Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 17-июну № 345
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 259 "Кыргыз автомобилдик ташуучуларга чет өлкөлүк уруксаттарды жана көп тараптуу уруксаттарды берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Транспорт чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын ишин өркүндөтүү, кыргыз автоташуучуларга чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттардын бланктарын бөлүштүрүүдө жана берүүдө ачык-айкындуулукту жана контролду камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 259 "Кыргыз автомобилдик ташуучуларга чет өлкөлүк уруксаттарды жана көп тараптуу уруксаттарды берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз автомобилдик ташуучуларга чет өлкөлүк уруксаттарды жана көп тараптуу уруксаттарды берүү тартибинде:
- 2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- ыйгарым укуктуу орган - жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү эл аралык автомобилдик ташууларга чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттардын бланктарын берүүнү жана Кыргыз Республикасынын транспорттук мыйзамдарынын сакталышын мамлекеттик контролдоону жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган.";
- 3-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- жүк ташуучу автомобилдер, уруксат берилген максималдуу массасы чиркегичти кошкондо 6 тоннадан ашык;";
- 8-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- 12-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12. Кыргыз ташуучуларынын керектөөсүн канааттандырган алмашуу квотасы бар чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттар, алар алынгандан кийин чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттарга жылдык жалпы керектөөнүн жыйынды маалыматтарына ылайык кыргыз ташуучулардын арасында бөлүштүрүлүүгө тийиш.
Кыргыз ташуучулардын керектөөсүн канааттандырбаган чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттарды бөлүштүрүү ушул Тартиптин 23-пунктуна ылайык маалыматтык система тарабынан автоматтык режимде жүзөгө ашырылат.
Бөлүштүрүлүүчү чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттардын түрлөрү ташуучулардын өкүлчүлүктүү органдары менен бирге акыркы отчеттук жылдагы уруксаттардын бланктарынын түрлөрүнө болгон керектөөнү талдоону эске алуу менен ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат.";
- 14-пунктта:
экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Резервдеги бланктар ташуучуларга төмөнкүлөр үчүн берилет:";
- төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттардын бланктарынын резервинен бланктар отчеттук жылдын төртүнчү кварталында жалпы негизде берилүүгө тийиш.";
- 16-пунктта:
алтынчы абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
тогузунчу, онунчу абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Пайдаланылган же пайдаланылбаган бланктар жөнүндө отчет чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттын бланкы берилген күндөн тартып алты айлык мөөнөттө берилбеген учурда ыйгарым укуктуу орган кыргыз ташуучуга карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык чараларды көрөт. Ошондой эле ыйгарым укуктуу орган бул ташуучуга чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттын бланктарынын бардык түрлөрүн алты айлык мөөнөткө берүүнү токтото туруу жөнүндө чечимди кабыл алат.
Ташуучу пайдаланылган же пайдаланылбаган чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттарды кайтарып берүү жөнүндө талапты мөөнөтүнөн мурда жойгондо ыйгарым укуктуу орган бул ташуучуга карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык чараларды колдонуу менен чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттардын бланктарынын бардык түрлөрүн берүүнү кайра баштайт.";
- 23-пунктта:
сегизинчи, тогузунчу абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Kui - i-ташуучунун уруксаттар бланктарын пайдалануу коэффициенти, мурда отчеттук жылдын алдында толук көлөмдө (100%) пайдаланганда Kui = 1, толук эмес көлөмдө пайдаланганда Kui тиешелүү позицияларга төмөндөйт;
Kwei - i-ташуучунун эл аралык жүктөрдү ташуудагы иш стажынын коэффициенти, 3 жылга чейин - Kwei = 0,1; 3-5 жыл - Kwei = 0,6; 6-8 жыл - Kwei = 0,9; 9 жана андан ашык - Kwei = 1,0;";
он төртүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын:
- 26-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"26. Чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттардын бланктарын берүүгө арыз-милдеттенмелер ыйгарым укуктуу органдын борбордук аппараты жана анын аймактык бөлүмдөрү тарабынан ыйгарым укуктуу органдын маалыматтык системасындагы кыргыз ташуучунун жеке кабинети аркылуу электрондук түрдө кабыл алынат.";
- 28-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"28. Өтүүгө уруксат алуу үчүн кайрылууда арыз ээси транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген формага ылайык арыз-милдеттенмени берет.
Арыз-милдеттенмеде милдеттүү түрдө автотранспорт каражатынын каттоо номери, бланктын номери жана лицензиянын жарактуулук мөөнөтү, ошондой эле лицензиялардын электрондук реестринен лицензиянын бар экендиги жана анын укуктук статусу жөнүндө маалыматты алуу үчүн салык төлөөчүнүн идентификациялык номери (ИСН) көрсөтүлөт;
- чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттын бланкын бергендиги үчүн мамлекеттик алымды төлөгөндүгү жөнүндө квитанция уруксат берүү жөнүндө чечим ырасталгандан кийин электрондук формада берилет.";
- 31, 32-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"31. Кыргыз ташуучуга чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксат берүүдө бланкка уруксаттардын бланктарынын реестриндеги ташуучунун аталышы жана реквизиттери жөнүндө маалыматты камтыган QR-код жазылат.
Берилген уруксаттын бланкына мөөр, штамп жана уруксатты берген ыйгарым укуктуу органдын адамынын колу коюлат.
Берилген уруксаттардын бланктары ушул ташуучуга катталат, мында ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамы берилген уруксаттардын реестрине ташуучуга берилген уруксаттардын номерлерин киргизет. Бул уруксаттардын бланктары башка юридикалык жана жеке жактарга берилбейт.
