Загрузка документа…
АК-ТУРПАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
ТОКТОМ
2024-жылы 29-ноябры № 3
Кезектеги III Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйынды жана жергиликтүү коомдоштуктардын жыйындарын өткөрүү жөнүндө
КРнын “Элдик Курултай жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын, КРнын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы №271 “III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгынын, Элдик Курултайдын 2023-жылдын 16-декабрындагы №16 чечими менен бекитилген “Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо жөнүндө” Жобосунун негизинде, Ак-Турпак айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Ак-Турпак айыл аймагында III Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйын 2024-жылдын 7-декабрында саат 10:00дө Жаңы-Жер айылындагы маданият үйүндө өткөрүлсүн.
2. Өкүлчүлүктүү жыйынды жана жергиликтүү коомдоштуктардын жыйындарын уюштуруп өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. III Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйынга катышуучу өкүлдөрдүн саны нормага ылайык (10 001ден 20 000ге чейин) 100 (жүз) өкүл болуп бекитилсин.
4. 2-тиркемеге ылайык:
-жергиликтүү коомдоштуктардын жыйындарын өткөрүү үчүн Ак-Турпак айыл аймагы 15 айылга (аймактык бөлүккө) бөлүнүп;
-айылдарда жергиликтүү коомдоштуктардын жыйындарын өткөрүү графиги;
-айылдык кеңештин депутаттары айылдарда жергиликтүү коомдоштуктардын жыйындарын өткөрүү боюнча жооптуу болуп бекитилсин.
5. Ак-Турпак айыл өкмөтүнө:
- айылдарда жергиликтүү коомдоштуктардын жыйындары өтө турган күн, убакыт жана жайы (орду) жөнүндө массалык маалымат каражаттары, соцтармактар жана башка булактар аркылуу жергиликтүү жашоочуларды кабарлоо;
- өкүлчүлүктүү жыйын өтө турган күн, убакыт жана жайы (орду) жөнүндө делегаттарды шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйынга катышуучу өкүлдөрдү кабардар кылуу;
- жыйындар өтүүчү жайларды аныктап, тиешелүү техникалык жабдыктар менен камсыздоо жагы милдеттендирилсин.
6. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айылдык кеңештин депутаттарына жана айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Маканбаевге жүктөлсүн.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага: | А.Имаров |
Ак-Турпак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
2024-жылдын 29-ноябрындагы кезектеги I сессиясынын
№ 3 токтомуна 1-тиркеме
Ак-Турпак айыл аймагында III Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйынды жана жергиликтүү коомдоштуктардын жыйындарын уюштуруп өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы:
1. Жумушчу топтун башчысы - айылдык кеңештин төрагасы А.Имаров;
2. Жумушчу топтун катчысы - айылдык кеңештин
жооптуу катчысы Н.Насибалиев;
3. Жумушчу топтун мүчөлөрү - айылдык кеңештин депутаттары;
- айыл башчылар;
- Ж.Садиров атындагы аймактык милиция бөлүмүнүн башчысы;
- Жаңы-Жер айылындагы маданият үйүнүн жетекчиси.
Айылдык кеңештин жооптуу катчысы Н.Насибалиев
Ак-Турпак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
2024-жылдын 29-ноябрындагы кезектеги I сессиясынын
№ 3 токтомуна 2-тиркеме
Ак-Турпак айыл аймагынын айылдарында III Элдик Курултай боюнча жергиликтүү коомдоштуктардын жыйындарын өткөрүү графиги жана жооптуулар
№ | Айылдын аталышы | Мөөнөтү | Өткө-рүү убак-тысы | Жыйын өтүүчү жай | Шайла-нуучу өкүл- дөрдүн саны |
Жооптуулар |
1 | Өтүкчү | 04.12.2024 | 10:00 | Өтүкчү айылы | 3 |
Б.Ганыева Г.Садыкова К.Бөкөев
|
2 | Кызыл-Коргон | 04.12.2024 | 14:00 | Кызыл-Коргон о.м | 5 | |
3 | Кара-Тумшук | 04.12.2024 | 16:00 | Кара-Тумшук айылы | 2 | |
4 | Ак-Турпак | 04.12.2024 | 10:00 | Ш.Жээнбаев о.м | 4 |
К.Келдибеков Б.Коргонбаев М.Кенжебаев |
5 | Чон-Кара | 04.12.2024 | 14:00 | Чоң-Кара о.м | 2 | |
6 | Токой | 04.12.2024 | 16:00 | Токой айылы | 2 | |
7 | Калача | 05.12.2024 | 10:00 | Калача айылы | 2 | |
8 | Чогорок | 05.12.2024 | 14:00 | Чогорок айылы | 2 | |
9 |
Жаны-Жер, Сары-Камыш, Дюкер |
04.12.2024 |
10:00 |
Жаны-Жер Маданият үйү |
21
|
К.Арзыбаев Д.Кулуева У.Абдикаримов А.Тешебаева Б.Бурханов А.Урмонов
|
10 |
Мин-Чынар |
04.12.2024 |
10:00 |
А.Төралиев о.м |
20
|
А.Имаров Г.Салиева Г.Джеенбаев М.Жолчуева Б.Сатыбалдиев А.Дыханов
|
11 |
Мин-Чынар-2 |
04.12.2024 |
15:00 |
Мин-Чынар -2 о.м |
5 | |
12 |
Келечек |
04.12.2024 |
10:00 |
Келечек айылы |
3 |
К.Сейитмуратов С.Акматова А.Мамараимов Т.Имаров
|
13 |
Жаш-Тилек |
04.12.2024 |
14:00 |
Жаш-Тилек о.м |
4 | |
14 |
Жетиген |
04.12.2024 |
16:00 |
Жетиген айылы |
6 | |
15 |
Өрүк-Зар |
04.12.2024 |
10:00 |
Өрүк-Зар о.м |
19 | М.Ботобеков С.Ахунова К.Бөкөева А.Бөрүбаев Э.Зайилов |
| Жалпы |
|
|
| 100 |
|
Айылдык кеңештин жооптуу катчысы Н.Насибалиев