Загрузка документа…
АК-ТУРПАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
ТОКТОМ
2024-жылы 29-ноябры № 4
Ак-Турпак айыл аймагындагы Апкан - Өтүкчү авто жолунун 7 (жети) км аралыгын КРнын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин балансына өткөрүп берүү жөнүндө
“Кыргызавтожол - Түштүк” МИнин “№46 Жол тейлөө ишканасы” филиалынын сунушун карап, талкуулап Ак-Турпак айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Ак-Турпак айыл аймагындагы Апкан – Өтүкчү авто жолунун 7 (жети) км аралыгын КРнын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине өткөрүп берүү жөнүндөгү “№46 Жол тейлөө ишканасы” филиалынын сунушу канааттандырылсын.
2. Ушул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Маканбаевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага: | А.Имаров |