32. Ташуучу тарабынан пайдаланылбаган чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттардын бланктары кайтарылууга тийиш (ыйгарым укуктуу орган берген күндөн тартып 4 айдын ичинде кайтарылат), мында уруксаттын төлөнгөн наркы кайтарылбайт.
Ташуучу тарабынан пайдаланылбаган кайтарылып берилген чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттардын бланктары кайтадан башка ташуучуларга берилиши мүмкүн, мында маалымат системасындагы ташуучу жөнүндө QR-коддо камтылган маалыматтарга өзгөртүүлөр киргизилет.
Ташуучу тарабынан алынган чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттар 4 айдын ичинде пайдаланылбаган жана өз убагында кайтарылбаган учурда ыйгарым укуктуу орган кыргыз ташуучуга карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык чараларды көрөт.";
- 34-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"34. Ыйгарым укуктуу орган тарабынан жоголгон же бузулган уруксаттардын бланктары боюнча тиешелүү маалыматтар ыйгарым укуктуу органдын маалыматтык системасына киргизилет. Отчеттук мезгилдин ичинде ташуучу тарабынан алынган уруксаттардын бланктары жоголгон ар бир учур үчүн, уруксаттардын бланктары жоголгон фактынын форс-мажордук жагдайларын эске алуу менен ташуучуга карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык чаралар колдонулат.
Чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттардын бланктарын пайдаланууну контролдоонун автоматташтырылган системасын киргизүүдө уруксаттардын пайдаланылган бланктарынын статусун өзгөртүү автоматтык режимде жүргүзүлөт.
Ыйгарым укуктуу орган колдонулган чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттар боюнча ыйгарым укуктуу органдын маалыматтык системасына тиешелүү маалыматтарды киргизет.
Чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттардын бланктары жоголгон учурда кыргыз ташуучулары жазуу жүзүндө же электрондук формада (6-тиркеме) жоголгон уруксаттардын бланктары жараксыз экендигин көрсөтүп, жалпыга маалымдоо каражаттарында жоголгондугу жөнүндө кулактандыруулар жайгаштырылгандыгы тууралуу маалыматтарды тиркөө менен чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттардын бланктары жоголгондугу жөнүндө ыйгарым укуктуу органга кабарлайт.
Ыйгарым укуктуу орган бул билдирүүнүн негизинде ташуучуга карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык чараларды колдонуу менен маалыматтык системада жоголгон уруксаттардын бланктарынын статусун өзгөртөт.
Чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттын бланкы жоголгондугу жөнүндө билдирүүнү ыйгарым укуктуу органга берүүнүн мөөнөтү кулактандыруу жалпыга маалымдоо каражаттарында жайгаштырылган күндөн тартып он жумуш күндөн ашпоого тийиш.
Ташуучу тарабынан чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттын бланкына өзгөртүүлөр же оңдоолор киргизилген учурда, документ бузулган деп таанылат жана ташуучуга карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык чараларды колдонуу менен маалыматтык системадан чыгарылууга тийиш.";
- 36-пункт, 40-пункттун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
- 42-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"42. Келип түшкөн документтерди кароону ыйгарым укуктуу орган жүзөгө ашырат.
Ыйгарым укуктуу орган тарабынан чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттарды берүү боюнча функцияларды ишке ашыруунун башталышы болуп арыз берүүчүдөн электрондук түрдө арыз-милдеттенмени алуу эсептелет.
Чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксат бланкын берүү үчүн мамлекеттик алымды төлөө электрондук түрдө QR-коддун же арыз ээсинин жеке кабинетинде төлөө кодунун жардамы менен жүргүзүлөт.";
- 49-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"49. Чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттардын бланктарын берүүдөн негиздүү баш тартуу арыз ээсине маалыматтык системадагы жеке кабинети аркылуу жиберилет.";
- 51, 54-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
- жогоруда аталган Тартипке 2-тиркеме күчүн жоготту деп таанылсын;
- жогорудагы аталган Тартипке 5, 6-тиркемелер ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 20-июнундагы № 45 (3701) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |
|
| Тиркеме |
|
| "Кыргыз автомобилдик ташуучуларга чет өлкөлүк уруксаттарды жана көп тараптуу уруксаттарды берүү тартибине 5-тиркеме |
_______________________________________________________________ (аталышы, арыз ээсинин аты-жөнү)
_______________________________________________________________ (дареги, байланыш телефондору)
20___-ж. ___________ жарым жылдыгында чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттардын пайдаланылган жана пайдаланылбаган бланктары жөнүндө ОТЧЕТ
№ | Мамлекеттин аталышы | Уруксаттын түрү | У/б номери | У/б статусу |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Жетекчи | ____________________________________ | _______________________ |
| (аты-жөнү) | (колу) |
М.О. |
|
|
Дата 20___-ж. "___" __________ |
|
|
|
| Кыргыз автомобилдик ташуучуларга чет өлкөлүк уруксаттарды жана көп тараптуу уруксаттарды берүү тартибине 6-тиркеме |
20___-ж. __________ чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттардын жоголгон бланктары жөнүндө АРЫЗ
Төмөнкүлөр тиркелет:
- жалпыга маалымдоо каражаттарында аталган уруксаттардын бланктарынын жоголгондугу жана жараксыз экендиги жөнүндө жарыяларды жайгаштырууну ырастоочу маалыматтар.
Жетекчи | ____________________________________ | _______________________ |
| (аты-жөнү) | (колу) |
М.О. |
|
|
Дата 20___-ж. "___" __________". |
|
|