ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Орозбеков айылдык кеңешинин кезексиз жетинчи сессиясы
2025-жылдын 29-майы № 27
Орозбеков айылынын Кара-Кечүү участкасынан жер аянтын трансформациялоо жөнүндө.
Күн тартибиндеги маселени карап чыгып жана талкуулап, айыл өкмөттүн жер адиси Б. Мажитовдун баяндамасын угуп, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 10-, 17-беренелерине, ” Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамынын 11-беренесине Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренесинин 15-пунктуна негизе Орозбеков айылдык кенештин сессиясы токтом кылат:
- Орозбеков айылынын Кара-Кечүү участкасынын №711 контурундагы 0,50 га жер аянтын жайыт жерлер багытынан өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер багытына которууга макулдук берилсин.
- Которулган жер аянты муниципалдык менчикке катталып, “Кондитердик цех” куруу максатында пайдаланылсын.
- Тиешелүү иш кагаздарын даярдап, токтомдун аткарылышын камсыздоо айыл өкмөткө тапшырылсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысына жана айылдык кеңештин жер жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К.Каримов |