КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кадамжай шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз X сессиясы
2025-жылдын 14-апрели № 39
Кадамжай шаардык мэриясынын 2025-жылдын 7-апрелиндеги 01-07-806 номери менен чыгышталган “Райондук өнүктүрүү фондунан шаардын аймагындагы социалдык объектилерди өнүктүрүү максатында 2 пайыздуу кредит алууга макулдук берүү жөнүндө” кайрылуусу
Кадамжай шаардык мэриясынын 2025-жылдын 7-апрелиндеги кайрылуусун жана шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун карап, талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 17-пунктуна ылайык, Кадамжай шардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Райондук өнүктүрүү фондунан каржылануучу социалдык объектерге 2 пайыздуу кредит алууга макулдук берилсин.
- Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри А.Мурзажановко милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
- Кеңештин жооптуу катчысы ушул токтомду каттап, кеңештин сайтына жарыялап жана мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберсин.
Тѳрага: | К.Дастиров |