктык, кичипейилдик, компетенттүүлүк, сабырдуулук, принципиалдуу болуу, маселенин маңызын терең түшүнүүгө умтулуу, маектешинин пикирин угуп анын позициясын түшүнө билүү, ошондой эле кабыл алып жаткан чечимдерди аргументтөө. Бардык кызматкерлер кызматтык нускамаларды (функционалдык милдеттерди) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга, этикалык нормалардын сакталышын, жарандарга карата көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылууга, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоого жол бербеген кесиптик жана этикалык ченемдерди сактоого тийиш. |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Арыз ээси жана ага көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн. Баалоо жүргүзүп жаткан кызматкерлер арыз ээси жөнүндө маалыматтын купуялуулугун сактоо үчүн жооптуу. Арыз ээсинин документтери менен иштөөнүн алдында кызматкер кызыкчылыктардын кагылышуусу жоктугу жана маалыматтын купуялуулугун сактоо жөнүндө Декларацияга кол коёт. |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Төмөнкү документтер берилет: · Медициналык колдонуу үчүн дары каражаттарын өндүрүүчүлөрдүн ишин баалоодо: Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан өндүрүүчү-уюм (резидент) үчүн: - дары каражаттарын өндүрүү боюнча ишти жүзөгө ашырууга лицензиянын көчүрмөсүн камтыган өндүрүш аянтынын досъесинин (мастер-файлынын) көчүрмөсү (эгерде бар болсо); - өндүрүштүк аянтта өндүрүлгөн (өндүрүүгө пландаштырылган) дары каражаттарынын тизмеси. Өндүрүүчү-уюм (нерезидент) үчүн: - өндүрүштүк аянттын досьесинин (мастер-файлдын) көчүрмөсү; - тиешелүү түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү, же өндүрүш аянты жайгашкан аймагында үчүнчү өлкөнүн ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген дары каражаттарын өндүрүүгө жарактуу уруксаттын (лицензиянын) электрондук көчүрмөсү же инспекциялануучу субъект жайгашкан үчүнчү өлкөнүн тиешелүү реестринен көчүрмөсү; - аймагында дары каражаттары өндүрүлгөн өлкөнүн ыйгарым укуктуу органы (уюму) тарабынан берилген документтин тиешелүү түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү, ал өндүрүш (өндүрүштүк аянтча) өндүрүлгөн өлкөдө колдонулуучу тийиштүү өндүрүштүк аймактын эрежелеринин талаптарына ылайыктуулугу жөнүндө (эгерде бар болсо) же инспекциялануучу объект жайгашкан аймактагы өлкөнүн тиешелүү реестрден электрондук көчүрмө же мазмундуу көчүрмө; - өндүрүштүк аянтта өндүрүлгөн (өндүрүүгө пландаштырылган) дары каражаттарынын тизмеси. ·Медициналык буюмдарын өндүрүүчүлөрдүн ишин баалоодо : - сапат боюнча нускаманын көчүрмөсү же сапат менеджмент системасына туура келген (окшош) документ. ·Дары каражаттарын жана медициналык буюмдарын дүң жана чекене сатуучу уюмдарынын ишин баалоодо: - ишти жүзөгө ашырууга лицензиянын көчүрмөсү (бар болсо); - сапат боюнча колдонмонун көчүрмөсү. Эгерде документ чет тилде түзүлгөн болсо, аларга мамлекеттик же расмий тилдеги котормосу тиркелет. |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат акы төлөө негизинде жүргүзүлөт. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн баасы монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча саламаттыкты сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен бекитилген баа Прейскурантында көрсөтүлөт. Мамлекеттик кызматтын баа Прейскуранты Департаменттин маалымат стендине жана расмий сайтына (www.dlsmi.kg) жайгаштырылат. Мамлекеттик кызмат көрсөтүү үчүн акы алуунун негизи: 1) Кыргыз Республикасынын Ѳкмөтүнүн 2020-жылдын 30-апрелиндеги № 227 “Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаменти жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому; 2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 “Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү реестрин бекитүү жөнүндө” токтому |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - ушул стандартта көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүүлүк жана өз убагында аткаруу; - кызмат алган адамдардын жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этникалык таандыгы, дини, теги, мүлктүк же башка абалы боюнча басмырлоого жол бербөө; - арыз ээлеринен кызматты алуу үчүн ушул стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу, жеткиликтүүлүгү; - ушул стандартта белгиленген кызматты көрсөтүү шарттарынын сакталышы: имаратка кирүү мүмкүнчүлүгү, санитардык-гигиеналык жайлардын болушу, арыз ээлери үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык камсыздоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү (басма жана электрондук форматта); - кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин тактыгы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн бардык процедурасынын жүрүшүндө кеңеш берүү; - акыркы натыйжанын (алынган кызматтын) керектөөчүнүн күтүүлөрүнө ылайык келиши; - жеткиликтүү жерде арыз ээлеринин арызданууларынын жана сунуштарынын китебинин болушу; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоо. |
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Кызмат электрондук форматта көрсөтүлбөйт. Кыргыз Республикасынын жана Евразия экономикалык бирлигинин ченемдик укуктук актыларында каралган учурларда медицинада колдонуу үчүн дары каражаттарды/медициналык буюмдарды өндүрүүчүлөрдүн ишин баалоо электрондук форматта дистанциялык өз ара аракеттешүү куралдарын колдонуу менен мамлекеттик кызмат көрсөтүлүшү мүмкүн. |
4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу үчүн негиз болуп төмөнкүлөр саналат: - ушул стандарттын 12-пунктунда саналган документтердин толук эмес топтому, ошондой эле арызда жана (же) берилген документтерде камтылган маалыматтардын толук жана (же) ишенимдүү эместиги; - инспекция процедурасын жүргүзүүгө мүмкүн эмес кылган арыз ээсинин инспекциялоо жүргүзүүнүн шарттарын камсыз кылуу милдеттерин аткарбагандыгы; - инспекцияны жүргүзүү үчүн чыгымдар белгиленген мөөнөттө төлөнбөгөн учурда. |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат талаптагыдай эмес көрсөтүлгөн учурда кызматты керектечүү Департаменттин жетекчилигине же саламаттыкты сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндө арыздануу менен кайрылууга укуктуу. Мамлекеттик кызматты алуучунун атынан арыздануу анын мыйзамдуу өкүлдөрү тарабынан берилиши мүмкүн. Жазуу жүзүндөгү арыздануу төмөнкүлөрдү камтууга тийиш: - уюмдун - кызматты керектөөчүнүн аталышы; - кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн атынан арыздануу берген адамдын аты-жөнү, анын кызматы жана юридикалык жактын жайгашкан жери; - арыздануу маңызы; - арызданууга тиркелген документтердин тизмеси; - арыздануу берилген күнү, айы жана жылы; - юридикалык жактын атынан арыздануу берген адамдын колу, юридикалык жактын мөөрү. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты бузулган учурларда керектөөчүлөр түздөн-түз же өз өкүлдөрү аркылуу кызматкерлердин аракетине (аракетсиздигине) саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жазуу жүзүндө даттанууга укуктуу. Кабыл алынган чечим менен макул болбогон учурда, кызмат көрсөтүүнү алуучу Кыргыз Республикасынын административдик ишмердүүлүк жана административдик жол-жоболор чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык ага даттанууга укуктуу. |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес каралат. |