Редакцияот 29.05.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Орозбеков айылдык кеңешинин кезексиз жетинчи сессиясы

 

2025-жылдын 29-майы № 28

 Учкун айылынан  жер аянтын трансформациялоо жөнүндө.

    Күн тартибиндеги маселени карап чыгып жана талкуулап,  айыл өкмөттүн жер адиси    Б. Мажитовдун баяндамасын угуп, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 10-, 17-беренелерине, Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамынын 11-беренесине Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренесинин 15-пунктуна негизе Орозбеков айылдык кенештин сессиясы токтом кылат: 

  1. Учкун айылынан 1  га жер аянтын жайыт жерлер  багытынан айыл чарба  багытындагы жерлер категориясына  которууга макулдук берилсин.
  2.  Которулган жер аянты муниципалдык менчикке катталып, тамчылатып сугаруу жолу менен эксперименталдык бак аянтчасын уюштуруу  максатында пайдаланылсын.
  3. Тиешелүү  иш кагаздарын даярдап, токтомдун аткарылышын камсыздоо айыл өкмөткө тапшырылсын.
  4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысына  жана айылдык кеңештин жер жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

Төрага

К.Каримов